Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 27-марты № 88-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эстония Республикасынын Өкмөтү,
Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун түзүлүшүн каалап,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Ушул Макулдашуу колдонулууга тийиш жактар
Ушул Макулдашуу келишимге келген бир же эки Мамлекеттин тең резиденти болуп саналган жактарга колдонулат.
2-берене. Макулдашуу колдонулууга тийиш болгон салыктар
1. Ушул Макулдашуу Макулдашкан мамлекеттин, анын административдик бөлүнүштөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан алынуучу киреше салыктарына карата аларды алуунун ыкмасына карабай колдонулат.
2. Киреше салыгы катары кирешенин. жалпы суммасынан же кирешенин айрым элементтеринен алынуучу бардык салыктар, анын ичинде кыймылдуу же кыймылсыз мүлктөрдү ээликтен ажыратуудан алган киреше салыктары каралууга тийиш.
3. Ушул Макулдашуу жайылтыла турган колдонуудагы салыктар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
а) Кыргыз Республикасында:
- юридикалык жактардын кирешесине жана пайдасына салык;
- жеке жактардан алынуучу киреше салыгы;
б) Эстонияда:
- киреше салыгы.
4. Ушул Макулдашуу кол коюлган күндөн тартып аракеттеги салыктардын ордуна же аларга кошумча катары алына турган ушул сыяктуу жана негизинен ушуга окшогон салыктарга карата колдонулат. Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары өздөрүнүн тиешелүү салык мыйзамдарына киргизилген бардык олуттуу өзгөртүүлөр тууралуу бири-бирине кабарлашат.
3-берене. Жалпы аныктамалар
1. Эгерде контекст башканы талап кылбаса, ушул Макулдашуунун максатында:
а) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын билдирет. Географиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары колдонулуп жаткан аймакты билдирет;
б) "Эстония" деген термин Эстония Республикасын билдирет жана географиялык мааниде пайдаланганда Эстониянын аймагын жана Эстониянын мыйзамдарына, эл аралык укуктарга ылайык Эстония деңиз түбүнө жана анын кендерине, жаратылыш ресурстарына карата укуктарын жүзөгө ашыра ала турган Эстониянын аймактык сууларына жакын ар башка аймактарды билдирет;
в) "Макулдашкан мамлекет" жана "Макулдашкан экинчи мамлекет" деген терминдер контекстке жараша Кыргызстанды жана Эстонияны билдирет;
г) "жак" деген термин жеке жакты, компанияны жана ар кандай башка жактардын бирикмесин камтыйт;
д) "компания" деген термин ар кандай юридикалык жакты же салык салуу максатында каралган ар кандай уюмдарды билдирет;
е) "ишкана" деген термин ар кандай ишкердик менен алектенүүсү катары колдонулат;
ё) "Макулдашкан бир мамлекеттин ишканасы" жана "Макулдашкан экинчи мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүү түрдө Макулдашкан бир мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы жана Макулдашкан экинчи мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы түшүндүрөт;
ж) "эл аралык ташуу" деген термин Макулдашкан мамлекеттин ишканасы иштеткен деңиз же аба кемелери, же жер бетиндеги транспорт каражаттары менен ар кандай ташууларды билдирет, буга деңиз, аба кемелери же жер бетиндеги транспорт каражаттары Макулдашкан экинчи мамлекеттин пункттарынын ортосунда гана иштетилген учурлар кирбейт;
з) "бизнес" деген термин кесиптик кызмат көрсөтүүлөрдү жана көз карандысыз иштин башка түрлөрүн жүргүзүүнү камтыйт;
и) "комлетенттүү орган" деген термин төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
- Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
- Эстонияда Финансы министрлигин же ыйгарым укуктуу өкүлүн;
к) "жаран" деген термин төмөнкүлөрдү билдирет:
- Макулдашкан мамлекеттин жарандыгы бар жакты;
- өзүнүн статусун Макулдашкан мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде алган ар кандай юридикалык жакты, шериктештикти же ассоциацияны.
2. Макулдашкан мамлекет ушул Макулдашууну ар кандай учурда колдонууда мында аныкталбаган ар кандай термин, эгерде контекстте башкасы талап кылынбаса, Макулдашуунун күчү жайылтылган ушул мамлекеттин салык салуу боюнча мыйзамдарына ылайык ошол кездеги мааниси кандай болсо, ошол мааниде болот. Ушул Макулдашкан мамлекеттин колдонуудагы салык мыйзамдарына ылайык ар кандай мааниси ушул мамлекеттин башка мыйзамдарында аталган терминге берилген мааниден артыкчылыктуу болот.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "бир Макулдашкан мамлекеттин резиденти" деген термин ушул Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык өзүнүн жашаган жеринин, туруктуу болгон жеринин, башкарган жеринин, катталган жеринин же ушул мүнөздөгү башка критерийлердин негизинде салык салынууга тийиш болгон жакты билдирет, ошондой эле ушул Макулдашкан мамлекетти же администрациялык бөлүнүштү же жергиликтүү бийлик органын, ушул Мамлекетте түзүлгөн инвестициялык фондду өзүнө камтыйт. Бирок бул термин ушул Макулдашкан мамлекеттеги булактардан алынган кирешесине карата гана ушул Макулдашкан мамлекетте салык салынууга тийиш болгон жактарды камтыбайт.
2. Эгерде ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна ылайык жеке жак Макулдашкан эки Мамлекеттин тең резиденти болуп эсептелген учурда, анын статусу төмөнкүдөй аныкталат:
а) туруктуу жашаган турак жайы Макулдашкан бир Мамлекетте болсо, анда ошонун гана резиденти болуп саналат; эгерде анын Макулдашкан эки Мамлекетте тең туруктуу турак жайы бар болсо, анда анын тыгыз жеке жана экономикалык байланыштары бар (турмуштук кызыкчылыгынын борбору болгон) Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелет;
б) эгерде турмуштук кызыкчылыгынын борбору болгон Макулдашкан мамлекет аталган жак үчүн аныкталбаса, же болбосо анын ушул Макулдашкан мамлекеттин биринде дагы туруктуу турак жайы жок болсо, ал жак демейде өзү жашаган Макулдашкан мамлекеттин гана резиденти болуп эсептелет;
в) эгерде эки Макулдашкан мамлекетте тең демейки жашаган жери болсо, же болбосо анын биринде да жашабаса, ал өзү кайсы мамлекеттин жараны болуп эсептелсе, ошол Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп саналат;
г) эгерде аталган жак Макулдашкан эки Мамлекеттин тең жараны болуп эсептелсе, же экөөнүн тең жараны болбосо, анда Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары бул маселени өз ара макулдашуу боюнча чечет.
3. Эгерде аталган жак ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна ылайык, жеке жак болуп эсептелген жакты кошпогондо, Макулдашкан эки Мамлекеттин тең резиденти болсо, Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары мындай маселени тараптардын өз ара макулдугу боюнча чечишет.
5-берене. Туруктуу мекеме
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме" деген термин ишкананын иши толук же жарым-жартылай жүргүзүлгөн ишкердик ишинин туруктуу ордун билдирет.
2. "Туруктуу мекеме" деген термин төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) ишкананын ишин башкаруучу жерди;
б) филиалды;
в) офисти;
г) заводду;
д) чеберкананы;
е) шахтаны, мунай же газ скважинасын, карьерди же жаратылыш ресурстарын алуучу башка жерди.
3. Курулуш аянтчасы, курулуш же монтаждоочу объект өз ишин он эки айдан ашык мезгил бою жүргүзө турган болсо гана туруктуу мекемени түзөт.
4. Ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна карабай, Макулдашкан мамлекеттин ишканасы Макулдашкан экинчи мамлекетте кызматтарды (анын ичинде консультациялык жана башкаруучу кызматтарды) көрсөтүү үчүн, бирок мындай мүнөздөгү иш (ушундай эле же ушуга байланыштуу долбоорлор) ушул Макулдашкан мамлекетте он эки айлык мезгилдин 183 күнүнөн ашык мезгилге созулган учурда гана туруктуу мекемени түзүшөт.
5. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабай, "туруктуу мекеме" деген термин төмөнкүлөрдү камтыбайт:
а) курулмаларды жалаң гана ишканага таандык товарларды же буюмдарды сактоо, көрсөтүү же жөнөтүү максатында пайдаланууну;
б) ишканага таандык товарлардын же буюмдардын запастарын жалан гана сактоо, көрсөтүү же жөнөтүү максатында кармоону;
в) ишканага таандык товарлардын жана буюмдардын запастарын башка ишканаларда кайра иштетүү максаттарында гана кармоону;
г) ишкердик иштин туруктуу иш ордун жалаң гана товарларды жана буюмдарды сатып алуу же болбосо ишкана үчүн маалымат чогултуу максатында кармоону;
д) ишкердик иштин туруктуу иш ордун ишкана үчүн даярдоочу же көмөкчү мүнөздөгү башка ар кандай ишти жүргүзүү максатында кармоону;
е) ишкердик иштин туруктуу ордунун жыйынтыкталган иши ошол иштин айкалышуусунун натыйжасында даярдоочу же көмөкчү мүнөздө болгон шартта "а" - "д" пунктчаларда аталган иштердин түрүн айкалыштыруу үчүн гана ишкердик иштин туруктуу ордун кармоону.
6. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабай, эгерде ишкананын атынан иштеген, ага карата 7-пункт колдонулган көз карандысыз статусу бар агентке караганда башка статустагы жак ишкананын атынан контрактты Макулдашкан бир Мамлекетте ыйгарым укуктарын демейде жүзөгө ашырса, бул ишкана ушул Макулдашкан мамлекетте ушул жак ишкана үчүн жүргүзгөн ар кандай ишке карата туруктуу мекеме катарында каралат, буга 5-пунктта аталган иш менен жактын иши чектелген учурлар кирбейт, аны ишкердик иштин туруктуу орду аркылуу жүргүзгөн учурда ошол ишкердик иштин туруктуу ордун ушул пункттун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге айландырбайт.
7. Ишкана ишкердик ишин ушул Макулдашкан мамлекетте брокер, комиссионер же көз карандысыз статусу бар башка агент аркылуу, аталган жактар өзүнүн демейдеги бизнесинин алкагында иштеген шартта жүргүзгөндүктөн гана Макулдашкан мамлекеттин бириндеги туруктуу мекеме катары каралбайт. Ошого карабастан, мындай агенттин иши ишкананын атынан толугу менен ишке ашырылса, ушул пунктка ылайык ал көз карандысыз статустагы агент болуп саналбайт.
8. Макулдашкан мамлекеттин биринин резиденти болуп эсептелген компания контролдосо, же экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания тарабынан контролдонсо же ушул Макулдашкан экинчи мамлекетте иши жүргүзсө (же туруктуу мекеме аркылуу, же башка жол менен), ал өз алдынча ушул компаниялардын бирин башка компаниянын туруктуу мекемеси катары аныктабашы керек.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн түшкөн киреше
1. Бир Макулдашкан мамлекеттин резиденти тарабынан Макулдашкан экинчи Мамлекетте болгон кыймылсыз мүлктөн алган кирешеге (анын ичинде айыл жана токой чарбасынан алган кирешеге) Макулдашкан экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кыймылсыз мүлк" деген термин ошол мүлк жайгашкан Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарындагы мааниге ээ болот. Бул термин ар кандай учурда кыймылсыз мүлккө карата көмөкчү катары болгон мүлктү, айыл жана токой чарбасында пайдаланылган малды жана жабдууларды, жер менчигине карата жалпы укуктун жоболору колдонула турган укуктарды, кыймылсыз мүлккө карата талап коюунун ар кандай укуктары, кыймылсыз мүлктүн узуфруктусун жана минералдык запастарды, булактарды жана башка жаратылыш ресурстардын иштетүүгө укуктарды же иштетүү үчүн сыйлоо катарындагы өзгөрмө же бекитилген төлөмдөргө болгон укукту камтыйт. Деңиз жана аба кемелери, темир жол жана транспорт каражаттары кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору кыймылсыз мүлктү ар кандай башка формада тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же пайдалануудан алынуучу кирешелерге карата да колдонулат.
4. Ушул берененин 1 жана 3-пункттарынын жоболору ишкананын кыймылсыз мүлкүнөн алынган кирешелерге карата да колдонулат.
7-берене. Ишкананын пайдасы
1. Макулдашкан мамлекеттин ишканасынын пайдасына ошол Макулдашкан мамлекетте гана салык салынат, буга аталган ишкана экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик ишин жүзөгө ашырган учурлар кирбейт. Эгерде ишкана жогоруда айтылгандай ишкердик ишин жүзөгө ашырса, ишкананын пайдасына экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок бул анын ушул туруктуу мекемесине таандык болгон бөлүгүнө гана тиешелүү болот.
2. Ушул берененин 3-пунктунун жоболоруна ылайык, Макулдашкан мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу ишкердик ишин жүзөгө ашырса, анда ар бир Макулдашкан мамлекетте, ал ушундай эле же ушул сыяктуу шарттарда ушуга окшогон иш жүргүзсө жана өзү туруктуу мекемеси болуп эсептелген ишканага толук көз каранды болгон ушул сыяктуу шарттарда аракеттенсе, ушул туруктуу мекеменин пайдасы ага таандык кылынат.
3. Туруктуу мекеменин пайдасын аныктоодо ушундай туруктуу мекеменин максаттары үчүн тартылган чыгымдарды, анын ичинде ушул чыгашалардын туруктуу мекеме жайгашкан жердеги мамлекетте же кайсыл жерде болсо дагы тартылган чыгашаларына карабай, башкаруучу жана жалпы администрациялык чыгашаларды эсептен чыгарып салууга жол берилет.
4. Эгерде Макулдашкан мамлекетте туруктуу мекемеге таандык кылынган пайдасы ишкананын пайдасынын жалпы суммасын ар кандай бөлүмдөрү боюнча пропорциялуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныкталса, Макулдашкан мамлекетке ушул берененин 2-пунктунда ушундай бөлүштүрүү аркылуу салык салынуучу пайданы аныктоого эч нерсе тоскоолдук болбойт; пропорциялык бөлүштүрүү методу бирок натыйжада ушул беренеде баяндалган принциптерге ылайык келүүгө тийиш.
5. Эч кандай пайда ишкана үчүн товарларды же буюмдарды туруктуу мекеме сатып алуунун негизинде гана туруктуу мекемеге таандык кылынбайт.
6. Мурдагы пункттардын максаттары үчүн туруктуу мекемеге таандык кылынган пайда жыл сайын бир эле ыкма аркылуу аныкталат.
7. Пайда ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралган кирешелердин түрлөрүн камтыган учурларда, мындай беренелердин жоболору ушул берененин жоболорун козгобойт.
8-берене. Эл аралык ташуулар
1. Деңиз же аба кемелерин, жол транспорттук каражаттарды эл аралык ташууларда эксплуатациялоодон алынган бир Макулдашкан мамлекеттин ишканасынын пайдасына ошол Макулдашкан мамлекетте гана салык салынат.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору жалпы фондго, биргелешкен ишканага же эксплуатациялоо боюнча эл аралык уюмга катышуудан алынган пайдага карата колдонулат.
9-берене. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгер
а) Макулдашкан мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса; же
б) бир эле жактар Макулдашкан мамлекеттин ишканасын жана экинчи Макулдашкан мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же капиталына түз же кыйыр катышса,
жана ушул эки учурдун биринде эки ишкананын ортосунда алардын коммерциялык же финансылык мамилелеринде өз алдынча ишкананын ортосундагы боло турган мамилелерден айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, анда ишканалардын биринин эсебине чегериле турган, бирок бул шарттардын бар экендигинен ага чегерилбеген пайда, бул ишкананын пайдасына киргизилет жана тийиштүү түрдө салык салынат.
2. Биринчи Макулдашкан мамлекет бул Мамлекеттин ишканасынын пайдасына Макулдашкан экинчи мамлекетте салык салууга дуушар болгон экинчи Макулдашкан мамлекеттин ишканасынын пайдасын киргизген жана тийиштүү түрдө салык салган учурда, ушул мүнөздө киргизилген пайда биринчи аталган Мамлекеттин ишканасына чегериле турган пайда болуп саналат, эгер эки ишкананын ортосунда түзүлгөн шарттар эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы шарттардай болсо, анда бул экинчи Мамлекет ушул пайдадан алынуучу салыктын суммасына карата тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизет. Мындай түзөтүүлөрдү аныктаганда ушул Макулдашуунун башка жоболору эске алынууга тийиш. Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары зарыл болгон учурда бири-бири менен консультацияларды өткөрүшөт.
10-берене. Дивиденддер
1. Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания тарабынан экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине төлөнүүчү Дивиденддерге мына ушул экинчи Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай дивиденддерге ушул Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген Макулдашкан мамлекетте да салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда мындай жол менен алынуучу салык төмөнкүдөн ашпоого тийиш:
а) дивиденддин жалпы суммасынын 5%, эгерде иш жүзүндөгү ээси болуп компания дивиденддерди төлөгөн компаниянын 20% кем эмес капиталына түздөн-түз ээлик кылган компания саналса;
б) калган бардык учурларда дивиденддердин жалпы суммасынан 10%.
Бул пункт компаниялардын дивиденддер төлөнө турган пайдасына салык салууга тиешелүү эмес.
3. Ушул беренеде колдонулуучу "дивиденддер" деген термин акциялардан, же карыз талаптары болуп саналбаган башка укуктардан алынуучу кирешени, ошондой эле дивиденддерди бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп саналган Макулдашкан мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык акциялардан алынуучу киреше ошол эле салык мыйзамдары менен жөнгө салынуучу башка укуктардан алган кирешени билдирет.
4. Эгер дивиденддердин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Макулдашкан мамлекетте ишкердик ишин жүргүзгөн учурда ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт, мында дивиденддерди төлөгөн компания андагы жайгашкан, аларга карата дивиденддер төлөнүүчү туруктуу мекеме жана холдинг аркылуу резидент болуп саналат жана ушундай туруктуу мекеме менен чыныгы байланышкан. Мындай учурда 7-берененин жоболору колдонулат.
5. Эгерде бир Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания экинчи Макулдашкан мамлекеттен пайда же киреше алса, ушул экинчи Макулдашкан мамлекет компания төлөгөн дивиденддерден кандайдыр бир салыкты албашы керек, буга ушундай дивиденддер ушул экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине төлөнгөн учурлар же эгерде дивиденддерди төлөнүп жаткан холдинг ушул экинчи Макулдашкан мамлекеттеги туруктуу мекеме менен байланышта болгон учурлар кирбейт, ошондой эле эгерде төлөнгөн дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда толугу менен же жарым-жартылай ошол экинчи Макулдашкан мамлекетте алынган пайдадан же кирешеден болсо да, компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасына салык салынбайт.
11-берене. Пайыздар
1. Макулдашкан мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздарга ушул экинчи Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай пайыздарга, алар пайда болгон Макулдашкан мамлекетте ошол Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык салык салынышы мүмкүн жана, эгерде пайыздарды алган компания экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, алынуучу салык пайыздардын жалпы суммасынын 10% нан жогору болбоого тийиш.
3. 2-пункттун жоболоруна карабай, ушул берененин 1-пунктунда аталган пайыздарга ошол пайыздарды алуучу резиденти болуп эсептелген Макулдашкан мамлекетте гана салык салынат, эгерде:
а) пайыздар Макулдашкан мамлекеттин административдик бөлүнүшүнө же жергиликтүү бийлик органына, же Макулдашкан мамлекеттин Борбордук банкына төлөнсө;
б) пайыздар ушул Макулдашкан мамлекеттин өкмөтүнө толугу менен тиешелүү өкмөт же ар башка уюмдар тарабынан камсыздандырылган же кепилденген зайымдарга карата төлөнсө. Компетенттүү органдар мындай уюмдар жөнүндө жана бардык өзгөртүүлөр жөнүндө бири-бирине билдириши керек.
4. Ушул беренеде пайдаланылган "пайыздар" деген термин күрөө менен камсыз кылынган же камсыз кылынбаган ар кандай карыздык талаптардан алынуучу, карызкорлордун пайдага катышуусуна укук берген же укук бербеген, атап айтканда өкмөттүк баалуу кагаздардан киреше алууга жана облигациялардан же карыздык милдеттенмелерден киреше алууга, анын ичинде ушул баалуу кагаздар, облигациялар же карыздык милдеттенмелер боюнча сый акылардан жана утуштардан алынуучу кирешеге укук берген ар кандай карыздык талаптардан алынган кирешени билдирет. "Пайыз" деген термин 10-берененин жоболоруна ылайык дивиденд катары каралуучу кирешелерди өзүнө камтыбайт. Өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айып акылар ушул берененин максаты үчүн пайыздар катары каралбайт.
5. Эгер пайыздардын иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп туруп, экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан туруктуу өкүлчүлүк аркылуу пайыздар келип чыга турган ишкердик кылууну жүзөгө ашырса, жана пайыздар төлөнгөн карыздык талаптарды ушул туруктуу мекеме менен байланышта болсо, ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жобосу колдонулбайт. Мындай учурда 7-берененин жоболору колдонулат.
6. Эгерде пайыз төлөөчү ушул Макулдашкан мамлекеттин резиденти болсо, проценттер Макулдашкан мамлекетте келип чыкты деп эсептелет. Бирок эгерде пайыздарды төлөгөн жак өзүнүн Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелгендигине же андай болбогондугуна карабастан Макулдашкан мамлекетте туруктуу мекемеге ээ болсо, ошого байланыштуу пайыздар боюнча карыз келип чыкса жана ушул пайыздарды төлөө боюнча чыгашаларды ушундай туруктуу мекеме тартса, анда ушундай пайыздар туруктуу мекеме жайгашкан Макулдашкан мамлекетте пайда болот деп эсептелет.
7. Эгерде пайыздарды төлөөчүнүн жана анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же алардын экөөнүн жана кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелердин себеби боюнча карыздык милдеттенмеге таандык кылынган пайыздардын суммасы ал төлөнө турган негиздеги пайыздарды төлөөчү жана анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашып кетсе, ушундай мамилелер жок болгондо ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашык бөлүгүнө мурдагыдай эле ар бир Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эсепке алуу менен салык салынат.
12-берене. Роялти
1. Бир Макулдашкан мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашкан мамлекетке төлөнүүчү роялтиге ушул экинчи Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай роялтиге ушул Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына ылайык келип чыккан Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде роялтини алуучу экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 5%нан жогору болбоого тийиш.
3. "Роялти" деген термин ушул беренеде пайдаланууда адабияттын, искусствонун ар кандай чыгармаларына же илимий эмгектерге, анын ичинде программалык камсыз кылууга, кинофильмдерге, кандайдыр бир патенттерге, соода маркаларына, дизайнга же моделге, планга, жашыруун формулага же процесске болгон автордук укуктарды пайдалануу укугун берүү үчүн же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий жабдууну же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалыматты пайдалангандыгы же бергендиги үчүн ар кандай төлөмдөрдү билдирет.
4. Эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуу менен, ал жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу роялти келип чыккан экинчи Макулдашкан мамлекетте ишкердик кылуу ишин жүзөгө ашырса, же роялти төлөнө турган укук же мүлк чындыгында эле мына ушундай туруктуу мекеме менен байланыштуу болсо, ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда 7-берененин жобосу колдонулат.
5. Эгерде роялтини төлөөчү ушул Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, роялти Макулдашкан мамлекетте келип чыгат деп эсептелет. Эгерде роялтини төлөгөн жак Макулдашкан мамлекеттин резиденти болгон же болбогондугуна карабастан, Макулдашкан мамлекетте туруктуу мекемеси болсо, аларга байланыштуу роялти төлөө милдеттенмеси келип чыкса, ушул роялтини төлөө боюнча чыгашаларды ушундай туруктуу мекеме жайгашкан Макулдашкан мамлекетте келип чыгат деп эсептелет.
6. Эгерде роялтини төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же алардын экөөнүн ортосундагы, же кандайдыр бир башка жак менен өзгөчө өз ара мамилелердин себеби боюнча анын негизинде төлөнүп жаткан пайдаланууга, укукка же маалыматка таандык болгон роялтинин суммасы роялтини төлөөчүнүн же анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы макулдашылган суммадан ашып кетсе, ушундай мамилелер жок болгондо, ушул берененин жобосу акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашык бөлүгүнө ар бир Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун эске алуу менен салык салынат.
13-берене. Капиталдан кирешелер
1. Макулдашкан мамлекеттин резиденти 6-беренеде аныкталган жана экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешесине мына ушул экинчи Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Туруктуу мекеменин ишкердик мүлкүнүн бир бөлүгүн түзгөн, Макулдашкан мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашкан мамлекеттеги кыймылдуу мүлктөн ажыратуудан түшкөн каражаттары, анын ичинде мына ушундай туруктуу мекемени ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелерине мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Деңиз же аба кемелерин, жол транспорттук каражаттарын эл аралык ташууларда эксплуатациялоочу Макулдашкан мамлекеттин ишканасы деңиз же аба кемелерин, жол транспорттук каражаттарын эксплуатациялоого байланыштуу кыймылдуу мүлктү же эл аралык ташууларда эксплуатациялоочу деңиз же аба кемелерин, жол транспорттук каражаттарын ээликтен ажыратуудан алган кирешелерге ушул Макулдашкан мамлекетте гана салык салынат.
4. Макулдашкан мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашкан мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн түз же кыйыр түрдө алардын наркынын 50 пайызынан ашык акцияларын ээликтен ажыратуудан алынган кирешеге мына ушул экинчи Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
5. Ушул берененин жогорудагы пункттарында аталган ар кандай башка мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге мүлктү ээликтен ажыраткан жак резидент болуп эсептелген Макулдашкан мамлекетте гана салык салынат.
14-берене. Иш менен алектенүүдөн алынган киреше
1. 15, 17, 18-беренелердин жоболоруна ылайык жалданма жумуш экинчи Макулдашкан мамлекетте аткарылбаса, Макулдашкан мамлекеттин резиденти тарабынан жалданма жумуштан алынуучу эмгек акыга, маянага жана башка ушул сыяктуу төлөмдөргө мына ушул Макулдашкан мамлекетте гана салык салынышы мүмкүн. Эгерде жалданма жумуш ушундай жол менен аткарылса, анда ушуга байланыштуу алынган акы төлөөгө мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна карабай, бир Макулдашкан мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашкан мамлекетте жүзөгө ашырылган жалданма жумушка байланыштуу алынган акы төлөөгө төмөнкү шарттар аткарылганда гана биринчи Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн:
а) алуучу экинчи Макулдашкан мамлекетте ар 12 айлык мезгилде чогуу алганда 183 күндөн ашпаган мезгилде же мезгилдердин аралыгында болсо;
б) акы төлөө жалдоочу тарабынан же экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочунун атынан төлөнөт; жана
в) акы төлөө жумуш берүүчүнүн экинчи Макулдашкан мамлекеттеги туруктуу мекемеси тарабынан төлөнбөйт.
3. Ушул берененин жогорудагы жоболоруна карабай, эл аралык ташууларда бир Макулдашкан мамлекеттин ишканасы эксплуатациялаган деңиз же аба кемесинин ичинде, жол транспорттук каражатында аткарылган жалданма жумуштан алынган акы төлөөгө мына ушул Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
15-берене. Директорго акы төлөө
Директордун акысына жана экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп саналган компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү катары Макулдашкан мамлекеттин резиденти тарабынан алынган башка ушундай төлөмдөргө экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
16-берене. Артисттер жана спортчулар
1. 7 жана 14-беренелердин жоболоруна карабай, Макулдашкан мамлекеттин резидентинин театрдын, кинонун, радионун же теле көрсөтүүнүн артисти же музыканты катары искусство кызматкери же спортчу катары экинчи Макулдашкан мамлекетте жүзөгө ашырган жеке ишинен алган кирешесине ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде артист же спортчу өз жаатында жүзөгө ашырылган жеке ишинен түшкөн кирешеси артисттин же спортчунун жеке өзүнө эмес, башка жакка эсептелсе, 7 жана 14-беренелердин жоболоруна карабай, бул кирешеге артисттин же спортчунун иши жүзөгө ашырылып жаткан Макулдашкан мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору, эгерде Макулдашкан мамлекетке болгон сапар негизинен бир же Макулдашкан эки мамлекеттин тең административдик бөлүнүштөрү же жергиликтүү бийлик органдары тарабынан каржыланса, артисттин же спортчунун Макулдашкан мамлекетте ишке ашырган ишинен алына турган кирешеге колдонулбайт. Мындай учурда артист же спортчу резидент болуп эсептелген Макулдашкан мамлекетте гана алардын кирешесине салык салынат.
17-берене. Пенсиялар
Макулдашкан мамлекеттин резидентине бериле турган пенсиялар жана башка ушуга окшогон төлөмдөргө ошол гана Макулдашкан мамлекетте салык салынат.
18-берене. Мамлекеттик кызмат
1. Макулдашкан мамлекет, анын административдик бөлүнүштөрү же жергиликтүү бийлик органдары тарабынан ушул Макулдашкан мамлекетке, административдик бөлүнүшүнө же жергиликтүү бийлик органына кызмат кылганы үчүн жеке жакка төлөнүүчү эмгек акысына, акы төлөөгө жана башка ушул сыяктуу акысына ошол Макулдашкан мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
Бирок мындай эмгек акыга, акы төлөөгө жана башка ушул сыяктуу акыга, эгерде кызмат ошол экинчи Макулдашкан мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке жак ошол Мамлекеттин резиденти болуп саналса, экинчи Макулдашуучу мамлекетте гана салык салынат, ошондой эле төмөнкү шарттардын бири аткарылган учурда:
а) ушул Макулдашкан мамлекеттин жараны болуп саналса; же
б) кызмат көрсөтүү максатында гана ошол экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болбосо.
2. 14, 15, 16-беренелердин жоболору Макулдашкан мамлекет же анын административдик бөлүнүштөрү же жергиликтүү бийлик органы ишкердик ишине байланыштуу көрсөтүлгөн кызматтарга карата эмгек акыларга, төлөмдөргө жана башка ушундай акыларга жана пенсияларга колдонулат.
19-берене. Студенттер
Биринчи Макулдашкан мамлекетке келгенге чейин экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелген же эсептелүүчү жана аталган биринчи Макулдашкан мамлекетте билим алуу же стажировкадан өтүү максатында гана жүргөн студент же стажер алган төлөмдөр жана өзүнүн жашоосу, окуусу жана стажировкадан өтүүсү үчүн алган кирешеси, ушул төлөмдөр Макулдашкан мамлекеттин чегинен тышкары жайгашкан булактардан келип чыккан шартта, аталган Макулдашкан мамлекетте салык салынбайт.
20-берене. Башка кирешелер
1. Ушул Макулдашуунун жогорудагы беренелеринде аталбаган, Макулдашкан мамлекеттин резидентинин киреше булактары, алардын келип чыгуу жерине карабай, мына ошол Макулдашкан мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. Эгерде мындай кирешени алуучу бир Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, ишкердик кылууну экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу жүзөгө ашырса жана ушуга байланыштуу киреше алынган укук же мүлк чынында эле туруктуу мекеме же туруктуу база менен байланышта болсо, 6-беренесинин 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн алынуучу кирешелерден башка кирешелерге карата 1-пункттун жоболору колдонулбайт. Мындай учурда 7-берененин жоболору колдонулат.
21-берене. Кош салык салууну четтетүү методдору
1. Кыргызстанда кош салык салуу төмөнкүдөй түрдө четтетилет:
а) эгерде Кыргызстандын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Эстонияда салык салынышы мүмкүн болгон киреше алса, анда Кыргызстан ошол резиденттин киреше салыгынан Эстонияда төлөнгөн салыкка барабар сумманы эсептен чыгарууга мүмкүндүк берет. Кармап калган салыктын суммасы жогоруда аталган жобого ылайык Кыргызстанда колдонуудагы ставкалар боюнча ушул кирешеге салынган салыктан ашпоого тийиш;
б) эгер ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кыргызстандын резиденти Эстонияда гана салык салынууга тийиш болгон киреше алса, Кыргызстан бул кирешени Кыргызстандагы салык салуу максатында колдонулуучу кирешелерге салыктын ставкаларын аныктоо максатында гана салыктык базага киргизе алат.
2. Эстонияда кош салык салуу төмөнкүдөй түрдө четтетилет:
а) Эстониянын резиденти ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык Кыргызстанда салык салына турган киреше алган учурда, Эстония ушул пункттун (б) пунктчасына ылайык мындай кирешени салык салуудан бошотот;
б) Эстониянын резиденти 10-берененин 2-пунктунун (б) пунктчасынын, 11 же 12-берененин 2-пунктунун жоболоруна ылайык Кыргызстанда салык салынган киреше алса, анда Эстония ошол резиденттин киреше салыгынан Кыргызстанда төлөнгөн салыгына барабар болгон сумманы эсептен чыгарууга мүмкүндүк берет. Бирок эсептен чыгарылган салык Кыргызстанда салык салына турган кирешеге тиешелүү эсепте чыгарууга чейин эсептелген киреше салыгынын бир бөлүгүнөн ашпоого тийиш;
в) эгер ушул Макулдашуунун жобосуна ылайык Эстониянын резиденти алган кирешесине Эстонияда салыктан бошотулса, анда Эстония аталган резиденттин кирешесинин калган бөлүгүнө салыктын суммасын эсептөөдө салыктан бошотулган кирешени көңүлгө алат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабай, Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компания экинчи Макулдашкан мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компаниядан дивиденд алган учурда жана анда 10% кем эмес добуш берүү укугу менен акцияга ээлик кылса, биринчи аталган Макулдашкан мамлекет ушул резиденттин салыгынан ушул экинчи Макулдашкан мамлекетте компаниянын пайдасынан төлөнгөн дивиденддерге төлөнгөн киреше салыгына барабар сумманы эсептен чыгарууга жол берет.
22-берене. Басмырлоого жол бербөө
1. Макулдашкан мамлекеттин жарандары экинчи Макулдашкан Мамлекетте, ошол эле жагдайларда ушул Мамлекеттин жарандарына салык салуу же ага байланышкан талаптардан айырмаланган салык салуудан жана алар менен байланышкан талаптардан башкача же кыйла түйшүктүү кандайдыр бир салык салууга же ага байланышкан талаптарга дуушар болбойт.
2. Бир Макулдашкан мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан мамлекетте ээлик кылган туруктуу мекемесине салык салуу, ушундай ишти жүргүзгөн ошол экинчи Макулдашкан мамлекеттин ишканаларына салынган салыктарга караганда начар оңтойсуз болбоого тийиш.
3. 9-берененин 1-пунктунун, 11-берененин 7-пунктунун же 12-берененин 6-пунктунун жоболорун кошпогондо, бир Макулдашкан мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздар, роялтилер жана башка төлөмдөр мындай ишкананын салык салынуучу пайдасын аныктоо максатында биринчи аталган Макулдашкан мамлекеттин резидентине төлөнгөндөй шартта эсептен чыгарылууга тийиш.
4. Капиталы экинчи Макулдашкан мамлекеттин бир же бир нече резидентине толук же жарым жартылай таандык болгон же алар тарабынан түз же кыйыр түрдө контролдонгон Макулдашкан мамлекеттин ишканасы аталган биринчи Макулдашкан мамлекетте ошол аталган биринчи Макулдашкан мамлекеттин салык салына турган же салык салынууга мүмкүн башка ушундай ишканаларына салык салуудан же аларга байланыштуу талаптардан башкача же түйшүктүү салык салынууга же аларга байланышкан талаптарга дуушар болушпайт.
5. Ушул берененин жоболору бир Макулдашкан мамлекетти экинчи Макулдашкан мамлекеттин резидентине алардын жарандык статусунун же үй-бүлөлүк милдеттеринин негизинде салык салуу боюнча өздөрүнүн резидентине берилүүчү кандайдыр бир жекече жеңилдиктерди, эсептен чыгарып салууларды жана арзандатууларды берүүгө милдеттендирүү катары чечмеленбеши керек.
6. Ушул берененин жоболору, 2-берененин жоболоруна карабай, салыктын бардык түрүнө жана сүрөттөмөсүнө колдонулат.
23-берене. Өз ара макулдашуу жол-жоболору
1. Эгерде кайсы бир жак Макулдашкан мамлекеттердин бирөөсүнүн же экөөнүн тең аракеттери аны ушул Макулдашуунун жоболоруна каршы келип, салык салууга алып келди же алып келет деп эсептесе, ал ушул Макулдашкан мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган коргоо каражаттарына карабастан өзүнүн ишин кароо үчүн ал туруктуу жашаган Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органына же, эгерде мындай учур 22-берененин 1-пунктуна туура келсе, ал өзү кайсы Мамлекеттин жараны болсо, ошол Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органына кароого берет. Иши Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келүүчү аракеттер жөнүндө биринчи кабарлоонун учурунан тартып үч жылдын аралыгында берилүүгө тийиш.
2. Компетенттүү орган, эгерде ал макул эместигин негиздүү деп эсептесе жана ал канааттандыруучу чечимге өз алдынча келе албаса, ушул Макулдашууга каршы келген салык салуудан оолак болуу максатында бул маселени экинчи Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө аракеттенет. Ар кандай жетишилген келишим Макулдашкан мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган кандайдыр бир убактылуу чектөөлөргө карабастан аткарылууга тийиш.
3. Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органы ушул Макулдашууну чечмелөөдө же колдонууда келип чыгуучу ар кандай пикир келишпестиктерди же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Алар ушул Макулдашууда каралбаган учурларда кош салык салууну четтетүү үчүн биргелешкен консультацияларды жүргүзүшөт.
4. Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары жогорудагы пункттардын маселеси боюнча макулдашууга жетишүү максатында, алардын өздөрүнөн же алардын өкүлдөрүнөн турган биргелешкен комиссияларды кошкондо, бири-бири менен түз байланыштарга чыга алышат.
5. Эгерде,
а) ушул берененин 1-пунктуна ылайык жак Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органына бир же эки Макулдашкан мамлекеттин тең аракеттери ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келгендиги жөнүндө ишти кароого берсе, ошондой эле
б) компетенттүү органдар ушул берененин 2-пунктуна ылайык экинчи Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органына ишти берген убакыттан тартып эки жыл аралыгында ушул ишти чечүү үчүн макулдашууга келе албаса,
эгерде жак сураныч менен кайрылса, ушул иштен улам келип чыккан бардык чечилбеген маселелер арбитражга берилүүгө тийиш. Ушул чечилбеген маселелер боюнча эки Макулдашкан мамлекеттин тең соту же административдик соту чечим чыгарган болсо, алар арбитражга берилбеши керек. Эгерде бул иштен жабыркаган жак арбитраждык чечимди аткаруу үчүн макулдашылган келишимге макул болбосо, бул чечим ушул Макулдашкан мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган убактылуу чектөөлөргө карабай аткарылууга тийиш. Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулдугу менен ушул пунктту колдонуу ыкмасын белгилеши керек.
24-берене. Маалымат менен алмашуу
1. Эгер мыйзамдар боюнча салык салуу ушул Макулдашууга каршы келбесе, Макулдашкан мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун аткаруу же Макулдашкан мамлекеттердин, алардын саясий же административдик бөлүнүштөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан белгиленген ар кандай мүнөздөгү жана түрдөгү салыктарга карата Макулдашкан мамлекеттердин ички мыйзамдарын аткаруу же башкаруу үчүн пайдалуу болуучу бардык маалыматтар менен алмашып турушат. Маалыматтарды алмашуу 1 жана 2-берене менен чектелбейт.
2. Ушул берененин 1-пунктуна ылайык Макулдашкан мамлекет алынган ар кандай маалымат, ушул Макулдашкан мамлекеттин ички мыйзамдарынын алкагында алынган маалыматтай эле жашыруун маалымат болуп саналат жана салыктарды эсептөө же жыйноо, өндүрүп алуу же куугунтукка алуу, ошондой эле ушул берененин 1-пунктунда аталган салыктарга карата апелляцияларды карап чыгуу, же жогоруда аталгандын бардыгын көзөмөлдөө менен алектенген органдарга (сотторду жана администрациялык органдарды кошкондо) жана жактарга гана маалымдалат. Мындай жактар же органдар маалыматты ушул максаттар үчүн гана колдонууга тийиш. Алар маалыматты соттун угууларында же соттун чечимин чыгарганда ачыкка чыгарышы мүмкүн. Буга карабастан, эгерде мындай маалымат эки Макулдашкан мамлекеттин тең мыйзамдарына ылайык колдонулса жана мындай маалыматты жөнөтүүчү Макулдашкан мамлекеттин компетенттүү органы колдонууга укук берсе, Макулдашкан мамлекеттер алган маалыматтар башка максатта колдонулушу мүмкүн.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттары Макулдашкан мамлекетти төмөнкүлөргө милдеттендирүүчү катары эч убакта чечмеленбеши керек:
а) тигил же бул Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдарына жана администрациялык практикасына каршы келген администрациялык чараларды көрүүгө;
б) тигил же бул Макулдашкан мамлекеттин мыйзамдары боюнча же демейдеги администрациялык практиканын жүрүшүндө алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүүгө;
в) кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр-жайлык, коммерциялык же кесиптик жашыруун сырды же соода процессин ачып берген, же мамлекеттик саясатка (мамлекеттик тартипке) каршы келе тургандай маалыматты берүүгө.
4. Эгер маалымат Макулдашкан мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралып жатса, экинчи Макулдашкан мамлекет салык салуудагы өзүнүн максаттары үчүн мындай маалыматка муктаж болбосо дагы, экинчи Макулдашкан мамлекет суралып жаткан маалыматты алуу үчүн өзүнүн маалыматты чогултуу ыкмаларын пайдаланышы керек. Жогорудагы сүйлөмдө камтылган милдеттенме 3-пункттун чектөөлөрүнө тийиш болот, бирок мындай чектөөлөр Макулдашкан мамлекеттин ушундай маалыматтарынын эч кандай ички кызыкчылыгы болбогондугу үчүн маалымат берүүдөн баш тартып коюуга мүмкүндүк берет деп чечмеленбеши керек.
5. Ушул берененин 3-пунктунун жоболору эч убакта Макулдашкан мамлекетке маалымат банктын, же башка финансылык уюмдун, ыйгарым укуктуу жактын же агент катары аракеттенген адамдын карамагында, же жеке жактын мүлктүк кызыгуусуна тийиштүү деген негизде маалымат берүүдөн баш тартууга көмөктөшүү катары чечмеленбөөгө тийиш.
25-берене. Дипломатиялык жана консулдук кызматтардын кызматкерлери
Бул Макулдашуунун эч бир жобосу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин салыктык артыкчылыктарын эл аралык укуктун жалпы ченемдерине же атайын макулдашуулардын жоболоруна ылайык козгобойт.
26-берене. Күчүнө кириши
1. Макулдашкан мамлекеттер бири-бирин дипломатиялык каналдар боюнча бул Макулдашууну күчүнө киргизүү үчүн тиешелүү мыйзамдарына ылайык зарыл болгон жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу билдириши керек.
2. Бул Макулдашуу ушул берененин 1-пунктунда белгиленген акыркы билдирүү берилген датадан тартып күчүнө кирет жана анын жоболору төмөнкүлөргө карата колдонулат:
а) бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки жылдын биринчи январына карата же андан кийин алынган кирешеге ушул булактан кармалуучу салыктарга карата; жана
б) бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки жылдын биринчи январынан баштап же андан кийинки салыктык мезгилдерге алынуучу салыктар боюнча, кирешелердин башка салыктарына карата.
3. Макулдашкан мамлекеттер ушул Макулдашууга өз алдынча Протокол менен түзөтүүлөрдү киргизе алышат, анын жоболору ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул берененин 2-пунктунда аныкталган тартипте күчүнө кирет.
27-берене. Колдонулушун токтотуу
Ушул Макулдашуу Макулдашкан мамлекеттин бири анын колдонулушун токтотуп койгон мезгилге чейин күчүндө болот. Макулдашкан мамлекеттин ар бири ушул Макулдашуу күчүнө кирген датадан тартып беш жыл өткөндөн кийин ар календардык жылдын аягына алты айга чейин Макулдашуунун күчүн токтотуу жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлап, Макулдашуунун колдонулушун токтотушу мүмкүн. Бул Макулдашуу төмөнкүлөргө карата күчүн токтотот:
(а) кабарлоо берилген жылдан кийинки жылдын биринчи январына же андан кийин алынган кирешеге, булактардан кармалуучу салыктарга карата;
(б) кабарлоо берилген жылдан кийинки жылдын биринчи январына же андан кийин салыктык жылга алынуучу салыктар боюнча, кирешелердин башка салыктарына карата.
МУНУ ЫРАСТОО ҮЧҮН, төмөндө кол коюучулар, тийиштүү түрдө ыйгарым укуктуу болушуп, ушул Макулдашууга кол коюшту.
_________________ (жери) _____-ж __________ (датасы) кыргыз, орус, эстон, англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Эстония Республикасынын Өкмөтү үчүн |