Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 2-июлу № 230-б
Дүйнөлүк метеорология уюмуна Кыргыз Республикасынын мүчөлүк акы боюнча карызын жоюу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк метеорология уюмунун ортосундагы Мүчөлүк акы боюнча карызды жоюу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-майындагы № 186-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк метеорология уюмунун ортосундагы Мүчөлүк акы боюнча карызды жоюу жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралуу буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |