Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 20-январы № 14-б
1963-жылдын 24-апрелинде Вена шаарында кол коюлган Консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясын ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик органдардын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жаранды кармоодо, камоодо, камакка алууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана маалымат берүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 14-б буйругу менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жаранды кармоодо, камоодо, камакка алууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана маалымат берүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жаранды кармоодо, камоодо, камакка алууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана маалымат берүүнүн ушул тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жаранды кармоодо, камоодо, камакка алууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана маалымат берүүнү жүзөгө ашыруудагы жазуу жүзүндөгү билдирмелердин жана өтүнмөлөрдүн жол-жобосун, мөөнөттөрүн, формаларын аныктайт.
2. Тартип Кыргыз Республикасы үчүн белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык келишимдерди колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатууга, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жаранды кармоого, камоого, камакка алууга байланыштуу маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы ыкчам өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга жана ошол чет өлкөлүк жарандарга чет өлкөлүк мамлекеттин Кыргыз Республикасынын аймагында аккредитацияланган консулдук мекемесинин же дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн консулдук кызмат адамдарынын жетүүсүн камсыз кылууга багытталат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жаранды кармоодо, камоодо, камакка алууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана маалымат берүүнүн тартиби
3. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жаранды кармоодо, камоодо жана камакка алууда анын талабы болгон учурда, жасалган укук бузуунун мүнөзүнө жараша, Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жаранды кармоо, камоо жана камакка алуу жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерине каршы келбесе, ички иштер, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдар, бажы кызматы, салык кызматы, чек ара кызматы, жаза аткаруу, улуттук коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү, Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча органдар эки жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине ушул фактылар боюнча жазуу жүзүндөгү билдирмелерди ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жөнөтүүгө тийиш.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Тартиптин 3-пунктунда аталган Кыргыз Республикасынын компетенттүү мамлекеттик органдарынан Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жаранды кармоо, камоо жана камакка алуу тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алгандан кийин, бир жумуш күндүн ичинде аталган маселелер боюнча жазуу жүзүндөгү билдирүүнү Кыргыз Республикасынын аймагында аккредитацияланган чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине тийиштүү дипломатиялык каналдар аркылуу жөнөтөт.
5. Кыргыз Республикасынын сот органдары (макулдашуу боюнча), ички иштер, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдары, бажы кызматы, салык кызматы, чек ара кызматы, жаза аткаруу, улуттук коопсуздук, курчап турган чөйрөнү коргоо, Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча органдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча, Кыргыз Республикасынын аймагында аккредитацияланган чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин кайрылуусуна негизделген жазуу жүзүндөгү өтүнүчүн алган учурда, Кыргыз Республикасынын аймагында аккредитацияланган чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын аймагында кармалган, камалган, камакка алынган чет өлкөлүк жаранга жетүүгө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте көмөк көрсөтүшөт.
3. Корутунду жоболор
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жыл сайын жарым жылда бир жолу Кыргыз Республикасынын сот органдарын, ички иштер, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарды, бажы кызматын, салык кызматын, чек ара кызматын, жаза аткаруу, улуттук коопсуздук, курчап турган чөйрөнү коргоо, Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча органдарын Кыргыз Республикасынын аймагында аккредитацияланган чет мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жаранды кармоо, камоо жана камакка алуу маселелери боюнча байланыштарына жооптуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат адамдары жөнүндө жазуу жүзүндө аты-жөнүн, ээлеген кызматын (телефон, факстын номерин, электрондук почтасынын дарегин) көрсөтүү менен маалымдап турсун.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жаранды кармоодо, камоодо, камакка алууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана маалымат берүү тартибине 1-тиркеме |
Форма
КАБАРЛАМА
________________________________________________________________________
(Кыргыз Республикасынын ички иштер органынын, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органынын, бажы кызматынын, чек ара кызматынын, жаза аткаруу, улуттук коопсуздук органынын, курчап турган чөйрөнү коргоо органынын, Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык коопсуздугун контролдоо жана көзөмөлдөө органынын фирмалык бланкы)
|
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
20__-жылдын "__" _____________ (Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын аталышы көрсөтүлсүн) органы тарабынан (чет мамлекеттин аталышы көрсөтүлсүн) жараны (аты-жөнү, чет мамлекеттик жаранды ырастаган документтин толук реквизити көрсөтүлсүн) кармалды/камалды/камакка алынды.
Кармоо/камоо/камакка алуу үчүн негиз болуп (кармоо/камоо/камакка алуу үчүн негиз болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын беренесинен цитата же толук шилтеме көрсөтүлсүн) каралган укук бузуу эсептелет.
Учурда аталган чет элдик жаран (жайгашкан жери, мекеменин толук дареги көрсөтүлсүн) жайгаштырылган.
Укук бузууну иликтөө (ыйгарым укуктуу кызматкердин аты-жөнү, ээлеген кызматы, мүмкүн болсо байланыш телефондору) жүктөлгөн.
Жетекчинин ээлеген кызмат орду Колу (аты-жөнү жана инициалдары көрсөтүлсүн) |
|
|
Жазуу жүзүндөгү кабарламага жаранды ырастаган документтин көчүрмөсү, сүрөтү тиркелет.
|
| Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жаранды кармоодо, камоодо, камакка алууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана маалымат берүү тартибине 2-тиркеме |
Форма
ӨТҮНМӨ
_________________________________________________________________________
(Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин фирмалык бланкы)
|
| Кыргыз Республикасынын сот органы, ички иштер органы, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органы, бажы кызматы, салык кызматы, чек ара кызматы, жаза аткаруу, улуттук коопсуздук органы, курчап турган чөйрөнү коргоо органы, Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча органы |
20__-жылдын "__" _________ Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине кармалган/камалган/камакка алынган (чет мамлекеттин аталышы, чет өлкөлүк жарандын аты-жөнү көрсөтүлсүн) жаранга кирүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган (Кыргыз Республикасынын аймагында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн же чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин аталышы көрсөтүлсүн) консулдук кызмат адамынан (консулдук кызмат адамынын аты-жөнү, Кыргыз Республикасынын аймагында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктө же чет мамлекеттин консулдук мекемесинде ээлеген кызмат орду, чет өлкөлүк дипломатиялык/кызматтык паспорт болуп эсептелген, чет өлкөлүк жаранды ырастаган документтин толук реквизиттери, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги берген аккредитациялык картасы) кайрылуу/өтүнүч түшкөнүн (Кыргыз Республикасынын аймагында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктүн же чет мамлекеттердин консулдук мекемесинин аталышы көрсөтүлсүн) маалымдайбыз.
Ушуга байланыштуу, (Кыргыз Республикасынын аймагында аккредитацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктүн же чет мамлекеттердин консулдук мекемесинин аталышы көрсөтүлсүн) ушул кайрылуусун/өтүнүчүн карап чыгууну жана кармалган/камалган/камакка алынган чет өлкөлүк жаранга 20__-жылдын "__" ___________ кирүүгө уруксат берүүнү өтүнөбүз.
Кызматы Тышкы иштер министрлиги |
|
|
Колу (аты-жөнү жана инициалдары көрсөтүлсүн) |
|
|