Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 26-марты № 87-б
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 108-б, 2018-жылдын 25-майындагы № 174-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары А.А.Орозбековго жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С.Дж.Исаков |
Долбоор
2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы № 108-б, 2018-жылдын 25-майындагы № 174-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү Кыргыз-Россия мамилелерин андан ары чыңдоого көмөктөшүп, 2016-жылдын 6-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мунайды жана мунайзаттарын берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) көңүлгө алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашууга төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
5-беренесинде:
- 3-пункту ", эске алуу максатында," деген сөздөрдөн кийин "ушул берененин 4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо Россия Федерациясынын мыйзамында белгиленген убактылуу мезгилдүү бажылык декларациялоону колдонбостон," деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4. Мезгилдүү бажылык убактылуу декларациялоо 2018-жылы Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына мунайзаттарын түтүк өткөргүч транспорту менен ташып чыгарууда 2018-жылдын индикативдүү балансына ылайык колдонулат.
5. Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына иш жүзүндө ташып чыгарылбаган Евразия экономикалык биримдигинин тышкы экономикалык ишинин бирдиктүү Товардык номенклатурасынын 27-тобундагы товарларды Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына ташып чыгаруу максатында товарларга берилген убактылуу бажылык декларациялар 2018-жылдын индикативдүү баланстарына ылайык ушул берененин 4-пунктунда каралган учурларды кошпогондо берилген жок деп эсептелет.".
2-берене.
Бул Протокол Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарышкандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алышкан күндөн тартып күчүнө кирет.
Тараптар Макулдашуунун жоболорун ушул Протоколго кол коюлган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин, ушул Протокол менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен убактылуу колдоно башташат.
2018-жылдын "__" __________ Москва шаарында ар бири кыргыз жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |