КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 27-июлу № 310-б
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине дем берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. 2016-жылдагы иштердин жыйынтыктары боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын чечими тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшыруу үчүн 6000000 (алты миллион) сом бөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшыруу аземин уюштурсун.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
2016-жылдагы иштердин жыйынтыктары боюнча "Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо жөнүндө жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын ЧЕЧИМИ
"Эң мыкты айыл өкмөтү" наамына өткөрүлгөн жалпы мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрү болуп төмөнкүлөр аныкталсын жана сыйлансын:
биринчи топтун арасынан:
- I орун 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен - Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтү;
- II орун 1000000 (бир миллион) сом байге фонду менен - Баткен облусунун Баткен районунун Дара айыл өкмөтү;
- III орун 500000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтү;
экинчи топтун арасынан:
- I орун 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом байге фонду менен - Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтү;
- II орун 1000000 (бир миллион) сом байге фонду менен - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл өкмөтү;
- III орун 500000 (беш жүз миң) сом байге фонду менен - Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айыл өкмөтү.