Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 11-майы № 164-б
2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу жөнүндө протоколдун расмий тилде тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен жактырылсын.
Премьер-министр |
| М. Д. Абылгазиев |
Расмий эмес котормо
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган Келишимге өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө
ПРОТОКОЛ
Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттери, мындан ары мүчө-мамлекеттер деп аталып, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө Келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Келишимдин 8-беренесинин 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык союзунун Бирдиктүү бажы тарифтерин колдоно баштаган датадан баштап үч жылдын ичинде" деген сөздөр "2020-жылдын 31-декабрына чейин кошо алганда" деген сөздөр менен алмаштырылып өзгөртүлсүн.
2-берене.
Ушул Протокол убактылуу түрдө 2018-жылдын 12-августан баштап колдонулат жана мүчө-мамлекеттер тарабынан ушул Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарламаны дипломатиялык каналдар аркылуу депозитарий тарабынан алынгандан кийин күчүнө кирет.
Өзүнүн мыйзамынын негизинде эл аралык мыйзамды убактылуу түрдө колдонуу мүмкүндүгүн кыла албаган мүчө-мамлекетке ушул Протокол ошол мүчө-мамлекет тарабынан Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарылган күндөн баштап күчүнө кирет жана 2018-жылдын 12-августтан бери келип чыккан мамилелерге таркалат.
Өзүнүн мыйзамынын негизинде эл аралык мыйзамды убактылуу түрдө колдонуу мүмкүндүгүн кыла албаган мүчө-мамлекетке, ушул Протокол Кыргыз Республикасы тарабынан ошол мүчө-мамлекет тарабынан Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарылган айдын кийинки айынын 1-числосунан баштап колдонулат жана 2018-жылдын 12-августтан бери келип чыккан мамилелерге таркалат.
________________ шаарында 2018-жылдын "___" ____________ орус тилинде бир түп нускада түзүлдү.
Ушул Протоколдун түп нускасы Евразия экономикалык комиссиясында сакталат, ал ушул Протоколдун депозитарийи болуп анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн ар бир мүчө-мамлекетке жиберет.
Армения Республикасынан |
|
|
|
|
|
Беларусь Республикасынан |
|
|
|
|
|
Казакстан Республикасынан |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынан |
|
|
|
|
|
Россия Федерациясынан |
|
|