Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 31-январы № 37-б
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын аймагында жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасына жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С. Дж.Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Тажикстан Республикасынын аймагында жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартиби жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Тажикстан Республикасынын Өкмөтү мындан ары "Тараптар" деп аталып,
Тараптардын ортосундагы достук мамилелерди андан ары өнүктүрүү, алардын жарандарынын сапарларын укуктук жөнгө салуу максатында,
бир Тараптын жарандарынын экинчи Тараптын аймагында болуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнү каалоо менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Экинчи Тараптын аймагында убактылуу болуучу биринчи Тараптын жарандары келген Тараптын компетенттүү органдарында алтымыш (60) календардык күндүн ичинде катталуу (келген жери боюнча каттоого туруу) милдеттеринен бошотулат.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу болуу мөөнөтү бир Тараптын жараны экинчи Тараптын аймагына кирген датасынан тартып эсептелет, ал мөөнөт келген Тараптын аймагына кирген учурда чек ара кызматы тарабынан жол жүрүү документинде (миграциялык картада) белги менен ырасталат же электрондук эсепке алуу системасына киргизилет.
3. Бир Тараптын жараны экинчи Тараптын аймагында алтымыш (60) календардык күндөн ашык жүргөн учурда аталган жаран келген Тараптын мыйзамдарына ылайык анын компетенттүү органдарында катталууга (келген жери боюнча каттоого турууга) милдеттүү.
2-берене.
1. Төмөнкүлөр ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдар болуп эсептелет:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн атынан - Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Ички иштер министрлиги.
2. Тараптар ыйгарым укуктуу органдардын аталышы жана функциялары өзгөртүлгөн учурда дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине дароо кабарлашат.
3-берене.
Бир Тараптын жарандары экинчи Тараптын аймагына киришет/чыгышат жана эл аралык каттам үчүн ачылган Тараптардын мамлекеттик чек араларындагы өткөрүү пункттары аркылуу транзит менен өтүшөт.
4-берене.
Биринчи тараптын жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына төмөнкүдөй жарактуу жол жүрүү документтери боюнча кирип/чыга алат:
Кыргыз Республикасы үчүн:
1. Дипломатиялык паспорт;
2. Кызматтык паспорт;
3. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык (чет өлкөгө чыгуу) паспорту;
4. 2004-жылдын жана 2017-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту - идентификациялык картасы (ID-картасы);
5. Кыргыз Республикасына кайтуу үчүн күбөлүк (Кыргыз Республикасына гана кайтуу үчүн).
Тажикстан Республикасы үчүн:
1. Дипломатиялык паспорт;
2. Кызматтык паспорт;
3. Маалыматтарды электрондук алып жүрүүчү менен Тажикстан Республикасынын жаранынын жалпы жарандык чет өлкөгө чыгуу паспорту;
4. Тажикстан Республикасынын жаранынын паспорту, анын ичинде 2014-жылдын үлгүсүндөгү;
5. Тажикстан Республикасына кайтуу үчүн күбөлүк (Тажикстан Республикасына гана кайтуу үчүн).
5-берене.
Бир Тараптын жарандары экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында болуу учурунда эл аралык укук менен каралган артыкчылыктар жана иммунитеттер үчүн зыян келтирбестен келген Тараптын мыйзамдарын сактоого милдеттүү.
6-берене.
1. Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу жол жүрүү документтеринин үлгүлөрү менен, ошондой эле ушул Макулдашууга кол коюлгандан тартып отуз (30) күндөн кечиктирбестен, аларды пайдалануунун тартиби жөнүндө маалыматтар менен алмашышат.
2. Тараптар дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирин жаңы жол жүрүү документтери жөнүндө, киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө бул өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин алтымыш (60) күндөн кечиктирбестен маалымдашат.
7-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптардын, алар катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдерден келип чыккан укуктарына жана милдеттерине тиешеси жок.
8-берене.
Тараптардын жазуу жүзүндөгү өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар анын ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу жана ушул Макулдашуунун 10-беренесинин 1-пункту менен белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү өзүнчө протоколдор менен таризделет.
9-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана колдонууда Тараптардын ортосунда келип чыгуучу ар кандай талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер консультациялар жана сүйлөшүү жолу менен чечилет.
10-берене.
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу белгиленбеген мөөнөткө түзүлөт. Ар бир Тарап дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө экинчи Тарапка билдирүү менен ушул Макулдашуунун колдонулушун бир жактуу тартипте токтото алат. Бул учурда ушул Макулдашуу мындай билдирүү алынган күндөн тартып, алты (6) ай өткөндөн кийин өз күчүн токтотот.
3. Ар бир Тарап улуттук коопсуздукту камсыздоо, коомдук тартипти жана калктын ден соолугун сактоо максатында ушул Макулдашуунун колдонулушун толугу менен же жарым-жартылай токтотушу мүмкүн. Кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү башка Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу мындай токтотууга чейин кеминде 72 сааттан кечиктирилбестен жиберилет.
4. Ушул берененин 3-пунктунда аталган себептер боюнча ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуп туруу жөнүндө чечимди кабыл алган Тарап ошол эле тартипте ушул Макулдашуунун колдонулушун кайрадан улантуу жөнүндө экинчи Тарапка билдирет.
____________________ шаарында 201___-жылдын "___"-____________, ар бири кыргыз, тажик жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө Тараптардын ортосунда талаш-тартыштар жана кайчы пикирлер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн | Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн | |
_________________________ | _____________________________ |