Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2018-жылдын 22-майы № 367
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 14-декабрындагы № 594 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктары боюнча координациялык кеңештин курамына төмөнкүлөр киргизилсин:
Омурбекова Алтынай Сейитбековна | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Координациялык кеңештин төрагасы; |
Муратов Абдиманнап Аттокурович | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинин директору; |
Тогонбаев Эсенбек Алтымышевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Жусупбеков Бакытбек Асанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Садыков Эрик Садыкович | - | "Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкерлеринин ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча); |
- Султанбекова Ч.А., Ашимбаева Т.А., Калдыбаев С.К., Халитов М.Г., Акишев К.С., Усенова В.У. Координациялык кеңештин курамынан чыгарылсын.
Премьер-министр | М.Д.Абылгазиев |