Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 26-февралы № 64-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасына жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С.Дж.Исаков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтүнүн ортосундагы Терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Монголия Өкмөтү мындан ары Тараптар деп аталып,
терроризм менен күрөшүү боюнча эл аралык милдеттенмелерди жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын ченемдерин жетекчиликке алып,
Тараптардын мамлекеттеринин аймагында жашаган жарандарды жана адамдарды терроризмден коргоого чакырып,
терроризм менен күрөшүүдөгү кызматташтыктын маанилүүлүгүнө көңүл буруп,
тең укуктуулук, өз ара колдоо жана Тараптардын мамлекеттеринин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин жетекчиликке алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
1. Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын ченемдеринин алкагында Тараптар терроризм менен күрөшүү чөйрөсүндө кызматташат.
2. Террордук актынын даярдалышын же/жана иш жүзүнө ашырылышын болтурбоо максатында Тараптар төмөнкү кылмыштарга карата бирдиктүү аракеттерди көрүшөт:
а) адамды уурдоо жана барымтага алуу;
б) ок атуучу куралдарды, жардыргыч, биологиялык, химиялык же радиоактивдүү заттарды мыйзамсыз сатуу;
в) жасалма документтерди даярдоо жана колдонуу;
г) аба жана суу транспорт каражаттарын куралдуу басып алуу;
д) биологиялык жана химиялык куралдарды жасоо жана сатып алуу, ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды, ядролук, биологиялык же химиялык элементтерди колдонуу, ташуу жана жеткирүү;
е) киберчабуул же маалыматтык терроризм;
ё) экологиялык коркунуч же экологиялык терроризм, адамзатка керектүү суу, аба же башка жаратылыш ресурстарын жок кылуу;
з) террордук ишти уюштурууга атайын катышуу, террордук уюмдарга маалымат, жабдууларды берүү, аларды жаап-жашыруу, каржылоо жана көмөктөшүү;
ж) терроризмге үгүттөө, чакыруу же кызыктыруу, уюмдарды жана адамдарды террордук ишке тартуу же мажбурлоо, же болбосо мындай ишке тартууга же мажбурлоого аракет жасоо;
и) террордук топторду уюштуруу, террордук чабуулдарды даярдоого же уюштурууга адамдарды жалдоо, куралдандыруу, окутуу;
й) террордук мүнөздөгү кылмыштардын башка түрлөрү.
3. Бул Макулдашуу экстрадиция маселелерин, жазык жана жарандык иштер боюнча соттук териштирүү маселелерин козгобойт.
2-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу компетенттүү органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
Монголияда - Монголиянын Террорго каршы ишти координациялоо боюнча кеңеши.
Компетенттүү органдар өздөрүнүн компетенциясынын чегинде түздөн-түз өз ара аракеттенишет.
3-берене.
Эки тараптуу кызматташтыктын алкагында Тараптар:
а) эл аралык терроризм жөнүндө маалымат менен алмашып турушат;
б) Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында пландалып жаткан террордук акт тууралуу болгон маалыматын беришет;
в) террордук топторду табуу жана аларга бөгөт коюу, кылмыштардын аяктаган же аяктоо алдында турган териштирүүсү жана бетин ачуу үчүн зарыл болгон маалымат менен алмашат;
г) Тараптардын бири кайрылган учурда терроризмди алдын-алуу жана күрөшүү боюнча укуктук жана практикалык чараларын көрүшөт. Өлкөнүн улуттук мыйзамдарына каршы келбесе, башка Тарапка оперативдүү иш-чараларга катышууга мүмкүндүк беришет;
д) зарыл болгондо ушул Макулдашуунун алкагында офицерлерди дайындашат жана алмашат;
е) өз ара аракеттенүүнүн негизинде тажрыйба алмашат, адистерди даярдашат жана техникалык көмөк көрсөтүшөт;
ё) тийиштүү изилдөөлөр менен алмашып, Тараптардын мамлекетинин аймагында терроризмге каршы күрөшүү чөйрөсүндө биргелешкен тренингдерди өткөрүшөт;
з) ушул Макулдашууга ылайык башка тийиштүү чараларды көрүшөт;
ж) террордук мүнөздөгү кылмыштарды териштирүүдө өз ара колдоо көрсөтүшөт.
4-берене.
1. Тараптардын бири, эгерде суроо-талапты аткаруу улуттук мыйзамдарды, эл аралык милдеттенмелерди же башка келишимдерди бузууга алып келет деп эсептесе, башка Тараптын суроо-талабын аткаруудан толук же жарым-жартылай баш тартышы мүмкүн, же өзүнүн шарттарын сунуштай алат.
2. Суроо-талап жөнөткөн Тарапка баш тартуунун негиздери жөнүндө жазуу жүзүндө билдирилиши керек.
5-берене.
Тараптар маалымат берүүнүн жана пайдалануунун белгилүү милдеттенмелерин төмөнкү шартта өздөрүнө алышат:
а) Тараптар маалыматты пайдалануу жана ал аркылуу жетишилген жыйынтык тууралуу билдиришет;
б) алуучу Тарап жөнөтүүчү Тараптын шарттарынын негизинде Макулдашууда көрсөтүлгөн максаттарга гана маалыматты пайдаланууга тийиш. Ошондой эле маалымат улуттук коопсуздукка коркунуч келтирбөө үчүн пайдаланылышы керек;
в) маалымат берүүчү Тарап маалыматтын тактыгы, ишенимдүүлүгү жана толуктугу үчүн жооптуу болот. Эгерде берилген маалымат жалган же толук эмес болсо, алуучу Тарап 3 күндүн ичинде тийиштүү органдарга билдирүүсү керек жана маалымат 7 күндүн ичинде жазуу жүзүндө ырасталышы керек;
г) маалыматты берүүгө суроо-талапты тариздеген учурда тийиштүү негиздер көрсөтүлүшү зарыл;
д) маалымат берүүчү жана алуучу Тараптар алынган маалыматты сактоого, ошондой эле санкциясы жок кирүүдөн, өзгөртүүдөн жана ачуудан маалыматты коргоого жооптуу болушат.
6-берене.
Ушул Макулдашууга ылайык маалымат алуучу Тарап жөнөтүүчү Тарапка маалымат берүү тууралуу өтүнүчүн купуя кароого тийиш.
7-берене.
1. Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуу кыргыз, монгол жана орус тилдеринде жүзөгө ашырылат.
2. Ушул Макулдашууга ылайык маалымат берүү жана тийиштүү чараларды көрүү жөнүндө суроо-талапты Тараптардын өкүлдөрү жазуу жүзүндө беришет.
8-берене.
1. Ушул Макулдашуу Тараптардын мындан башка эки жана көп тараптуу макулдашууларынын алкагында ишке ашырылуучу укуктарына жана милдеттенмелерине тоскоол кылбайт.
9-берене.
1. Ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланышкан талаш маселелер компетенттүү органдардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
2. Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Бул Макулдашуу 5 (беш) жылга түзүлөт жана, эгерде Тараптардын бири ушул Макулдашуунун күчүн токтотуу ниети тууралуу экинчи Тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу кезектеги мезгили аяктаганга чейин алты ай мурун жазуу жүзүндө билдирбесе, кийинки беш жылга автоматтык түрдө узартылат.
4. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болгон өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
10-берене.
____________ шаарында _____-жылдын __-____________ ар бири эки нускада кыргыз, монгол жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Монголия Өкмөтү үчүн |