Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 15-майы № 166-б
1. 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасына жогоруда аталган Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М. Д. Абылгазиев |
Долбоор
2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Тараптар), 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашуунун (мындан ары - Макулдашуу) 22-беренесинин негизинде,
Кыргыз Республикасында транзиттик газ өткөргүчтү куруу жана пайдалануу долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу максатында,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 4-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-берене. Тараптар Ресурстук база болгон шартында Ыйгарым укуктуу уюмга 2022-жылдын декабрь айынын аягына чейин Газ өткөргүчтүн линиялык бөлүгүн курууну аягына чыгарсын жана пайдаланууга берүүгө даярдыкты камсыздасын.".
2. 11-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Авариялардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча шашылыш чараларды көрүү максатында, ошондой эле башка өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда Долбоорлук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы Газ өткөргүч объекттерине керектелген күчтөрдү жана каражаттарды тоскоолсуз алып келүүгө укуктуу, мында керектелген күчтөр жана каражаттар ташып өткөрүлгөн жер участогунун менчик ээсине (пайдалануучуга) келтирилген зыяндын ордун толтурат.
Кыргыз тарабы бул максаттар үчүн Газ өткөргүчкө жанаша жайгашкан жер участоктору аркылуу тоскоолсуз өтүү мүмкүндүгүн камсыз кылат.".
3. 16-беренесинде:
биринчи жана экинчи абзацтарындагы "35 жылдык" деген цифралар жана сөз "41 жылдык" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "35 жылдык" деген цифралар жана сөз "41 жылдык" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
4. 21-беренесиндеги "35 (отуз беш) жыл" деген цифралар жана сөздөр "41 (кырк бир) жыл" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзам актыларына каршы келбеген бөлүгүндө кол коюлган күндөн тартып убактылуу колдонулат
Ушул Протокол Тараптар дипломаттык каналдар боюнча ратификациялоо тууралуу же анын күчүнө кириши үчүн ушул сыяктуу зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган күндөн тартып күчүнө кирет.
____________ шаарында 20__-жылдын "__" ___________ бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү. Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст негиз катары кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү үчүн |