Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 8-январы № 10
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго - кырк кадам" программасынын 2-кадамын - "Мамлекеттик башкаруу системасын реформалоону" ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу жана функциясын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин системасын реформалоо тууралуу сунуштарды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- бир айдын ичинде төмөнкүлөрдү талдоо боюнча ишти жүргүзсүн:
Мамлекеттик функцияларды рационалдуу бөлүштүрүүнү жана ишке ашырууну эске алуу менен Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүнүн жана системасынын оптималдуулугун;
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын чектүү штаттык санын жана башкаруу схемасын;
- жүргүзүлгөн иштин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жана оптималдаштыруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын чектүү штаттык санын 10 пайыздан кем эмес кыскартылышын караштырып киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кошумча чыгымдарын төмөндөтүү максатында ведомстволор аралык комиссиянын тиешелүү мамлекеттик органдардын штаттык санын жана башкаруу түзүмдөрүн оптималдаштыруу боюнча ишин аяктаганга чейин мамлекеттик органдардын бардык түзүмү боюнча бош кызмат орундарына адамдарды алуу боюнча чараларды көрбөө сунушу берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун статс-катчылары:
- он күндүн ичинде төмөнкүлөргө талдоо жүргүзүшсүн:
а) өткөн мезгилдеги ишинин жыйынтыктарын эске алуу менен квалификациялык жана кесиптик талаптарга ылайык келиши боюнча административдик персоналдын (мамлекеттик жана башка кызматчылардын) сапаттык курамына;
б) мамлекеттик жана башка кызматтар боюнча бош кызмат орундарынын болуу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен борбордук, ведомстволук жана аймактык деңгээлдерде мамлекеттик органдын бардык системасы боюнча бош кызмат орундардын болушуна;
в) мамлекеттик органдын чыгымдарын кыскартууга жана башкарууну оптималдаштырууга;
- талдоону аяктагандан кийин бир жуманын ичинде Ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна мамлекеттик органдын чыгымдарын азайтуу жана чектүү штаттык санын кыскартуу, башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу боюнча сунуштар киргизилсин;
- мамлекеттик жарандык кызматчы "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектүү куракка жеткенде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык чектүү куракка жеткен башка кызматкерлердин Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында мамлекеттик жарандык кызматын токтотуу боюнча чараларды көрүү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирге Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында административдик имараттарды жана автотранспорттук каражаттарды кармоого байланыштуу маселелерге мониторинг жана талдоо жүргүзүшсүн, аларды рационалдуу пайдалануу боюнча тиешелүү сунуштарды иштеп чыгышсын.
6. Ведомстволор аралык комиссия алдында турган маселелерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- тиешелүү жумушчу топторду түзүүгө;
- өзүнүн ишине Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди тартууга;
- Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана башка мамлекеттик органдар штаттык санды жана түзүмдү оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик башкарууну реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу маселелерине тийиштүү өткөргөн иш-чараларына талдоо жүргүзүүгө жана маалымат алууга.
7. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери Ведомстволор аралык комиссиянын ишине көмөктөшсүн.
8. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С. Дж.Исаков |
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин системасын реформалоо тууралуу сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү маселелерин координациялоочу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
Момуналиев Н.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Мукамбетов М.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары; |
Шаршеев А.Ө. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин статс-катчысы; |
Кармышаков У.Т. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Дикамбаев А.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору; |
Аалиев А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Шадыбеков К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысы; |
Бакиров Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу иштери жана аймактык башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Исраидов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасынын мониторинг тобунун эксперти; |
Балтагулов Ж.Т. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Третьяков А.В. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Чекиров А.А. | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча). |