Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 25-майы № 174-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-мартындагы № 87-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен жактырылган 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоорунда:
- 2-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул Протокол Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарышкандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алышкан күндөн тартып күчүнө кирет.
Тараптар Макулдашуунун жоболорун ушул Протоколго кол коюлган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин, ушул Протокол менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен убактылуу колдоно башташат.
2018-жылдын "__" __________ Москва шаарында ар бири кыргыз жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ.".
2. Ушул буйрук 2018-жылдын 25-апрелинен тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |