Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-февралындагы № 61-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
БУЙРУК
2015-жылдын 19-майы № 213-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешинин курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-декабрындагы № 604-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо кеңешинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
"Өнөр жай" жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын автотранспорт каражаттарын техникалык кароочу борбор ишканалары ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Стандартсертик" ЖЧКнын сертификациялоо боюнча органдын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Стандартташтыруу жана метрология борборунун алдындагы Бишкектеги Сыноо, сертификациялоо жана метрология боюнча борбордун директору;
"Газпром нефть Азия" ЖЧКнын сертификациялоо, сапат жана метрология башкармалыгынын лабораториясынын начальниги (макулдашуу боюнча);
"ДНК-Технологиялар-Манас" ЖЧКнын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сертификациялоо боюнча органдарды аккредитациялоочу техникалык комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Профмедицина" өкмөттүк эмес уюмдун инфекциялык оорулардын диагностика лабораторияларынын сапатын контролдоочу Республикалык илимий-практикалык борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын метрология жана стандартташтыруу бөлүмүнүн башчысы;
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин стандартташтыруу жана метрология кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча);
"Айкын" республикалык керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча ассоциациянын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун жетекчиси.