Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 16-февралы № 43-б
Кыргыз Республикасында 2040-жылга чейинки мезгилде айыл чарбасын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында 2040-жылга чейинки мезгилде айыл чарбасын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2017-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасында 2040-жылга чейинки мезгилде айыл чарбасын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко министрликтердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин адистерин, эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга, белгиленген тартипте кошумча материалдарды жана зарыл болгон маалыматтарды суроого укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
Кыргыз Республикасында 2040-жылга чейинки мезгилде айыл чарбасын өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси; |
Мурашев Нурбек Мурпазылжанович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри; |
Кудайбердиева Гульмира Каримовна | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; |
Ташболотов Максатбек | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы; |
Кармышаков Улукбек Тойчуевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Керималиев Жаныбек Калканович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Чодуев Эркинбек Урайымович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары; |
Рустамов Абдыкалык Алибекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; |
Эгамбердиева Джумагүл Шариповна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Жумаканов Калысбек Туратбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; |
Абжапаров Теңизбек Жусупбекович | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы; |
Карагул уулу Жакып | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы; |
Дикабаев Азамат Шамильевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору; |
Омуркулов Азизбек Пазылбаевич | - | "РСК Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Акимов Мурат Кудайбергенович | - | "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Нургазиев Рысбек Зарылдыкович | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Койчуманов Талайбек Джумашевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчысы (макулдашуу боюнча); |
Румянцева Маргарита Николаевна | - | "Молочный союз" жумуш берүүчүлөрдүн-юридикалык жактардын бирикмеси ассоциациясынын байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |