Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 3-февралы № 29-б
Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекцияга жүктөлгөн милдеттердин ишке ашырылгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция жоюлсун.
2. Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу жол-жобосун ишке ашыруу үчүн жоюу комиссиясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Жоюу комиссиясы белгиленген тартипте Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жоюу менен байланышкан тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
Жоюу комиссиясынын КУРАМЫ
Бекманбетов Фархад Шаршенович | - | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, жоюу комиссиясынын төрагасы; |
Исаев Айбек Назарбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысынын орун басары; |
Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич | - | Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директорунун орун басары; |
Текешов Акимбек Анарбекович | - | Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү бөлүмүнүн башчысы; |
Пулатова Нина Ивановна | - | Тарых жана маданият жылын даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын каржылоо жана бухгалтердик эсеп секторунун башчысы; |
Курманалиева Минара Турганбаевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун мамлекеттик мүлктү тескөө жана пайдалануу боюнча башкармалыгынын башкы адиси. |