Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 24-майы № 178-б
Россия Федерациясы, Татарстан Республикасы, Казань шаарында 2017-жылдын 25-27-майында өтүүчү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылары кеңешинин кезектеги жыйындарына катышуу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Россия Федерациясы, Татарстан Республикасы, Казань шаарында 2017-жылдын 25-27-майында өтүүчү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылары кеңешинин кезектеги жыйындарына катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Раcмий делегация: | ||
Жээнбеков Сооронбай Шарипович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, делегациянын башчысы; |
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри; |
Омуралиев Кубанычбек Касымович | - | Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Отунбаев Болот Исакович | - | Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси; |
Шаршембиев Бакыт Нурджанович | - | Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы; |
Уметалиев Санжар Болотбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлү; |
Ахметова Нурсулу Меирбековна | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Кемелова Динара Амантуровна | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Чуйков Николай Алексеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Сазбаков Алмаз Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Асанкожоева Зина Мукаевна | - | Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү. |
Коштоочу адамдар: | ||
Толтоев Эрнис Мукашбекович | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы; |
Чодуев Эркинбек Урайымович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Мырзаканов Кубан Нуржанович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары; |
Эсенгул уулу Чынгыз | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин басма сөз катчысы; |
Назарбаев Таалай Чолпонбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн протокол секторунун башчысы; |
Толонов Расул Арапбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн протокол секторунун эксперти; |
Ахматова Индира Булатбековна | - | Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигиндеги өкүлүнүн катчылыгынын эксперти; |
Урмат уулу Мират | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн эксперти; |
Султанбаев Эрбол Абдыкадырович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн эксперти; |
Бийбосунов Руслан Мелсович | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык бирикмелер департаментинин директору; |
Айльчиев Сабыр Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн референти; |
Бабаев Алтынхан Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн референти; |
Кошонов Рустам Анарбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол департаментинин визиттер бөлүмүнүн башчысы; |
Насиров Эдуард Кашкаевич | - | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин эл аралык-укук департаментинин кеңешчиси; |
Байтурсунов Далер Алишерович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын протоколдук иш-чаралар бөлүмүнүн референти. |
Басма сөз: | ||
Мамекова Диана Кубанычбековна | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын кабарчысы (макулдашуу боюнча); |
Асанбаев Эльдияр Замирбекович | - | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын оператору (макулдашуу боюнча); |
Дуйшобаева Анара Тариеловна | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын кабарчысы; |
Ормонов Кайнар Жаныбекович | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын оператору. |
Күзөт: | ||
Алиев Кубанычбек Джанышбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкери; |
Эсенов Бейшенбек Таабалдиевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкери; |
Дуйшенбиев Алманбет Узбекович(*) | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкери. |
Эскертүү:
(*) - 2017-жылдын 25-27-майында Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын Казань шаарына командировкага жиберилет.