Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 2-июлундагы № 230-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 31-майы № 186-б
Дүйнөлүк метеорология уюмуна Кыргыз Республикасынын мүчөлүк акы боюнча карызын жоюу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Дүйнөлүк метеорология уюмунун ортосундагы Мүчөлүк акы боюнча карызды жоюу жөнүндө макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |