Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 24-июлу № 304-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 20-апрелиндеги № 81 "Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, иш-чараларды өз убагында даярдоо, улуттук жана эл аралык жогорку деңгээлде ийгиликтүү өткөрүү максатында:
1. Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруучулук, методикалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жүктөлсүн.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Ч.Т.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кызматы боюнча:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри. уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Экономика министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;
Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын алдындагы "Мурас" тарыхый жана маданий мурастар фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Жекече:
Момбеков Рыскелди Чыныбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Акназарова Роза Корчубековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс депутаты (макулдашуу боюнча);
Дуйшеев Шайлообек - Кыргыз Республикасынын эл акыны (макулдашуу боюнча);
Акматалиев Абдылдажан Амантурович - академик, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Жакиев Бексултан - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург, жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган "Кыргыз Республикасынын Баатыры" (макулдашуу боюнча);
Рыскулов Акбар Рыскулович - Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Айтматова Роза Торекуловна - Ч.Т.Айтматовдун карындашы (макулдашуу боюнча);
Айтматов Аскар Чынгызович - Ч.Т.Айтматовдун уулу (макулдашуу боюнча);
Айтматов Эльдар Чынгызович - Ч.Т.Айтматовдун уулу (макулдашуу боюнча);
Кулмендеев Таалайбек Акжолтоевич - Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
Исмантаев Сейдеакпар Исакович - "Чынгыз-Ордо" коомдук бирикмесинин директору.