Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 10-марты № 66-б
2017-жылдын 14-15-мартында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында өтүүчү кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-сауд комитетинин (мындан ары - Комитет) биринчи жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Комитеттин кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Комитеттин кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2017-жылдын 13-16-мартында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарына командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
2017-жылдын 14-15-мартында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында өтүүчү кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-сауд комитетинин кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Калилов Жамшитбек Калилович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри, Комитеттин кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Абжапаров Тенизбек Жусупбекович | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы; |
Байгончоков Мирланбек Конушбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич | - | Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министринин орун басары; |
Сапаралиев Азис Айнабаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Кубанычбек Алтынай | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Бабалиева Зарина Зоотбековна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти; |
Джеенбекова Надира Бабырбековна(*) | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардам башкармалыгынын начальниги; |
Осоев Эркинбек Арстанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Ислам өнүктүрүү банкынын инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун директору; |
Мамаев Сулайман Шамшиевич | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин мал чарбасын өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги; |
Шаршекеев Марат Дуйшебаевич | - | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Тургунбаева Асель Абдыракмановна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы. |
(*) 2017-жылдын 14-16-мартында Сауд Аравия Королдугуна командировкага жиберилет.