КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 28-апрели № 153-б
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 167-б буйругунун редакциясына ылайык)
Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аскаров Замирбек Марипбаевичке принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Убактылуу макулдашуунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 167-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр |
| М. Д.Абылгазиев |