Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 11-августу № 332-б
"Чыгышэлектр" ААКын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясы (мындан ары - расмий делегация) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Расмий делегациянын башчысына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
"Чыгышэлектр" ААКын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий делегациясынын КУРАМЫ
Зилалиев Дуйшенбек Текшербекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, расмий делегациянын башчысы; |
Байгончоков Мирлан Конушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, расмий делегациянын башчысынын орун басары. |
Расмий делегациянын мүчөлөрү: | ||
Сабиров Максат Эсенович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Турускулов Жыргалбек Куручбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); |
Тиллаев Таабалды Гапырович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кайкиев Эмиль Абдыкалыевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары; |
Сазбаков Алмаз Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Сарымсаков Манас Болотович | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары; |
Оморов Азамат Каныбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Ниязалиев Замирбек Узакович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары; |
Айдралиева Расым Шаршекеевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Жумаев Нурлан Кадырович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Абдыжапаров Аскарбек Самийбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы; |
Алиев Бекболот Абдыганыевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Оскомбаев Марат Салмурбекович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестициялар программасы бөлүмүнүн башчысы; |
Джеенбекова Надира Бабырбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардам башкармалыгынын начальниги; |
Абасканов Нурбек Эсенканович | - | "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Сыдыков Бакыт Муканалиевич | - | "Чыгышэлектр" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |