Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 25-июлу № 308-б
2017-жылдын 27-28-июлунда Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Үрүмчү шаарында өткөрүлүүчү Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын алдындагы "Кыргызстан - СУАР КЭР" координациялык тобунун (мындан ары - Координациялык топ) тогузунчу жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Координациялык топтун кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Координациялык топтун кыргыз бөлүгү 2017-жылдын 26-30-июлунда Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарына командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын алдындагы "Кыргызстан - СУАР КЭР" координациялык тобунун тогузунчу жыйынына катышуучу кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Сазбаков Алмаз Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, Координациялык топтун кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Чодуев Эркинбек Ураимович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Рыскулов Улан Дуулатович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Акышев Курманбек Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору; |
Салибаев Тилек Тынычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Жумалиев Зайнидин Калидинович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин региондор аралык башкармалыгынын жетекчиси; |
Орусбаев Искендер Абдыкадырович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биринчи саясий департаментинин директорунун орун басары; |
Джеенбекова Надира Бабырбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардам башкармалыгынын начальниги, Координациялык топтун катчысы. |