Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 6-январы № 4-б
2017-жылдын 11-12-январында Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарында боло турган Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-пакистан комиссиясынын (мындан ары - "Комиссия") кезектеги үчүнчү жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2017-жылдын 9-13-январында Пакистан Ислам Республикасынын Исламабад шаарына командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-пакистан комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Ибраев Сагынбек Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы убактылуу ишенимдүү өкүлү; |
Ташболотов Максат Ташболотович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы; |
Сагымбаев Абдисамат Акимович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин статс-катчысы; |
Мырзаканов Кубан Нуржанович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Кубанычбек Алтынай | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Орозбеков Алымбек Асылбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Тыналиева Бакыт Карыбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрагасынын орун басары; |
Айдаралиев Асылбек Акматбекович | - | Кыргызстан эл аралык университети" окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин камкорчулук кеңешинин төрагасы; |
Джеенбекова Надира Бабырбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардам башкармалыгынын начальниги; |
Тургунбаева Асель Абдыракмановна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын жооптуу катчысы. |