Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 7-майы № 161-б
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жактырылсын.
Премьер-министр |
| М. Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү (мындан ары Тараптар деп аталуучу) өздөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртууну каалашып, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Терминдерди аныктоо
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкү терминдер пайдаланылат:
"дипломатиялык өкүлчүлүктүн жана консулдук мекеменин кызматкери" - 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясы жана 1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясы тарабынан дипломатиялык жана административдик-техникалык персонал же консулдук кызмат адамдары катары таанылган аккредитациялоочу мамлекеттин жарандары;
"үй-бүлө мүчөлөрү" - аялы/күйөөсү же келген өлкөсүндө дипломатиялык өкүлчүлүктүн же консулдук мекеменин кызматкери менен чогуу жашаган же анын багуусунда болгон жыйырма беш жашка чыкпаган үйлөнө элек/турмушка чыга элек балдары болуп саналган аккредитациялоочу мамлекеттин же үчүнчү мамлекеттин жарандары;
"эмгек иши" - окутуучулук ишти жана үй-бүлө мүчөлөрүн кесиптик даярдоону кошкондо ар-кандай өз алдынча же өз алдынча эмес кесиптик иш.
2-берене. Эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксат
Үй-бүлө мүчөлөрүнө өз ара негизде келген мамлекетинде эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксат берилет. Ушул Макулдашууга ылайык эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксаттан көз карандысыз, белгилүү бир кесип боюнча эмгек иши үчүн барган мамлекетинин укуктук ченемдери колдонулат. Үй-бүлө мүчөлөрүнө эмгек ишин жүзөгө ашыруу үчүн Тараптардын мыйзамдарында эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында алардын мамлекетинин аймагына келген чет өлкөнүн жарандарына белгиленген келүүгө уруксат талап кылынбайт.
Өзгөчө учурларда үй-бүлө мүчөлөрүнө дипломатиялык өкүлчүлүктүн же консулдук мекеменин кызматкеринин милдети токтотулгандан кийин, келген мамлекетинде болуусуна же эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксатсыз, тийиштүү мөөнөт ичинде эмгек ишин убактылуу улантууга уруксат берилет.
3-берене. Жол-жоболор
Аккредиттеген мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгү үй-бүлө мүчөсүнүн атынан келген мамлекеттин Тышкы иштер министрлигине вербалдык нота менен эмгек ишин жүргүзүү үчүн уруксат берүүгө арыз жиберет. Арызда арыз берүүчүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктүн же консулдук мекеменин мүчөсү менен үй-бүлөлүк мамилеси жана ал жүзөгө ашырууну пландап жаткан эмгек ишинин түрү жөнүндө маалымат камтылышы зарыл. Тийиштүү адам, ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келгендиги аныкталгандан кийин, келген мамлекетинин компетенттүү органдары арызды улуттук мыйзамдарга ылайык карап чыгат жана келген мамлекеттин Тышкы иштер министрлиги вербалдык нота келип түшкөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде дипломатиялык өкүлчүлүккө эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксат берүү жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдайт.
4-берене. Жарандык жана административдик юрисдикциянын иммунитети
Тараптар катышуучу болуп эсептелген, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясына жана башка эл аралык келишимдерге ылайык болгон учурда үй-бүлө мүчөлөрү келген мамлекетинин жарандык жана административдик юрисдикциянын иммунитетин колдонот, бул иммунитет келген өлкөсүндө эмгек ишин жүзөгө ашыруу менен байланышкан аракеттерге же кемчиликтерге жайылтылбайт.
5-берене. Жазык юрисдикциянын иммунитети
Тараптар катышуучулары болуп эсептелген, 1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясына же башка эл аралык келишимдерге ылайык болгон учурда үй-бүлө мүчөлөрү келген мамлекетинин кылмыш-жазык юрисдикциясынын иммунитетин пайдаланат, келген мамлекетинин кылмыш-жазык юрисдикциясынын иммунитети жөнүндө жобо эмгек ишин жүзөгө ашыруу менен байланышкан аракеттерге да жайылтылат. Мында үй-бүлө мүчөлөрү келген мамлекетинде эмгек ишин жүзөгө ашыруу менен байланышкан жазык кылмышын жасаган учурда, аккредиттеген мамлекет мындай үй-бүлө мүчөсүнө карата келген мамлекетинин кылмыш-жазык юрисдикциясынын иммунитетин пайдалануусунан баш тартуу мүмкүнчүлүгүн кылдат карап чыгат.
Эгерде, аккредиттеген мамлекет тийиштүү үй-бүлө мүчөсүнө карата иммунитетти колдонуудан баш тартпаса, анда ал өзүнүн укук коргоо органдарына алардын жазык кылмышы тууралуу кабарлайт.
6-берене. Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу системасы
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн келген өлкөсүндөгү эмгек иши келген мамлекетинин салык салуу жана социалдык камсыздандыруу системасына ылайык аткарылат, эгерде буга Тараптар катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдер тоскоол болбосо.
7-берене. Макулдашуунун күчүнө кириши, колдонулуу мөөнөтү жана денонсациялоо шарты
Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып убактылуу колдонулат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнө Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболордун аткарылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн күндөн тартып күчүнө кирет. Макулдашуунун күчүнө кирген датасы болуп жазуу жүзүндөгү билдирүүнүн келип түшкөн датасы эсептелет.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт.
Тараптардын ар бири, ушул Макулдашуу күчүнө кирген учурдан тартып беш жыл өткөндөн кийин, экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу аны токтотуу боюнча өзүнүн ниети тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүү жибере алат. Мындай учурда, ушул Макулдашуунун колдонулуусу экинчи Тараптан мындай билдирүү келип түшкөн күндөн тартып, алты ай өткөндөн кийин токтотулат.
_____________ шаарында _______- жылы эки нускада, ар бири кыргыз, орус жана немис тилдеринде түзүлдү жана баардык тексттер бирдей күчкө ээ. Кыргыз жана немис тилдериндеги тексттерди чечмелөөдө кайчы пикирлер жаралган учурда орус тилиндеги текст чечүүчү болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү үчүн |