РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-июлундагы № 315-б «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен СПИД, кургак учук, безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун ортосундагы Алкактык макулдашуунун расмий (расмий эмес котормо) долбоорун жактыруу жөнүндө» буйругу

Редакция28.07.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2017-жылдын 28-июлу № 315-б

АИВ-инфекциясы жана кургак учук менен күрөшүү боюнча иш-чараларды координациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен СПИД, кургак учук, безгек менен күрөшүү боюнча Глобалдык фонддун ортосундагы Алкактык макулдашуунун расмий тилде тиркелген (расмий эмес котормо) долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрине жогоруда аталган Алкактык макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков