Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы
№ 622 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 16-февралы № 103
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын ишин жакшыртууга багытталган натыйжалуу иш-чараларды иштеп чыгуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын ишин жакшыртууга багытталган натыйжалуу иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын ишин жакшыртуу боюнча тиешелүү сунуштарды Иш-чаралар планы менен иштеп чыксын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Жумушчу топко төмөнкүдөй укуктар берилсин:
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун өкүлдөрүн жана көз карандысыз эксперттерди белгиленген тартипте ишке тартуу;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды мамлекеттик органдардан сурап алуу.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка жагынан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматка жүктөлсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын ишин жакшыртууга багытталган натыйжалуу иш-чараларды иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Медеров Алмаз Тилекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Винокурова Ольга Сергеевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Соттук-эксперттик кызматынын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун катчысы. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Султанов Талант Исакович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси; |
Абдыбеков Урмат Насыпбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору; |
Исманов Анвар Кудайбердиевич | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору (макулдашуу боюнча); |
Илиясов Санжар Эркинбекович | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын тергөө жана изин суутпай издөө ишин көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору (макулдашуу боюнча); |
Билибаев Айбек Торобаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратынын кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиянын ишин камсыздоо боюнча башкармалыгынын улук консультанты (макулдашуу боюнча); |
Артыкбаева Нази Адилбековна | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Олжотоев Эльгис Жээнбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү; |
Жалгасынов Мирлан Жанышбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү; |
Абыласанов Максатбек Дамирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын улук эксперти; |
Бальджиков Андрей Викторович | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин криминалистика башкармалыгынын криминалисттик эсепке алуу жана изилдөөлөр башкармалыгынын бөлүм башчысы; |
Акунов Эрнист Уркалиевич | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык соттук-медициналык экспертизалар борборунун директорунун орун басары; |
Останина Любовь Викторовна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык соттук-медициналык экспертизалар борборунун соттук-психиатриялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы; |
Барыктабасова Бермет Касымбековна | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин далилдүү медицина боюнча консультанты; |
Турсуналиев Мирлан Бекбазарович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Соттук-эксперттик кызматынын курулуш-техникалык экспертизалар бөлүмүнүн начальниги; |
Чалков Геннадий Иванович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Соттук-эксперттик кызматынын курулуш-техникалык экспертизалар бөлүмүнүн эксперти; |
Шадыбеков Кубат Жумабекович | - | "Көз карандысыз экспертизалар борбору" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору (макулдашуу боюнча); |
Фараджиев Мамед Ахмед оглы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Ганс Гросс атындагы окуу-инновациялык криминалисттик комплексинин башчысы (макулдашуу боюнча). |