Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 481-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2018-жылдын 18-январы № 13-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 10-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмегинде: "Медициналык максатта этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген I бөлүмүндө:

- 1-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:

"31. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Кардиология жана терапия улуттук борборунун алдындагы молекулярдык биология жана медицина илимий-изилдөө институту.";

- 3-главасынын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жалал-Абад облустук клиникалык оруканасы";

- 10-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 15 жана 16-пункттар менен толукталсын:

"15. "Ивамед" жоопкерчилиги чектелген коому;

16. "Кыргыз Коньягы" жоопкерчилиги чектелген коомдун филиалы - "Идеал-Фарм";

- 11-главасынын 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16. "Алэма" жоопкерчилиги чектелген коому";

- 12-главасында:

10-пунктундагы "Эндомед-Универсал" деген сөздөр "Эндомед+" деген сөз менен алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы 16-пункт менен толукталсын:

"16. Жеке ишкер Чолпонкулова";

"Техникалык жана башка максаттарда этил спиртин пайдалануучу субъекттер" деген III бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 77-79-пункттар менен толукталсын:

"77. Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви

78. "Кошой" ачык акционердик коому

79. Борбордук Азия Университети.".

 

Премьер-министр

С.Исаков