Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 21-февралы № 61-б
Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешинин курамын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңеши төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай ишканаларынын "Жеңил өнөр жай" ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
"Стандартсертик" жоопкерчилиги чектелген коомунун продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү сертификаттоо боюнча органдын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
"Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коомунун сапатты контролдоо жана метрология бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
"ДНК-Технологиялар-Манас" лабораториясы жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун Сыноо, сертификаттоо, жана метрология Бишкек борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын автоматташтыруу жана маалыматтык технологиялар институтунун Метрология жана стандартташтыруу бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаардык "Манас" керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо коомунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун жетекчиси.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-майындагы № 213-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | С.Дж.Исаков |