Редакцияот 28.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 28-июлу № 315-б

АИВ-инфекциясы жана кургак учук менен күрөшүү боюнча иш-чараларды координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен СПИД, кургак учук, безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун ортосундагы Алкактык макулдашуунун расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрине жогоруда аталган Алкактык макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков