Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 12-декабры № 535-б
Кыргыз Республикасы менен Марокко Королдугунун жарандарынын, дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлеринин өз ара барып-келүү режимин тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 10-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Кувейт мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисине бул Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Марокко Королдугунун Өкмөтү (мындан ары "Тараптар" деп аталуучу),
Кыргыз Республикасы менен Марокко Королдугунун дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлеринин кирүүсүн, чыгуусун жана жүрүүсүн жөнөкөйлөтүү жолу менен достук байланышын андан ары чыңдоого көмөк көрсөтүүнү каалап,
өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарынын негизинде иш алып барып;
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Паспорттордун типтери
Бул Макулдашуунун жоболору паспорттордун төмөнкү типтерине тиешелүү:
1. Марокко Королдугунун жарандары үчүн:
- дипломатиялык паспорттор;
- кызматтык паспорттор.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн:
- дипломатиялык паспорттор;
- кызматтык паспорттор.
2-берене. Визалык талаптардан бошотуу
Тараптардын ар биринин мамлекеттеринин жарандарына, дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерине кирген датадан баштап 30 (отуз) календардык күндөн ашпаган мезгилде экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, транзит менен өтүү же болуу үчүн виза алуу талап кылынбайт.
3-берене. Дипломатиялык жана консулдук миссиялардын мүчөлөрү үчүн визалар
Тараптардын ар биринин мамлекеттеринин жарандары, экинчи Тараптын мамлекетинин аймагындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин мүчөлөрү катары дайындалган жарактуу дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери, ошондой эле алардын үй-бүлө мүчөлөрү алар аккредитацияланган мезгилде виза албастан экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кире алышат, болуп жана кайра чыга алышат.
4-берене. Паспорттордун жарактуу мөөнөтү
Тараптардын ар биринин жарандарынын дипломатиялык жана кызматтык паспорттору экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына кирген датадан баштап кеминде 6 (алты) айдан гана ашуун мөөнөткө жарактуу болот.
5-берене. Кирүү жана чыгуу шарттары
Тараптардын мамлекеттеринин жарандарынын, жарактуу дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлеринин экинчи Тараптын мамлекетинин аймагы аркылуу кирүүсү, чыгуусу же транзит менен өтүүсү эл аралык жүргүнчүлөр каттамы үчүн ачылган эки мамлекеттин өткөрүү пункттары аркылуу ишке ашырылат.
6-берене. Бийлик органдарынын укугу
1. Бул Макулдашуу Тараптардын ар биринин мамлекеттеринин жарандарын, дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин экинчи Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарын сактоо милдетинен бошотпойт.
2. Тараптардын ар бири өзүнүн кароосу боюнча экинчи Тараптын каалабаган жарандарын өзүнүн мамлекетинин аймагына киргизүүдөн баш тартууга же болууга мөөнөтүн кыскартууга укуктуу.
7-берене. Колдонулушун токтотуу
Тараптар улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке же калктын ден-соолугуна коркунуч жаралганда, бул Макулдашуунун колдонулушун жарым-жартылай же толугу менен убактылуу токтото алышат. Колдонулушун токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алган Тарап бул чечим күчүнө киргенге чейин 30 (отуз) календарлык күндөн кем эмес дипломатиялык каналдар аркылуу бул чечим жөнүндө экинчи Тарапка кабарлоосу тийиш.
8-берене. Паспорттордун же жол жүрүүчү документтердин үлгүлөрү
1. Тараптар бул Макулдашууга кол коюлгандан кийин отуз күндүк мөөнөткө жарактуу дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун үлгүлөрүн дипломатиялык каналдар аркылуу алмашышат.
2. Жаңы дипломатиялык жана кызматтык паспорттор киргизилген, ошондой эле колдонуудагынын түрү өзгөртүлгөн учурда Тараптар алар колдонулуучу датага чейин 30 (отуз) күндөн кеч эмес бардык өзгөртүүлөр жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кат жүзүндө маалымдоосу керек.
3. Дипломатиялык же кызматтык паспорттор жоголгон же бузулган учурда Тараптардын мамлекеттеринин жарандары келген мамлекетинин компетенттүү органдарына бул жөнүндө токтоосуз маалымдоосу керек.
4. Бул мамлекеттин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери ушул берененин 3-абзацында аталган жарандар үчүн келген мамлекетинин аймагынан чыгуу үчүн зарыл болгон жаңы документтерди берет.
9-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Бул Макулдашууну чечмелөөдө жана имплементациялоодо келип чыккан бардык кайчы пикирлер же талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
10-берене. Оңдоолор
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган, Протокол түрүндө түзүлүүчү оңдоолор бул Макулдашуунун 11-беренесинде аталган жол-жоболорго ылайык күчүнө кирет.
11-берене. Күчүнө кирүүсү, колдонуу мөөнөтү жана аякташы
1. Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгын ырастаган акыркы жазуу жүзүндөгү кабарлоо дипломатиялык каналдар аркылуу алынган датадан тартып 30 (отуз) календарлык күндөн кийин күчүнө кирет.
2. Бул Макулдашуу аныкталбаган мөөнөткө түзүлдү жана Тараптардын бири дипломатиялык каналдар аркылуу бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети тууралуу экинчи Тараптан тийиштүү жазуу жүзүндөгү кабарлоону алган датадан тартып 6 (алты) ай аяктаганга чейин күчүндө калат.
Ушуну ырастоо менен, өздөрүнүн тиешелүү Өкмөттөрү тарабынан тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгондор бул Макулдашууга кол коюшту.
________________, _________________ эки нускада кыргыз, араб, орус, англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Марокко Королдугунун Өкмөтү үчүн |