Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-августундагы № 290-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 16-майы № 164-б
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркмөнстандын Өкмөтү:
достук мамилелерин андан ары чыңдоо максаттарында, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө өз ара кызыкчылыктарга негизденип,
мындай кызматташтык тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөөрүнө ишенип,
Тараптардын чарбакер субъекттеринин ортосундагы кызматташтыкты колдоого умтулуу менен,
Тараптардын ортосундагы социалдык-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташууга жагымдуу шарттарды түзүүнү каалоо менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар эгемендүү теңдик жана өз ара пайдалуулук, узак мөөнөттүү өнөктөштүк принциптеринде жана башка эл аралык укуктагы жалпыга таанылган ченемдерде, ошондой эле Тараптардын улуттук мыйзамдарына ылайык өз ара пайдалуу кызматташууну жүзөгө ашырышат жана өнүктүрүшөт.
2-берене.
Тараптар соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө, биргелешкен өндүрүштүк-чарбалык, ишкердик, коммерциялык жана гуманитардык иштин түрлөрүн камсыз кылуу үчүн өз ара пайдалуу шарттарга көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар кыргыз жана түркмөн бизнес коомчулуктарынын ортосундагы натыйжалуу байланыштарды өнүктүрүү, Тараптардын Соода-өнөр жай палаталарынын өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
3-берене.
Тараптар экономиканын ар кандай тармактарында жана чөйрөлөрүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык мамлекеттердин ортосунда товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана маалыматтарды алмашуу үчүн чара көрүшөт. Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын аймагында жайгашкан чарбакер субъекттери өнөктөштөрдү тандоодо өз алдынча болушат.
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкактарында чарбакер субъекттердин ортосунда түзүлгөн келишимдерден (контракттардан) келип чыккан милдеттер боюнча жоопкерчилик тартышпайт.
4-берене.
Тараптар өз ара кызыкчылык жараткан биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууга, анын ичинде үчүнчү тараптардын катышуусу менен иштеп чыгууга көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын аймагында жайгашкан чарбакер субъекттердин мүлкүн Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын алкагында укуктук коргоону камсыз кылышат.
5-берене.
Тараптар агро-өнөр жай комплексинде, транспорт жана энергетика чөйрөлөрүндө, тамак-аш жана жеңил өнөр жай тармактарында кызматташууну кеңейтишет.
6-берене.
Тараптар айыл чарба тармагында, дыйканчылыкта жана мал чарбачылыгында жаңы технологияларды ишке киргизүүдө кызматташууну өнүктүрүшөт, айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу чөйрөсүндөгү биргелешкен ишканаларды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
Тараптар чарбакер субъекттерине тышкы экономикалык байланыштарды жүзөгө ашырууда, анын ичинен улуттук товар өндүрүүчүлөрдүн продукциясын Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын рынокторуна чыгарууда, ошондой эле биргелешкен көргөзмөлөрдү жана жарманкелерди, конференцияларды жана бизнес форумдарды уюштурууда жана өткөрүүдө биргелешип көмөк көрсөтүшөт.
8-берене.
Тараптар ишканаларды, акционердик компанияларды, финансылык-өнөр жай топторун түзүүгө, соода үйлөрүн, коммерциялык жана бизнес-борборлорду ачууда Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык көмөк көрсөтүшөт.
9-берене.
Тараптар, эки Тараптын экономикасын жана илимин өнүктүрүү үчүн инновациялардын жана техникалык прогресстин өзгөчө маанилүүлүгүн эске алып, табигый, так, гуманитардык, коомдук жана техникалык илимдер тармагындагы кызматташууну өнүктүрүшөт, прикладдык изилдөө жана жаңы технологиялар, өнөр жайлык жана интеллектуалдык менчикти коргоо чөйрөсүндө кызматташууну бардык чаралар менен кеңейтишет жана дем беришет.
Тараптар өз ара кызыкчылыкты жараткан тармактарда кызматташууну өнүктүрүү үчүн зарыл чараларды көрүшөт жана жаңы технологияларды түзүү жана пайдалануу, эки Тараптын мамлекеттеринин академиялык жана тармактык илим-изилдөө институттарынын өз ара аракеттенүүлөрү боюнча биргелешкен программаларды иштеп чыгууга көмөктөшөт.
10-берене.
Тараптар саламаттык сактоо тармагындагы байланыштарды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүшөт.
Медициналык илимди жана медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү, калкты дары каражаттары менен камсыздоо боюнча биргелешкен иш-аракеттердин зарыл экендигин моюнга алуу менен, Тараптар саламаттыкты сактоо көйгөйлөрү боюнча биргелешкен форумдарды жана адистердин иштиктүү жолугушууларын өткөрүүгө көмөк көрсөтүшөт.
11-берене.
Тараптар туризм тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча макулдашылган чараларды көрүшөт, туристтик делегацияларды алмашууга дем беришет, уюштурулган жана жеке туризмди өнүктүрүү максаттарында ишкердик жүргүзүүчү ассоциациялар менен уюмдардын ортосундагы иштиктүү байланыштарды орнотууга көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташууну чыңдашат жана өнүктүрүшөт, жаштардын, спорттук ассоциациялардын жана уюмдардын ортосундагы байланышты түзүүгө көмөк көрсөтөт, Тараптардын мамлекеттеринин аймагында жүргүзүлгөн иш-чараларга спорттук, жаштар делегацияларынын катышуусуна көмөк көрсөтөт.
12-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин жарандарын жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык колдоо максаттарында мамлекеттик эмгек жана иш менен камсыздоо саясатын ишке ашыруу жагында кызматташат.
13-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга тиешелүү талаш маселелер консультация жана сүйлөшүү жолу менен чечилет.
14-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптар катышуучу болуп саналган башка эл аралык келишимдерден пайда болуучу Тараптардын укуктарына жана милдеттерине тиешеси болбойт.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Эгерде Тараптардын бири экинчи тарапка Макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү өткөнгө чейин алты айдан кечиктирбей анын аракетин токтотуу жөнүндө ниетин билдирген кат жүзүндөгү билдирүү жибербесе, ушул Макулдашуунун аракети кийинки беш жылдык мезгилдерге автоматтык түрдө узарат.
Ушул Макулдашуунун аракетинин токтотулушу аны колдонуу мезгилинде ушул Макулдашуунун алкагында түзүлгөн программаларда жана келишимдерде (контракттарда) каралган милдеттенмелердин аткарылышына таасирин тийгизбейт.
Тараптардын макулдугу менен ушул Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуучу жана өзүнчө протоколдор менен таризделүүчү жана ушул беренеде каралган тартипте күчүнө кирүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
201___-жылдын "___" ___________________ шаарында, ар бири кыргыз, түркмөн жана орус тилдериндеги эки нускада түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө ар кандай талаш-тартыштар болгон учурларда артыкчылык орус тилиндеги текстке берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн |