Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 30-июну № 268-б
2017-жылдын 4-5-июлунда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында болуучу Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз - санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын (мындан ары - Комиссия) кезектеги тогузунчу жыйынынын ишине катышуу үчүн:
1. Комиссиянын кыргыз бөлүгү тиркемеге ылайык курамда бекитилсин.
2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн мүчөлөрү 2017-жылдын 3-6-июлунда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына командировкага жиберилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз - санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн КУРАМЫ
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри, Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасы; |
Урмат уулу Мират | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Толонов Бактыяр Эрмекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун директору; |
Омурзакова Назгуль Акималиевна | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы; |
Сарбагышева Гульмира Эсенгуловна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Асылбекова Мээрим Уметбековна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин тышкы байланыштар жана донордук жардам башкармалыгынын жетектөөчү адиси, Комиссиянын катчысы. |