Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 22-августу № 290-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркменстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 164-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркмөнстандын Өкмөтү:
достук мамилелерин андан ары чыңдоо максаттарында, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүдө өз ара кызыкчылыктарга негизденип,
мындай кызматташтык тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөрүнө ишенип, Тараптардын чарбакер субъекттеринин ортосундагы кызматташтыкты колдоого умтулуу менен,
Тараптардын ортосундагы социалдык-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташууга жагымдуу шарттарды түзүүнү каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар эгемендүү теңдик, өз ара пайдалуулук, узак мөөнөттүү өнөктөштүк принциптеринде жана башка эл аралык укуктагы жалпыга таанылган ченемдерде, ошондой эле Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык өз ара пайдалуу кызматташууну жүзөгө ашырышат жана өнүктүрүшөт.
2-берене.
Тараптар соода-экономикалык тармактарда, ошондой эле саламаттык сактоо, билим берүү, илим, маданият жана искусство, спорт жана туризм жаатында кызматташууну кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшөт жана биргелешкен өндүрүштүк-чарбалык, илимий-техникалык, ишкердик, коммерциялык жана гуманитардык иш жүргүзүү үчүн өз ара пайдалуу шарттарды камсыз кылышат.
Тараптар кыргыз жана түркмөн ишкерлеринин ортосундагы натыйжалуу байланыштарды өнүктүрүү, Тараптардын мамлекеттеринин соода-өнөр жай палаталарынын өз ара аракеттенүүлөрүн активдештирүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
3-берене.
Тараптар экономиканын ар кандай тармактарында жана чөйрөлөрүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө көмөк көрсөтүшөт, товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү алмашуу үчүн таасирдүү чараларды көрүшөт, социалдык-экономикалык өнүктүрүү, тышкы соода иштери, эки тараптуу соода жүргүзүү, биргелешкен жана инвестициялык мамилелер боюнча маалыматтарды жана Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык мамлекеттердин ортосунда маалыматтарды алмашууга көмөк көрсөтүшөт.
4-берене.
Тараптар биргелешкен, анын ичинде үчүнчү тараптардын катышуусу менен өз ара кызыкчылык жараткан инвестициялык долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгууда көмөк көрсөтүшөт.
Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынын алкагында Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын аймагында жайгашкан чарбакер субъекттердин мүлкүн укуктук коргоону камсыз кылышат.
5-берене.
Тараптар агроөнөр жай комплексинде, транспорт жана энергетика чөйрөлөрүндө, химиялык жана нефтини кайра иштетүү өнөр жайында, фармацевтикалык өнөр жайда, тамак-аш жана жеңил өнөр жайында, ошондой эле кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө кызматташууну кеңейтишет.
6-берене.
Тараптар айыл чарба тармагында, дыйканчылыкта жана мал чарбачылыгында жаңы технологияларды ишке киргизүүдө кызматташууну өнүктүрүшөт, айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу чөйрөсүндө биргелешкен ишканаларды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
Тараптар чарбакер субъекттерге тышкы экономикалык байланыштарды жүзөгө ашырууда, анын ичинен улуттук товар өндүрүүчүлөрдүн продукциясын Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын рынокторуна илгерилетүүдө, ошондой эле биргелешкен көргөзмөлөрдү жана жарманкелерди, конференцияларды жана бизнес форумдарды уюштурууда жана өткөрүүдө өз ара көмөк көрсөтүшөт.
8-берене.
Тараптар, Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык ишканаларды, акционердик компанияларды, финансылык-өнөр жай топторун түзүүгө, соода үйлөрүн, коммерциялык жана бизнес-борборлорун ачууга көмөк көрсөтүшөт.
9-берене.
Тараптар, Тараптардын экономикасын жана илимин өнүктүрүү үчүн инновациялардын жана техникалык прогресстин өзгөчө маанилүүлүгүн эске алып, табигый, так, гуманитардык жана коомдук илимдер жаатындагы кызматташууну өнүктүрүшөт, прикладдык изилдөө жана жаңы технологиялар, өнөр жай жана интеллектуалдык менчикти коргоо чөйрөсүндөгү кызматташууну ар тараптуу кеңейтишет жана ага дем беришет.
Тараптар өз ара кызыкчылыкты жаратуучу тармактарда кызматташууну өнүктүрүү үчүн зарыл чараларды көрүшөт жана жаңы технологияларды түзүү жана пайдалануу, Тараптардын мамлекеттеринин тармактык жана академиялык илимий-изилдөө институттарынын өз ара аракеттенүүлөрү боюнча биргелешкен программаларды иштеп чыгууга өбөлгө түзүшөт.
10-берене.
Тараптар саламаттык сактоо тармагындагы байланыштарды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүшөт.
Медициналык илимди жана медициналык мекемелердин материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү, калкты дары каражаттары менен камсыздоо боюнча биргелешкен аракеттердин зарылдыгын моюнга алуу менен, Тараптар саламаттыкты сактоо маселелери боюнча биргелешкен форумдарды жана адистердин иштиктүү жолугушууларын өткөрүүгө өбөлгө түзүшөт.
11-берене.
Тараптар туризм тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча макулдашылган чараларды көрүшөт, туристтик делегациялар менен алмашууга дем беришет, уюштурулган жана жеке туризмди өнүктүрүү максатында ишкердикти жүргүзүүчү ассоциациялардын жана уюмдардын ортосундагы иштиктүү байланыштарды орнотууга көмөк көрсөтүшөт.
Тараптар жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташууну чыңдашат жана өнүктүрүшөт, жаштар, спорттук ассоциациялардын жана уюмдардын ортосундагы байланышты орнотууга көмөк көрсөтүшөт, Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өткөрүлгөн иш-чараларга спорттук, жаштар делегацияларынын катышуусуна көмөк көрсөтүшөт.
12-берене.
Тараптар өз мамлекеттеринин жарандарын жумуш менен камсыз кылуу жана социалдык коргоо максатында калкты эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу маселелери боюнча кызматташышат.
13-берене.
Ушул Макулдашууну талкуулоо жана колдонууга тиешелүү бардык кайчы пикирлер консультация жана сүйлөшүү жолу менен чечилет.
14-берене.
Тараптардын макулдугу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, ал өзүнчө протоколдор менен таризделет жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ушул Макулдашуунун 16-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет.
15-берене.
Ушул Макулдашуу Тараптар катышкан, башка эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт.
Эгерде ушул Макулдашуунун колдонулушу токтогондугу жөнүндө расмий кабарланса, анын беренелеринин жоболору ушул Макулдашуунун негизинде түзүлгөн келишимдер жана контракттар үчүн кийинки беш жыл аралыгында күчүн сактап турат.
16-берене.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлдү жана ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Эгерде Тараптардын бири экинчи тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу ушул Макулдашуунун колдонулуу мөөнөтү аяктаганга чейинки алты айдан кем эмес мезгилде анын аракетин токтотуу жөнүндө өзүнүн ниетин билдирген кат жүзүндөгү билдирүү жөнөтпөсө, ушул Макулдашуунун колдонулушу кийинки беш жылга автоматтык түрдө узартылат.
2018-жылдын "__" августунда Ашхабад шаарында эки нускада, ар бири кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө ар кандай талаш-тартыштар болсо, орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн |