Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 28-апрели № 155-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги № 120-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу", "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:";
2) 1-пунктунда:
- экинчи абзацы "мындан ары -" деген сөздөрдөн кийин "жарандык багыт боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, "Пробация жөнүндө", "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - жазык багыты боюнча Иш-чаралардын планы), 2-тиркемеге ылайык.";
3) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мамлекеттик органдар, ошондой эле иш-чаралардын пландарынын башка жооптуу аткаруучулары:
- иш-чаралардын пландарын белгиленген тартипте так аткарууну камсыз кылышсын;
- иш-чаралардын пландарын аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик аткаруу бийлиги органдарынын жетекчилерине жүктөлсүн;
- ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен:
жарандык багыт боюнча Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берип турушсун;
жазык багыты боюнча Иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине берип турушсун;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен иш-чаралардын пландарын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турушсун.";
4) жогоруда аталган буйруктун 1-тиркемесинин "Аткаруу мөөнөтү" графасында:
- 1 жана 5-пункттарындагы "2017-жылдын II кварталы" деген сөздөр "2018-жылдын II кварталы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пунктундагы "2017-жылдын II кварталы" деген сөздөр "2018-жылдын II кварталы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктунун 2-пунктчасындагы "2017-жылдын III кварталы" деген сөздөр "2018-жылдын II кварталы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктунун 3-пунктчасы "2018-жылдын III кварталы" деген сөздөр менен толукталсын;
- 15-пунктундагы "2017-жылдын II кварталы" деген сөздөр "2018-жылдын ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) жогоруда аталган буйруктун 2-тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Тиркеме
"2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, "Пробация жөнүндө", "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
№ | Иш-чаралардын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлгөн жыйынтыктар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булагы |
I. Ченемдик укуктук базаны даярдоо | |||||
1. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | |||||
1 | Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарып салуу түрүндө жазык-укуктук таасир этүү чараларын аткаруунун тартибин караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу (ЖКнын 100-беренесинен жана ЖжКнын 61-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Мыйзамдын долбоорун; жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу | ИИМ, Миграция кызматы, ЖАМК, ТИМ, УКМК, ЭККМК, МЧК, БП (макулдашуу боюнча), СД (макулдашуу боюнча), жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
2 | Өкүмдү аткарууга тоскоол болгон катуу оорулардын тизмесин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорлорун иштеп чыгуу (ЖКнын 91-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, ССМ, ИИМ, УКМК, ЭККМК, МБК, БП (макулдашуу боюнча), жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
3 | Конфискацияланган мүлктү мамлекеттин кирешесине айландыруу же жок кылуу тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖКнын 96-беренесинен, ЖжКнын 60-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын III кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ММБФ, ФМ, ЭМ, ӨКМ, Токой агенттиги, ЭККМК, МСК, Экотехинспекция, Финчалгын, МБК, СД (макулдашуу боюнча), жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
4 | Жосундарды квалификациялоо үчүн мааниге ээ болгон баңги заттардын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун тизмегин, ошондой эле алардын өлчөмүн ЖКга шайкеш келтирүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖКнын 267-беренесинен, ЖжКнын 123-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ССМ, ИИМ, УКМК, ЖАМК, БП (макулдашуу боюнча), жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
5 | Жосундарды квалификациялоо үчүн мааниси бар прекурсорлордун өлчөмдөрүн аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖКнын 269-беренесинен, ЖжК 123-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ССМ, ИИМ, БП (макулдашуу боюнча), жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
6 | Медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды көрүүнүн жана мажбурлап дарылоонун тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖКнын 122-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК (ЖКнын 122-беренесинин 1-б.), ССМ (ЖКнын 122-беренесинин 2-б.), жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
7 | Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын аткаруу үчүн атайын дарылоо мекемелериндеги (психиатриялык стационарлар) адамдарды кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖКнын 117-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, ССМ, ИИМ, УКМК, БП (макулдашуу боюнча), жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
8 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гауптвахталардын иштөө тартиби жөнүндө чечимин иштеп чыгуу (ЖжКнын 50-беренесинен, ЖАКтин 149-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ГШ (макулдашуу боюнча), Коргоо комитети, БП (макулдашуу боюнча), МЧК, ЖАМК | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
2. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорун иштеп чыгуу | |||||
9 | Үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган адамдын аудиокөрмө, электрондук жана башка техникалык каражаттарды пайдалануу тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖПКнын 115-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ИИМ, УКМК, ЭККМК, ЖАМК, БП (макулдашуу боюнча), жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
10 | Суракта, ошондой эле видео байланыш (дистанциялык суракка алуу) режиминде үн- жана видеожазууну колдонуу тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖПКтын 193, 194-беренелеринен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ИИМ, УКМК, ЭККМК, ЖАМК, БП (макулдашуу боюнча), жумушчу топ | Мамлекетиик органдардын каражаттарынын эсебинен |
11 | Тергөө изоляторунда, убактылуу кармоочу жайда видео байланышты (дистанциялык суракка алуу) пайдалануу тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, ИИМ, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
12 | Жабырлануучуга шектүүнүн, айыпталуучунун жана соттолгондун эсебинен материалдык (моралдык) зыяндын ордун толтуруу мүмкүн болбогон учурда, материалдык (моралдык) зыяндын ордун адистештирилген фонддун эсебинен толтуруу тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖПКнын 41-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын III-IV кварталдары | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ИИМ, УКМК, ЭККМК, ЖАМК, МБК, МСК, Финкөзөмөл, ММФБ, ФМ, БП (макулдашуу боюнча), ЖС (макулдашуу боюнча), жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
13 | Тергөө судьясынын институтун ишке ашыруу максатында жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын көбөйтүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу ("ЖК, ЖжК, ЖПК, ЖАК, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" КPM колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Мыйзамдын долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу | СД (макулдашуу боюнча, ЮМ, ЖС (макулдашуу боюнча), ФМ, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
14 | ЖПКнын 31-главасын (атайын тергөө аракеттери) ишке ашырууга багытталган мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ИИМ, УКМК, ЖАМК, БП (макулдашуу боюнча), ЖС (макулдашуу боюнча), жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
15 | Шектүүлөрдү же айыптууларды камакка алууга тоскоолдук кылган оор оорулардын тизмесин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖПКнын 118-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, ССМ, ИИМ, УКМК, ЭККМК, ЖС (макулдашуу боюнча), жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
16 | Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен процесстик чыгымдарды төлөөнүн тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖПКнын 144-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЮМ, ФМ, ИИМ, УКМК, ЭККМК, ЖАМК, ЖС (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча), жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
17 | Буюм далилдерин, анын ичинде алардын айрым категорияларын сактоо, эсепке алуу, өткөрүп берүү, жок кылуу жана кайтарып берүү шарттарын аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖПКнын 89-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ИИМ, УКМК, ЭККМК, МБК, ЖАМК, СД (макулдашуу боюнча) МСЭК, ЭМ, ССМ, БП, (макулдашуу боюнча), жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
18 | Жоруктар жөнүндө иштер боюнча, ички иштер чөйрөсүндө экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча, бажылык иш чөйрөсүндө, жаза аткаруу чөйрөсүндө, улуттук коопсуздук чөйрөсүндө, коргоо чөйрөсүндө, мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндө сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашырган алгачкы тергөө органынын ыйгарым укуктуу адамын аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖПКнын 503-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын III кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ИИМ, ЭККМК, МЖАК, УКМК, ГШ (макулдашуу боюнча), БП (макулдашуу боюнча), МБК | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
19 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри тууралуу жобону бекитүү жөнүндө чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын III кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | БП (макулдашуу боюнча), МТБМК, ИИМ, ЭККМК, ЖАМК, УКМК, МБК, ЖС (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
3. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | |||||
20 | Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн жаза аткаруу органдарына жана мекемелерине келүү жана фото жана видеоаппаратураны пайдалануу тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖАКтын 43-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, ИИМ, УКМК, БП (макулдашуу боюнча), жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
21 | Жазык-аткаруу системасынын мамлекеттик органынын соттолгонго түзөтүү мекемесинин түрүн жана эркиндигинен ажыратуу сыяктуу жазаны өтөөчү ордун аныктоо боюнча атайын комиссиянын курамын жана ишинин тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖАКтын 72-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
22 | Режимдин ар кандай түрлөрү менен обочолонгон участоктор түзүлө турган түзөтүүчү жана тарбиялоочу колониялардын тизмесин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖАКтын 73-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
23 | Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине жөнөтүүнүн тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖАКтын 74-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
24 | Соттолгондорду которуунун тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖАКтын 75-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
25 | Түзөтүү мекемелеринин ички тартибинин эрежелерин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖАКтын 81-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
26 | Кайтаруунун, көзөмөлдөөнүн жана контролдоонун инженердик-техникалык каражаттарынын тизмесин жана аларды колдонуунун тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖАКтын 83-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, МТБМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
27 | Соттолгондор менен узак мөөнөттүү жолугушууга келишкен адамдардын бөлмөдө жашоо тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖАКтын 89-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
28 | Соттолгон аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул төлөөнүн тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖАКтын 98-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, ЭСӨМ, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
29 | Соттолгондордун тамак-аш, материалдык-тиричилик жактан жана керектүү буюмдар менен камсыздоо ченемдерин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖАКтын 99-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, ФМ, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
30 | Жазадан бошотулуп жаткан адамдарды тамак-аш, кийим, бут кийим жана жол кире менен камсыздоонун тартибин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (ЖАКтын 163-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
4. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | |||||
31 | Транспорт каражаттарын туруучу жайга мажбурлап эвакуациялоо, жылдыруу, сактоо жана дөңгөлөктүн блокираторун колдонуу тартибин аныктоого багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (БК 31-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ИИМ, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
32 | Жүгүртүүгө тыюу салынган буюмдарды жана башка нерселерди жок кылуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (БК 30-бер. чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ИИМ, кызыкдар мамлекеттик органдар, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
33 | Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары же фото жана кино тартуу, видео жазуу каражаттары бар автоматтык режимдеги атайын техникалык каражаттар менен жол кыймылынын чөйрөсүндөгү бузууларды белгилөөнүн тартибине карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (БК 299-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ИИМ, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
34 | Далил буюмдарды сактоонун тартибин жана мөөнөтүн аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу (БК 304-беренесинин 5-п. келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ИИМ, ЮМ, кызыкдар мамлекеттик органдар | Мамлекеттик, органдардын каражаттарынын эсебинен |
35 | БК 129-беренесине эскертүүгө ылайык атайын автомашиналардын тизмегин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын III кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ИИМ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
36 | Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 41 жана 311-беренелерин ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын III кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ИИМ, МТБМК, БП (макулдашуу боюнча), БК боюнча жаза колдонууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
5. Пробация институтун ишке ашырууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу ("Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу) | |||||
37 | Пробация департамент жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
38 | Пробацияны колдонуунун жана кардарларды эсепке алуунун тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
39 | Мамлекеттик пробация органдарына кызматкерлерди кызматка алуунун тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
40 | Керектөөгө ылайык штаттык бирдиктерди (сотко чейинки пробация офицерлерин, психологдорду жана социалдык кызматкерлерди) жана мамлекеттик пробация органдарын түзүүгө кошумча финансылык каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
41 | "Пробация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга багытталган Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" № 17 Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Жарлыгынын долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоорун белгиленген тартипте Президенттин Аппаратына киргизүү | ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
42 | "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө", "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) системасынын органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ж.б.) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
43 | "Пробация органдарына волонтерлорду тандап алуунун тартиби жана критерийлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
44 | Социалдык стационардык мекемелерге жайгашуу, туруу жана кетүү эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын III кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЭСӨМ, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
45 | Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын алдындагы пробациялоо кеңештеринин иш тартибин бекитүү жөнүндө жана пробациялоо маселелери боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо методикасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин долбоорлорун даярдоо | 2018-жылдын III кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, ЖӨБ жана этностор агенттиги, ЮМ, ИИМ, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
46 | Кыргыз Республикасынын КЖК, ЖжК, ЖПК, ЖАК, "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу, сотко чейинки пробациялоону этаптуу жайылтуу (пробациялоонун кардарларынын айрым категорияларына карата: жашы жете электерге, аялдарга, ДМЧАларга пробациялык баяндамаларды даярдоо) бөлүгүнө | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү чечимин кабыл алуу | ЖАМК, жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
II. Практикалык иш-чаралар | |||||
1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жоболорун ишке ашыруу | |||||
48 | Тергөө судьясы институтун практикалык иште жайылтуу боюнча даярдык иш-чараларын ишке ашыруу | Жыл ичинде | Тергөө судьяларын жайылтуу боюнча иш-чаралардын планы даярдалган жана бекитилген | ЖС (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
49 | Иш-чаралар планын ишке ашыруу жана тергөө судьясы институтун практикалык иште жайылтуу | 2018-жылдын II кварталы | Тергөө судьясы институту практикалык ишке киргизилди | ЖС (макулдашуу боюнча), УКМК, ЭККМК, ЖАМК, БП (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
50 | Тийиштүү органдарда сурактарды үн жана видео жазуу техникалык каражаттарын колдонуу менен сурак алуу бөлмөлөрүн жабдуу (ЖПКнын 193, 194-беренелеринен келип чыгат) | 2018-жылдын III-IV кварталы | Сурак бөлмөлөрү техникалык каражаттар менен жабдылган | ИИМ, УКМК, ЖАМК, ЭККМК, БП (макулдашуу боюнча), ФМ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын, донорлордон тартылган каражаттардын эсебинен |
51 | Сот жыйынынын жүрүшүн аудио жана видеого тартуу эрежелерин аныктоочу чечимдин долбоорун иштеп чыгуу (аудио, видео протокол) (ЖПКнын 300-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Жогорку соттун тийиштүү чечимин кабыл алуу | СД (макулдашуу боюнча), ЖС (макулдашуу боюнча), жумушчу топ | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
52 | Сот жыйындар залын аудио, видео жабдуулары менен жабдуу (аудио, видео протоколдоштуруу) (ЖПКнын 300-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын III-IV кварталы | Сот жыйындар залы техникалык жабдуулар менен жабдылган | СД (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын, донорлордон тартылган каражаттардын эсебинен |
53 | Типтүү процесстик документтердин үлгүлөрүн иштеп чыгуу | 2018-жылдын II-IV кварталы | Типтүү процесстик документтер иштелип чыккан жана тиешелүү мамлекеттик органдарда бекитилген | ИИМ, кызыкдар болгон мамлекеттик органдар | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын, донорлордон тартылган каражаттардын эсебинен |
54 | Тергөө бөлүмдөрүндө тергөө амалдарынын жүргүзүлүшүн тартуучу техникалык каражаттар менен жабдылышына талдоо жүргүзүү (ЖПКнын 158-беренесинин 3-бөлүгүнөн келип чыгат) | 2018-жылдын IV кварталы | Талдоо жүргүзүлдү | ИИМ, кызыкдар болгон мамлекеттик органдар | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
1.2. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүү боюнча иш-чаралар | |||||
55 | КЖБР үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу, программалык камсыздоонун шайкештигин текшерүү жана кабыл алуу | 2018-жылдын III-IV кварталы | Программалык камсыздоонун шайкештигин текшерүү жана кабыл алуу | БП (макулдашуу боюнча) МТБМК менен биргеликте | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын, донорлордон тартылган каражаттардын эсебинен |
56 | Бардык укук коргоо органдарында жана соттордо техникалык инфраструктуралардын бирдиктүү талаптарын иштеп чыгуу (электрондук-санариптик кол тамга, серверлер, компьютерлер, системанын (имараттын) ички локалдык түйүндөрү, тышкы түйүндөр) | 2018-жылдын II-III кварталы | Бирдиктүү иштелип чыккан талаптардын негизинде системанын субъектисинин ар бир органында тиешелүү инфраструктура түзүлгөн | МТБМК, БП (макулдашуу боюнча), УКМК, Мамкаттоо, ИИМ, ЭККМК, ЖАМК, ЖС (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын, донорлордон тартылган каражаттардын эсебинен |
57 | КЖБРды жайылтуу үчүн техникалык тапшырмаларды, техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгуу жана бекитүү | 2018-жылдын II кварталы | ТТ, ТЭН бекитилген | МТБМК, БП (макулдашуу боюнча), ИИМ, ЭККМК, ЖАМК, УКМК, ЖС (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын, донорлордон тартылган каражаттардын эсебинен |
58 | Техникалык операторду аныктоо: - КЖБР системасын пайдалануу жана техникалык тейлөө боюнча; - КЖБР системасын пайдалануу маселелери боюнча тиешелүү укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлерин окутуу боюнча | 2018-жылдын III кварталы | Техникалык операторду аныктоо жана укук коргоо органдарынын жана соттордун кызматкерлеринин ичинен тренерлерди, ПК иштеп чыгуучуларды даярдоо, алар кийин жер-жерлерде окууларды өткөрүшөт | БП (макулдашуу боюнча), МТБМК, ФМ, тиешелүү органдардын окуу борборлору, кызыкдар болгон мамлекеттик органдар | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
59 | КЖБР системасын апробациялоо жана сыноо | 2018-жылдын IV кварталы | Система апробациядан өттү, ишке киргизүүгө даяр | БП (макулдашуу боюнча), ИИМ, ЭККМК, УКМК, ЖАМК, ЖС (макулдашуу боюнча), МТБМК | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын, донорлордон тартылган каражаттардын эсебинен |
2. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин жоболорун ишке ашыруу | |||||
60 | КЖБР үчүн программалык камсыздоону иштеп чыгуу, программалык камсыздоонун шайкештигин текшерүү жана кабыл алуу | 2018-жылдын III кварталы | Программалык камсыздоонун шайкештигин текшерүү жана кабыл алуу | ИИМ, МТБМК, БП (макулдашуу боюнча), БТК боюнча жаза берүүгө ыйгарым укукка ээ болгон мамлекеттик органдар | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын жана тартылган донорлордун каражаттарынын эсебинен |
61 | Техникалык инфраструктуралардын бирдиктүү талаптарын иштеп чыгуу (электрондук-санариптик кол тамга, серверлер, компьютерлер, системанын (имараттын) ички локалдык түйүндөрү, тышкы түйүндөр) | 2018-жылдын II-III кварталы | Бирдиктүү иштелип чыккан талаптардын негизинде системанын субъектисинин ар бир органында тиешелүү инфраструктура түзүлгөн | МТБМК, ИИМ, БП (макулдашуу боюнча), БТК боюнча жаза берүүгө ыйгарым укукка ээ болгон мамлекеттик органдар | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын жана тартылган донорлордун каражаттарынын эсебинен |
62 | КЖБР киргизүү үчүн техникалык тапшырманы, техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу жана бекитүү | 2018-жылдын II кварталы | ТТ, ТЭН бекитилди | ИИМ, МТБМК, БП (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын жана донорлордун тартылган каражаттарынын эсебинен |
63 | Техникалык операторду аныктоо: - КЖБР системасын эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө боюнча - КЖБР системасын пайдалануу маселеси боюнча укук коргоо органдарынын жана соттордун тийиштүү кызматкерлерин окутуу боюнча | 2018-жылдын III кварталы | Техникалык операторду аныктоо жана тренерлерди даярдоо, алар кийин жер-жерлерде окутушат | ИИМ, МТБМК, ФМ, БжК боюнча айып салууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, тийиштүү органдардын окутуу борборлору | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
64 | КЖБР системасын апробациялоо жана сынактан өткөрүү | 2018-жылдын IV кварталы | Система апробациядан өткөрүлдү, ишке киргизүүгө даяр | ИИМ, БжК боюнча айып салууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар | Мамлекеттик органдардын жана донорлордун тартылган каражаттарынын эсебинен |
65 | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО алдындагы Эреже бузуулар боюнча иштерди кароочу комиссиялар тууралуу жобону иштеп чыгуу жана бекитүү (БжК 313-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II кварталы | Мамлекеттик органдардын эреже бузуулар боюнча иштерди кароого ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин аныктоо боюнча чечимдери | ИИМ, кызыкдар мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
66 | БжК ишке ашыруу процессине тартылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлерин окутуу | 2018-жылдын II-IV кварталы | Окутулган кызматкерлердин саны. Кызматкерлери окуудан өткөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын саны | ИИМ, кызыкдар мамлекеттик органдар | Мамлекеттик органдардын жана донорлордун тартылган каражаттарынын эсебинен |
67 | Эреже бузуулар тууралуу типтүү процесстик документтердин үлгүлөрүн иштеп чыгуу: протоколдор, токтомдор, буйруктар, аныктамалар, жазуу жүзүндөгү эскертүүлөр, айып квитанцияларынын формалары ж.б. (БжК 324-беренесинен келип чыгат) | 2018-жылдын II-IV кварталдары | Типтүү процесстик документтер иштелип чыгып, тийиштүү мамлекеттик органдарда бекитилди | ИИМ, кызыкдар мамлекеттик органдар | Мамлекеттик органдардын жана донорлордун тартылган каражаттарынын эсебинен |
3. Пробациялоо кызматын түзүү боюнча иш-чаралар | |||||
68 | Болгон штаттык сандын ичинен (офицерлер, психологдор, социалдык кызматкерлер) пробациялоо институтун ишке ашыруу боюнча кадрдык курамды түзүү | 2018-жылдын III кварталы | ЖАМК буйругу; кадрдык курам комплектиленген | ЖАМК | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
69 | Пробациялоо департаментин, анын түзүмдүк бөлүктөрүн түзүү | 2018-жылдын III кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими | ЖАМК | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
70 | Пробациялоонун аймактык органдарынын жайгашуучу жерин жана штаттык муктаждыгын аныктоо | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими | ЖАМК | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
71 | Пробациялоо органынын иштөөсү боюнча штаттык курамды жана волонтерлорду окутуу | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими | ЖАМК | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
72 | Пробациянын региондук жана аймактык органдарын материалдык техникалык жактан камсыздоо | 2018-жылдын II кварталы | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими | ЖАМК | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
73 | КЖБР жалпы системасына кошулуу үчүн пробация боюнча электрондук маалыматтар базасын даярдоо | 2018-жылдын III кварталы | КЖБР кошулуу үчүн электрондук маалыматтар базасы | ЖАМК, МТБМК | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
4. Маалыматтык-билим берүү иш-чаралары | |||||
74 | Соттук-укуктук реформа боюнча иштердин жүргүзүлгөнү жөнүндө маалыматтык компанияларды өткөрүү үчүн медиапланды иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Медиаплан жумушчу топко берилген | КТРК (макулдашуу боюнча), ЭЛТР, жумушчу топ, Мамлекеттик басма сөздүн редакциялары | Аталган уюмдардын каражаттарынын эсебинен |
2018-жылдын ичинде | Телекөрсөтүү жана радио боюнча репортаждардын тиешелүү циклдери берилди, маалыматтык басылмаларда бир топ материалдар жарыяланды | ||||
75 | Кабыл алынган кодекстердеги жаңы мыйзамдар боюнча окууларды өткөрүү үчүн ИИМ, ЭККМК, УКМК, ЖАМК, прокуратура, соттордун, жождордун, Адвокатуранын өкүлдөрүнүн ичинен тренерлерди даярдоо | 2018-жылдын II кварталы | 40 тренер даярдалды | Жумушчу топ, улуттук эксперттер (макулдашуу боюнча) | Донорлордун тартылган каражаттарынын эсебинен |
76 | Кылмыштар жөнүндө жаңы мыйзамдарга ылайык окуу жайлардын билим берүү процессине киргизүү багытында кесиптик жогорку билим берүүнүн стандарттарына, окуу программаларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Жаңы билим берүү стандарттары бекитилди. Жаңы окутуу стандарттары бекитилди | БжИМ, жождордун жана факультеттердин жетекчилери | Мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
77 | Укук коргоо, прокуратура, сот органдарынын, жождордун жана Адвокатуранын кызматкерлерин окутууга арналган окуу китептерин иштеп чыгуу | 2018-жылдын II кварталы | Окуу китептери иштелип чыкты | Улуттук эксперттер (макулдашуу боюнча), тиешелүү мамлекеттик органдардын окуу борборлорунун жетекчилери | Донорлордун тартылган каражаттарынын жана мамлекеттик органдардын каражаттарынын эсебинен |
78 | Окутулган тренерлердин жана эксперттердин тийиштүү Мамлекеттик органдардагы практикалык кызматкерлер үчүн кылмыштар жөнүндө мыйзамдардагы жаңылыктар боюнча үйрөтүүчү окууларды өткөрүүсү | 2018-жылдын II-IV кварталы | Окутулган кызматкерлердин саны | Тиешелүү мамлекеттик органдардын окуу борборлорунун директорлору; төмөндөгү органдардын кызматкерлеринин ичинен түзүлгөн тренерлер: ЖС (макулдашуу боюнча), ИИМ,УКМК, ЭККМК, ЖАМК, БП (макулдашуу боюнча), ГШ (макулдашуу боюнча), жождор, Адвокатура (макулдашуу боюнча) | Мамлекеттик органдардын жана тартылган донорлордун каражаттарынын эсебинен |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЖАК | - | Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси |
ЖК | - | Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси |
ЖПК | - | Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси |
Адвокатура | - | Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы |
Жогорку сот | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
Башкы прокуратура | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
УБ | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
СД | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаменти |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги |
ИИМ | - | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
Коргоо комитети | - | Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети |
УКМК | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
МТБМК | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети |
ГШ | - | Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы |
МЧК | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы |
Мамкаттоо | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы |
ЖАМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
ЭККМК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат |
МБК | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
Миграция кызматы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы |
Финчалгын | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы |
Финкөзөмөл | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы |
Курулуш агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги |
ЖӨБ жана этностор агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик |
ММБФ | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд |
КТРК | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы |
ЭЛТР | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" Мамлекеттик телерадиокомпаниясы |
ЖжК | - | Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси |
БжК | - | Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси |
ПК | - | программалык камсыздоо |
ТТ | - | техникалык тапшырма |
ТЭН | - | техникалык-экономикалык негиздеме |