Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 29-марты № 92-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтү,
2014-жылдын 11-ноябрындагы Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы Достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө келишимдин жоболорунун негизинде,
эки элдин ортосундагы салттуу Достук мамилени бекемдөөгө умтулуп,
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык, эки мамлекеттин бакубат турмушуна жана коопсуздугуна көмөк көрсөтөөрүн таануу менен,
өзгөчө кырдаалдардын эки мамлекет үчүн коркунучтуулугун түшүнүп,
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында илимий-техникалык маалыматтар менен алмашып туруунун өз ара кызыкчылыктарын эске алып,
өзгөчө кырдаалдар кокустан чыгып кетээрин эске алып, Тараптардын биринин күчү жана каражаттары менен кесепеттерин жоюуга мүмкүн болбосо жана андан улам өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана жоюу максатында эки мамлекеттин координацияланган иш-аракеттеринин зарылдыгын көңүлгө алып,
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн натыйжалуу, практикалык чараларды иштеп чыгууда жана кабыл алууда мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн зарылдыгына ишенип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Ушул Макулдашууда колдонулуучу аныктамалар жана терминдер
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
өзгөчө кырдаал - белгилүү аймактарда болуп өткөн коркунучтуу табигый же техногендик кубулуштан, авариядан, кыйроодон, табигый же башка кырсыктан, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында адамдардын курман болушуна дуушарланткан же дуушарлантуучу, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зыян келтирген же келтириши мүмкүн болгон, чоң материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон абал;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу - өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучун максимум азайтууга, өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда адамдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоого, келтирилген зыяндын өлчөмүн азайтууга багытталган иш-чаралардын комплекси;
авариялык-куткаруу иштери - өзгөчө кырдаалдар зонасында адамдарды куткаруу жана ден соолугун сактоо, юридикалык жана жеке жактардын мүлкүн коргоо, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу жана ага таандык коркунуч факторлорун басуу же эң төмөнкү деңгээлине жеткирүү боюнча аракеттер;
өзгөчө кырдаалдарды жоюу - өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда өзгөчө кырдаалдарга алып келген факторлордун күчүн локалдаштырууга жана токтотууга жана адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, чыгымдардын өлчөмдөрүн азайтууга багытталган авариялык-куткаруу жана башка шашылыш иштер;
өзгөчө кырдаалдар зонасы - өзгөчө кырдаал түзүлгөн аймак;
жабдуулар - жардам көрсөтүү боюнча материалдар, техникалык каражаттар, медициналык препараттар, жардам көрсөтүү боюнча топтун шаймандары жана жардам көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу жеке жабдыктар;
камсыз кылуу материалдары - өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыркаган калкка акысыз бөлүштүрүү үчүн арналган материалдык каражаттар;
сурануучу Тарап - экинчи Тарапка жардам көрсөтүү топторун, тийиштүү жабдууларын жана камсыздоо материалдарын жиберүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган Тарап;
берүүчү Тарап - экинчи Тараптын жардам көрсөтүү топторун, тийиштүү жабдууларды жана материалдарды жиберүү жөнүндө өтүнүчүн канааттандыруучу Тарап;
компетенттүү орган - ушул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан иштерди жетектөө жана координациялоо үчүн Тараптар жактан дайындалган орган;
жардам көрсөтүү боюнча топ - өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюуга жардам берүү үчүн арналган жана зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалган берүүчү Тараптын уюмдашкан адистер тобу.
2-берене. Компетенттүү органдар
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Тараптар компетенттүү органдарды дайындашат:
Кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Түркмөн тараптан - Түркмөнстандын Коргоо министрлиги.
Компетенттүү органдардын аталышынын өзгөргөнү жөнүндө жана алардын функцияларын башка органдарга өткөрүп берүү тууралуу Тараптар жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлайт.
3-берене. Кызматташтыктын түрлөрү
Ушул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтык төмөнкүлөрдү караштырат:
коркунучтуу техногендик жана экологиялык процесстердин, ошондой эле табигый кубулуштардын мониторингин уюштуруу жана жүргүзүү;
өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана алардын кесепеттерин баалоо;
өзгөчө кырдаалдарга калктын, анын ичинде алгачкы медициналык жардамды көрсөтүү боюнча даяр болушун уюштуруу;
өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча кызыкдар болгон структуралардын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо;
өнөр жайлык авариялардын, кыйроолордун жана табигый кырсыктардын натыйжасында мүмкүн боло турган булгануулар менен байланыштуу курчап турган чөйрө жана калк үчүн болгон коркунучту баалоо;
илимий-изилдөө долбоорлорун биргелешип пландоо, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, илимий-техникалык адабияттар жана илимий изилдөө иштеринин натыйжалары менен алмашуу;
өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, пайда болуусу жана жоюу жөнүндө маалымат менен алмашуу;
мезгил-мезгил менен чыгуучу басылмалар, методикалык жана башка адабияттар, видео жана фотоматериалдар, ошондой эле технологиялар менен алмашуу;
биргелешкен конференцияларды, семинарларды, жумушчу кеңешмелерди, окутууларды жана машыгууларды уюштуруу;
биргелешкен баяндамаларды жана басылмаларды даярдоо;
башка Тараптын мамлекетинин окуу жайларында адистерди даярдоо, стажерлорду, окутуучуларды, окумуштууларды жана адистерди алмашуу;
Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын ортосунда өз ара аракеттерди камсыздоо;
өзгөчө кырдаалдарды жоюуда, анын ичинде техника, мүлк жана шаймандар менен жабдууда өз ара жардамдашуу;
өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды пландоо жана өткөрүү;
Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары менен макулдашылган өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында башка иштер.
4-берене. Уюмдар менен мекемелердин ортосундагы кызматташтык
Тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында иш-аракеттерди ишке ашыруучу мамлекеттик уюмдардын, мекемелердин, юридикалык жана жеке жактардын ортосундагы кызматташтыкты колдошот.
5-берене. Биргелешкен комиссия
Ушул Макулдашууну аткаруу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташтык боюнча Биргелешкен комиссия түзүшөт, анын курамын, функцияларын жана иш тартибин аныктайт.
6-берене. Өкүлдөрдү кабыл алуу шарттары
Тараптар ушул Макулдашууда каралган жана түздөн-түз өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам берүүгө байланышпаган ишке катышуу үчүн жөнөтүлгөн өкүлдөрүнүн Тараптардын мамлекеттеринин аймагында туруу жана орун которууга байланыштуу чыгымдарды, эгерде башкасы Тараптар менен макулдашылбаса, өзүнө алат. Кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү жана кайра чыгуу үчүн өкүлдөрүнүн жол кире чыгымдарын жиберүүчү Тарап өзүнө алат.
7-берене. Жардам көрсөтүү
Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жардам көрсөтүү жөнүндөгү суроону жүзөгө ашыруучу органдар болуп Тараптар эсептелет.
Сурануучу Тарап көрсөткөн өзгөчө кырдаалдын убактысы, орду, мүнөзү, масштабы керектүү жардамдын түрү жана көлөмү жөнүндө көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү суроонун негизинде берилет.
Берүүчү Тарап кыска мөөнөттүн ичинде суроону карап чыгып, сурануучу Тарапка жардам берүү мүмкүнчүлүгү, көлөмү жана шарттары жөнүндө маалымдайт.
Жардам көрсөтүүчү топторду башкаруу ушул топтордун жетекчилери аркылуу сурануучу Тараптын компетенттүү органы аркылуу ишке ашырылат.
8-берене. Жардамдын түрлөрү
Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү жардам көрсөтүүчү топторун, камсыздоо материалдарын багыттоо же суралган башка түрдөгү жолдор аркылуу көрсөтүлөт.
Сурануучу Тарап жардам көрсөтүүчү топторунун жетекчилерин өзгөчө кырдаал зонасында жана конкреттүү иш участогундагы абал жөнүндө маалымдайт, зарыл болгон учурда ушул топторду котормочулар жана байланыш каражаттары менен, ошондой эле күзөт, бекер медициналык тейлөө менен камсыздайт жана алардын аракеттерин координациялайт.
Жардам көрсөтүүчү топтордун жабдуусу өзгөчө кырдаал зонасында 72 сааттын ичинде өзүнчө аракеттерди жүргүзүү үчүн жетишээрлик болуусу керек. Запастардын түгөнгөнү боюнча сурануучу Тарап мындай топторду андан ары иштөө үчүн керектүү каражаттар менен, эгерде Тараптар аркылуу башкасы жөнүндө кошумча сүйлөшүлбөсө, аларды камсыздайт.
9-берене. Жардам көрсөтүүчү топтордун мамлекеттик чек арадан өтүүсүнүн шарттары жана алардын суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында болуусунун тартиби
Жардам көрсөтүүчү топтордун мүчөлөрү сурануучу Тараптын мамлекетинин же транзит мамлекеттин мамлекеттик чек арасынан эл аралык катнаш үчүн ачык, Тараптар менен макулдашылган, өткөрүү пункту аркылуу, ким экенин билдирүүчү, сурануучу Тараптын мамлекетинде же транзит мамлекетте таандык деп эсептелген, документи боюнча өтөт. Сурануучу Тарап топтордун мүчөлөрү үчүн кирүүчү визаларын өз убагында артыкчылыктуу тартипте тариздөөнү камсыз кылат. Топтун жетекчисинде жардам көрсөтүүчү топтун мүчөлөрүнүн тизмеси жана берүүчү Тараптын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, анын ыйгарым укугун аныктоочу документи болушу керек.
Жардам көрсөтүүчү топтун мүчөлөрү сурануучу Тараптын мамлекетинин аймагында жүргөндө ушул мамлекеттин мыйзамдарын сактоого милдеттүү. Мында алар берүүчү Тараптын эмгек жана ага байланыштуу маселелер боюнча мыйзамдарынын юрисдикциясында болушат. Жардам көрсөтүүчү топтун курамына кирген аскердик персоналга берүүчү Тараптын мамлекетинин аскер кызматчынын статусун жөнгө салуучу мыйзамдарынын таасири жайылтылат.
Жардам көрсөтүүчү топтун ордун которуусу, алардын жабдууларын жана камсыздоо материалдарын ташуу автомобиль, темир жол, суу жана аба транспорттору менен автомобиль, темир жол жана аба катнаштарынын чегинде жайгашкан өткөрүү пункттары аркылуу ишке ашырылат.
Көрсөтүлгөн транспорттун түрлөрүн пайдалануу тартиби сурануучу тараптын мыйзамдарына ылайык тиешелүү министрликтер жана ведомстволордун макулдашуусу боюнча Тараптын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан аныкталат.
10-берене. Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү үчүн жабдууларды жана камсыздоо материалдарын киргизүү жана чыгаруу
Өзгөчө кырдаалды жоюуга жардам берүү үчүн берүүчү Тараптын мамлекетинин аймагынан сурануучу Тараптын мамлекетинин аймагына ташып киргизилүүчү жабдуулар жана камсыздоо материалдары бажы алымдарынан, жыйымдардан жана салыктардан бошотулат.
Тараптардын мыйзамдарына ылайык жана жардам көрсөтүүчү топтордун курамы, киргизилүүчү же чыгарылуучу жабдууларды жана камсыздоо материалдарынын тизмеси көрсөтүлгөн Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары тарабынан берилүүчү билдирүүлөрүнүн негизинде жабдууларды жана камсыздоо материалдарын бажылык тариздөө кезексиз тартипте жүргүзүлөт.
Жардам көрсөтүүчү топторго жабдуулардан жана камсыздоочу материалдарынан башка кандайдыр бир товарларды ташууга тыюу салынат.
Жардам көрсөтүү иштери аяктаганда киргизилүүчү жабдуулар сурануучу Тараптын аймагынан чыгарылууга тийиш. Эгерде өзгөчө шарттардын натыйжасында жабдууларды чыгарып кетүүгө мүмкүн болбосо, алар мыйзамда белгиленген тартипте сурануучу Тараптын компетенттүү органдарынын жардамы катары биротоло калтырылышы мүмкүн. Бул учурда сурануучу Тараптын компетенттүү жана бажы органдарына өткөрүп берилүүчү жабдуунун турган орду, анын түрлөрү, саны билдирилиши керек.
Чыгымдалган жабдуу материалдарына сурануучу Тараптын бажы органдарына жардам көрсөтүүчү топтун жетекчиси тарабынан кол коюлган жана сурануучу Тараптын компетенттүү органынын өкүлдөрү тарабынан күбөлөндүрүлгөн алардын пайдаланылышы жөнүндө акт көрсөтүлөт.
Зарыл учурда жабыркагандарга медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн сурануучу Тараптын мамлекетинин аймагына баңгизаттарды кармаган медициналык препараттар керектүү санда алып келиниши мүмкүн. Бул учурда жардам берүүчү топтун жетекчиси Тараптардын бажы уюмдарына баңгизаттарды кармаган медициналык препараттары бар экендиги жөнүндө, алардын номенклатурасын жана санын көрсөтүү менен декларация берет. Сурануучу Тарап зарыл болгон учурда андан ары бажы органдарына берүү менен, баңгизаттарды кармаган медициналык препараттарды, психотроптук заттарды, прекурсорлорду киргизүүгө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тиешелүү уруксат берилген документтерди алууну камсыздайт.
