Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 27-марты № 87-б
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2019-жылы боло турган футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүнө жана тандап алуу оюндарына ийгиликтүү даярдануусун жана катышуусун камсыз кылуу максатында:
1. Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасын 2019-жылы боло турган футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүнө жана тандап алуу оюндарына даярдоо жана катыштыруу боюнча уюштуруу комитети (мындан ары - Уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитетинин ишин уюштуруу-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жана/же "Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы" коомдук бирикмесинин күн мурунтан жиберген өтүнүчүнүн негизинде төмөнкүлөргө көмөк көрсөтсүн:
- 2019-жылы футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүнө жана тандап алуу оюндарына катышуу үчүн баруучу Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын мүчөлөрүнө чет мамлекеттерге кирүү визаларын тариздөө маселелери боюнча дипломатиялык ноталарды даярдоого жана жиберүүгө;
- 2019-жылы футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүнө жана тандап алуу оюндарына катышууга баруучу Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын мүчөлөрү үчүн визалык колдоолорду жана Кыргыз Республикасынын кирүү/чыгуу визаларын консулдук жыйымдарды жана иш-жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдарды албастан тариздөөгө.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- 2019-жылы футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүнө жана тандап алуу оюндарына катышууга даярданып жаткан футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрүн акысыз сапаттуу медициналык кароодон өткөрүүнү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылы футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүн жана тандап алуу оюндарын уюштуруу жана өткөрүү убагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмесине) ылайык келишимдик негизде медициналык тейлөөнү (тез жардам унаалары, госпиталга жаткыруу).
5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрүн 2019-жылы футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүнө жана тандап алуу оюндарына катышкан мезгилде Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынан окуудан бошотууну тариздөөгө көмөк көрсөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылы футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүн жана тандап алуу оюндарын өткөрүү учурунда өрт коопсуздугун камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылы футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүн жана тандап алуу оюндарын өткөрүүдө коомдук тартипти сактоону, күйөрмандардын, катышуучулардын, оюндардын расмий өкүлдөрүн (калыстардын, инспекторлордун, комиссарлардын) коопсуздугун камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылы футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүн жана тандап алуу оюндарын өткөрүү күндөрү Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын делегациясын, ошондой эле чет өлкөлүк спорттук делегациялардын транспорт каражаттарын патрулдук милициянын коштоп жүрүүсүн камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылы футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүн жана тандап алуу оюндарын өткөрүү учурунда электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн Д.Өмүрзаков атындагы Башкы спорттук аренаны генераторлор менен камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети байланыш операторлору менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик жана/'же "Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы" коомдук бирикмеси берген графикке ылайык футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын алдыда боло турган оюндары тууралуу күйөрмандарга СМС билдирүүлөрдү уюштурсун.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик:
- Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылы футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүн жана тандап алуу оюндарын уюштуруу жана өткөрүү учурунда "Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы" коомдук бирикмесине уюштуруучулук жана методикалык көмөк көрсөтсүн;
- Кыргыз Республикасынын футбол федерациясына 2017-2019-жылдар аралыгында футбол боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын оюндарын уюштуруу жана өткөрүү үчүн Д.Өмүрзаков атындагы Башкы спорттук аренаны акысыз берсин.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы зарыл болгон учурда белгиленген тартипте 2019-жылы футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүнө жана тандап алуу оюндарына баруучу Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортторун берүүгө көмөк көрсөтсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы төмөнкүлөргө көмөк көрсөтсүн:
- 2019-жылы футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүнө жана тандап алуу оюндарына катышуу үчүн баруучу Кыргыз Республикасынын спорттук делегациясынын мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүсүнө;
- 2019-жылы футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүнө жана тандап алуу оюндарына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келүүчү чет мамлекеттердин спорттук делегациясынын мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан өтүүсүнө.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) 2019-жылы футбол боюнча Азия кубогунун боло турган расмий жолдоштук беттешүүлөрүн жана тандап алуу оюндарын алдын ала жарыялоого жарнамалык орундарды беришсин.
14. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна 2019-жылы футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүнө жана тандап алуу оюндарына катышуучу футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын делегациясын жана чет элдик спорттук делегациялардын учуп келүүсүн/учуп кетүүсүн уюштурууга төмөнкүдөй жолдор менен көмөк көрсөтүү сунушталсын:
- "Манас" аэровокзал комплексинин аэровокзал алдындагы аянтына делегациялардын катышуучуларын түшүрүү/отургузуу үчүн автобустардын кирүүсүнө уруксат берүү;
- "Манас" аэровокзал комплексинин учуп келгендер кирүүчү залына чет элдик спорттук делегациялардын мүчөлөрүн тосуп алуу үчүн Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кирүүсүнө уруксат берүүгө;
- делегациялардын башчыларын ташыган автотранспортко "Манас-2" аэровокзал комплексинин аймагындагы транспорт токтотуучу жайларга кирүүсүнө уруксат берүү.
15. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясына, Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2019-жылы боло турган футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүнө жана тандап алуу оюндарына даярдануусунун жүрүшүн чагылдыруу, ошондой эле футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын өз талаасындагы жана башка жердеги оюндарын түз алып көрсөтүү сунушталсын.
16. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш. Жээнбеков |
Тиркеме
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2019-жылы боло турган футбол боюнча Азия кубогунун расмий жолдоштук беттешүүлөрүнө жана тандап алуу оюндарына даярдоо жана катыштыруу боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча).
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын башкы катчысы (макулдашуу боюнча);
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору (макулдашуу боюнча).