Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 173 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2015-жылдын 6-февралы ПБ № 22
(КР Президентинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы ПБ № 324, 2018-жылдын 19-июнундагы ПБ № 142 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйналыштарына өз учурунда даярдык көрүүнү жана 2016-жылы Кыргыз Республикасында ийгиликтүү өткөрүүнү, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларын жана расмий делегацияларды кабыл алууну камсыз кылуу максатында:
1. (КР Президентинин 2018-жылдын 19-июнундагы ПБ № 142 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Президентинин 2018-жылдын 19-июнундагы ПБ № 142 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Президентинин 2018-жылдын 19-июнундагы ПБ № 142 буйругуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Бишкек - "Манас" аэропорту автожолун реконструкциялоо үчүн зарыл каржылоону бөлүү маселесин иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жана Бишкек шаарынын мэриясы менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесине "Кабыл алуу үйү" имаратын куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү маселесин иштеп чыксын;
- Бишкек - "Манас" аэропорту автожолун реконструкциялоонун долбоордук-сметалык документтерин 2015-жылдын 1-апрелине чейин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте бекитсин;
- "Кабыл алуу үйү" имаратын өз учурунда долбоорлоону, курууну жана эксплуатацияга берүүнү, ошондой эле Бишкек - "Манас" аэропорту автожолун реконструкциялоону камсыз кылуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
- ушул буйруктан келип чыккан башка иш-чараларды ишке ашырсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:
- "Кабыл алуу үйү" имаратын долбоорлоого жана курууга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы" мамлекеттик мекемесин башкы заказ берүүчү катары аныктасын;
- "Кабыл алуу үйү" имаратын долбоорлоого жана курууга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасын башкы подрядчы катары аныктасын;
- уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу, усулдук жана башка жагынан камсыз кылсын.
(КР Президентинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы ПБ № 324 буйругунун редакциясына ылайык)
6. Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги техникалык, архитектуралык-пландаштырылган шарттарды кошо алганда, "Кабыл алуу үйү" имаратын долбоорлоого жана курууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү уруксаттарды берүүнү камсыз кылсын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А. Атамбаев |
Тиркеме
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйналыштарына даярдык көрүү жана 2016-жылы Кыргыз Республикасында өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын экономика министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангындагы уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын мэри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын кол башчысы;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча);
«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча).