Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 17-майы № 169-б
Түркия Республикасынын Стамбул шаарында 2018-жылдын 18-майында өтүүчү Ислам кызматташтык уюмунун лидерлеринин кезексиз саммитине катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын делегациясы 2018-жылдын 18-20-майында Түркия Республикасына командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| М. Д. Абылгазиев |
Тиркеме
Ислам кызматташтык уюмунун лидерлеринин кезексиз саммитине катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Расмий делегация: | ||
Абылгазиев Мухаммедкалый Дуйшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Жунусов Ибрагим Кожоназарович | - | Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; |
Жумабаев Абдилатиф Кудайкулович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Королдугундагы, Египет Араб Республикасындагы, Түштүк-Африка Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; |
Асымбеков Шамиль Уметович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Омокеев Айбек Талгатбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы. |
Коштоочу адамдар: | ||
Калмуратов Бакыт Турганбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Эсенгул уулу Чынгыз | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сөз-катчысы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; |
Толонов Расул Арапбаевич(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы; |
Кулубаев Жээнбек Молдоканович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин төртүнчү саясий департаментинин директору; |
Карыбаев Мирбек Бакытович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Асанбаев Эльдияр Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жеке оператору; |
Нурбеков Жоомарт Нурбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын протоколдук иш-чаралар бөлүмүнүн референти. |
Күзөт: | ||
Кокоев Бакыт Нурадилович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкери; |
Усупов Эраслан Чукобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкери. |
Эскертүү:
(*) - Түркия Республикасынын Стамбул шаарына 2018-жылдын 17-майынан 20-майына чейин командировкага жиберилет.