Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 12-июну № 224-б
2017-жылдын 22-23-июнунда Россия Федерациясынын Москва шаарында өтүүчү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 74-жыйынына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Панкратов Олег Михайловичке Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 74-жыйынына катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Панкратов Олег Михайлович(*) | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, делегация башчысы; |
Асанкожоева Зина Мукаевна | - | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Урмат уулу Мират(**) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти. |
Эскертүү:
(*) - Москва шаарына 2017-жылдын 22-24-июнунда командировкага жиберилет;
(**) - Москва шаарына 2017-жылдын 21-24-июнунда эксперттик кеңешмеге катышуу үчүн командировкага жиберилет.