Мындай медициналык препараттар Сурануучу Тарапка берилбейт жана сурануучу Тараптын өкүлдөрүнүн контролдоосунда квалификациялуу медициналык персоналдар тарабынан гана пайдаланылат.
Пайдаланылбаган баңгизаттары бар медициналык препараттар сурануучу Тараптын бажы контролдоосунда ушул препараттардын номенклатурасын жана санын аныктаган документтердин негизинде кайра чыгарылышы керек. Сурануучу Тараптын бажы органдарына баңгизаттары бар медициналык препараттардын пайдаланылгандыгы жөнүндө жетекчинин жана жардам көрсөтүүчү топтордун врачынын колу коюлган, сурануучу Тараптын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү күбөлөндүргөн акт берилет.
11-берене. Аба кемелерин колдонуу
Берүүчү Тараптын компетенттүү органы жардам көрсөтүү үчүн транспортту пайдалануу чечими жөнүндө Сурануучу Тараптын тийиштүү органдарына аба транспортунун тибин, таануу белгисин, маршрутун, экипаж мүчөлөрүнүн санын жүктүн мүнөзүн, учуп чыгуу жана конуу жерин жана убактысын көрсөтүү менен билдирет.
Сурануучу Тарап өз мамлекетинин аймагында белгиленген пунктка учууга уруксат берет.
Учуулар Жарандык авиация эл аралык уюмунун жана Тараптардын ар бир мамлекетинин белгиленген эрежелерине ылайык жүргүзүлөт.
12-берене. Чыгымдардын ордун толтуруу
Сурануучу Тарап берүүчү Тарапка, эгерде Тараптар башка жөнүндө макулдашпаса, жардам берүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтурат.
Сурануучу Тарап жардам берүү жөнүндөгү өзүнүн суранычын жокко чыгара алат, бирок бул учурда берүүчү Тарап тарткан чыгымдары үчүн компенсацияга алууга акысы бар.
Эгерде Тараптар башка жөнүндө макулдашпаса, берүүчү Тараптан бул жөнүндө талап келип түшөр замат чыгымдын орду толтурулат.
Берүүчү Тарап жардам көрсөтүү боюнча топтордун мүчөлөрүн камсыздандырат. Камсыздандырууну тариздөө боюнча чыгымдар жардам көрсөтүүдөгү жалпы чыгымдарга киргизилет.
Берүүчү Тараптын аба транспортторуна куюучу май жана техникалык тейлөөлөрү үчүн кеткен чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө маселелери ар бир учурларда өзүнчө чечилет.
13-берене. Зыяндын ордун толтуруу
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча милдеттерди аткаруу учурунда жардам көрсөтүүчү топтордун мүчөлөрү жабыркап же каза болуп калса, Сурануучу Тарап медициналык жана транспорттук чыгымдарды өзүнө алат.
Сурануучу Тараптын мамлекетинин аймагында жардам берүүчү топтордун мүчөсү ушул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан милдеттерди аткаруу учурунда юридикалык жактарга же жеке жактарга зыян келтирсе, анда сурануучу Тарап өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарына ылайык зыяндын ордун толтурат.
Жардам берүүчү топтордун мүчөсү тарабынан анын шалаакылык иштеринин натыйжасында зыян келтирилсе, сурануучу Тараптын мыйзамдарына ылайык чыгымдын ордун берүүчү Тарап толтурат.
14-берене. Маалыматты пайдалануу
Ушул Макулдашуунун алкагында өткөрүлүп жаткан иш-аракеттердин натыйжасында алынган маалыматтар Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгууга тийиш болбогон маалыматтарды кошпогондо, Тараптардын адаттагы эрежелеринин жана калыптанган практикаларынын негизинде, эгерде Тараптардын мамлекеттеринин компетенттүү органдары жазуу жүзүндө башкача макулдашпаса, бул билдирүүлөр жарыяланат жана колдонулат.
15-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө жана пайдаланууда келип чыгуучу талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү аркылуу чечилет.
16-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүн, ал анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 17-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет.
17-берене. Корутунду жоболор
Ушул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлдү. Ар бир Тарап жазуу жүзүндөгү билдирүү менен ушул Макулдашууну денонсациялай алат.
Ушул Макулдашуунун колдонулушу Тараптардын биринен аны токтотуу жөнүндө билдирүү алган күндөн тартып алты айдан кийин токтотулат.
_______-жылы _____________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн |