КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2017-жылдын 10-майы № 149-б
Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында 2017-жылдын 15-20-майында өтүүчү Ислам өнүктүрүү банкынын топторунун 42-жылдык жыйынынын ишине Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусу үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында 2017-жылдын 15-20-майында өтүүчү Ислам өнүктүрүү банкынын топторунун 42-жылдык жыйынынын ишине катышуучу Кыргыз Республикасынын делегациясынын КУРАМЫ
Абулгазиев Мухамметкалый Дюшекеевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынан Ислам өнүктүрүү банкындагы башкаруучу, делегациянын башчысы; |
Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы, Кыргыз Республикасынан Ислам өнүктүрүү банкындагы башкаруучунун альтернаты (макулдашуу боюнча); |
Касымалиев Адылбек Алешович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
Аалиев Азиз Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Айдарбеков Айбек Акматбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; |
Омуркулов Азизбек Пазылбаевич | - | "РСК Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Калмуратов Бакыт Турганбаевич | - | Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси; |
Мамасадыков Нурбек Бекболотович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын мамлекеттик инвестициялар программасы бөлүмүнүн башкы адиси. |