Редакцияот 19.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

БУЙРУК

2015-жылдын 19-ноябры ПБ № 324

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 6-февралындагы № 22 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- буйруктун бүткүл тексти боюнча "Конгресс-Холл" жана "Кабыл алуу үйү" имараттарын" деген сөздөр "Кабыл алуу үйү" имаратын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 5-пунктта:

экинчи абзацтагы "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- "Кабыл алуу үйү" имаратын долбоорлоого жана курууга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасын башкы подрядчы катары аныктасын;".

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Ш. Атамбаев