РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-мартындагы № 74-б «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясын түзүү жөнүндө» буйругу

Редакция05.03.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 5-марты № 74-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы "Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо CASA-1000" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюу ыйгарым укуктары берилсин.

 

Премьер-министр

 

С.Дж.Исаков

 

Тиркеме

Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ

Рыскулов Уланбек Дуулатович

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, расмий делегациянын башчысы;

Байгончоков Мирлан Конушбекович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары.

Расмий делегациянын мүчөлөрү:

Нурбаев Абдывахап Мамадрасулович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Орозова Карамат Бабашевна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Турускулов Жыргалбек Күрүчбекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Нышанов Сайдулла Канболотович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);

Сарымсаков Манас Болотович

-

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;

Сазбаков Алмаз Замирбекович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Темирбекова Айнура Кубанычбековна

 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары;

Керималиев Жаныбек Калканович

-

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары;

Оморов Азамат Каныбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;

Ташиев Жапаркул Актаевич

-

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;

Рыспеков Арсен Арзыевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;

Абдыжапаров Аскарбек Самийбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы;

Ташбаев Илияз Азизбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун статс-катчысы;

Алмакунов Азамат Жумабекович

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатты талдоо, пландоо жана координациялоо департаментинин директору;

Сыдыков Бакыт Төлөмүшович

-

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эл аралык кызматташтык башкармалыгынын начальниги;

Муканов Элдияр Табылдиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги;

Жээнбеков Марат Арынбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы;

Умтулов Нурлан Жумалиевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын методология башкармалыгынын начальниги;

Тентимишева Динара Насрединовна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы төлөмдөрү башкармалыгынын тарифтик жөнгө салуу бөлүмүнүн начальниги;

Төкөлдөшов Нурбек Канатбекович

-

"Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);

Түмөнбаев Акылбек Рабаевич

-

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу боюнча аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Раимкулов Рустанбек Имашевич

-

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун долбоорлорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Жумалиев Кайрат Насерович

-

"CASA-1000" долбоорунун координатору (макулдашуу боюнча);

Муктаров Арстанбек Кеңешович

-

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);

Баялиев Майрамбек Эмелбекович

-

"Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо CASA-1000" долбоорунун дизайнын даярдоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча).