Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 30-декабры № 599-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2017-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктарын Кыргыз Республикасынын төмөнкү маданият жана искусство ишмерлерине ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин 2017-жылдын 22-декабрындагы № 3 чечими жактырылсын:
- Жунушев Каныбекке, акын - "Күн чубак" ырлар жыйнагы үчүн;
- Огобаев Талантка, сүрөтчү - "Космос любви" сүрөтү үчүн;
- Садык Шер-Ниязга, режиссер-коюучу, сценарист - "Курманжан Датка" тарыхый көркөм фильми үчүн;
- Турдубаев Бакытбекке, сценарист - "Курманжан Датка" тарыхый көркөм фильминин сценарийи үчүн;
- Алиев Муратка, оператор - "Курманжан Датка" тарыхый көркөм фильми үчүн;
- Мамбетова Назирага, актриса - "Курманжан Датка" тарыхый көркөм фильминде Курманжан Датканын ролун аткаргандыгы үчүн;
- Абай кызы Элинага, актриса - "Курманжан Датка" тарыхый көркөм фильминде Курманжан Датканын ролун аткаргандыгы үчүн.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 23-январындагы № 39 "Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" токтомуна Кыргыз Республикасынын Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктарын ыйгарууну тартипке келтирүүнү караган өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |