Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 25-ноябры № 513-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрине аталган Макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстан Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркмөнстан Өкмөтү кирешеге кош салык салууну жоюу жөнүндө Макулдашуу түзүүгө ниеттенип,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене. Макулдашуу колдонула турган жактар
Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттердин биринин же экөөнүн тең резиденти болуп саналган жактарына карата колдонулат.
2-берене. Макулдашуу колдонула турган салыктар
1. Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Мамлекеттин, анын административдик бөлүмдөрүнүн же жергиликтүү бийлик органдарынын атынан, кирешеге салык салуунун ыкмаларына карабастан Макулдашуучу Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык киреше салыгына карата колдонулат.
2. Кирешелердин жалпы суммасынан же алардын айрым элементтеринен алынуучу бардык салыктар, анын ичинде кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан түшкөн кирешелер, ишканалар тарабынан төлөнүүчү эмгек акы төлөө фондунан алынуучу салыктар, ошондой эле мүлктүн наркынын өсүшүнүн натыйжасындагы кирешеден алынуучу салыктар кирешеден алынуучу салыктар деп эсептелет.
3. Ушул Макулдашуу колдонула турган салыктар төмөндөгүлөр болуп эсептелет:
а) Кыргыз Республикасында:
юридикалык жактардын пайдасынан алынуучу салык;
жеке жактардан алынуучу киреше салыгы (мындан ары - "кыргызстандык салыктар" деп аталат);
б) Түркмөнстанда:
юридикалык жактардын пайдасынан (кирешесинен) алынуучу салык;
жеке жактардын киреше салыгы (мындан ары - "түркмөнстандык салыктар" деп аталат).
4. Ушул Макулдашуу, ушул Макулдашууга кол коюлган датадан кийин колдонулган салыктарга толуктоо иретинде же алардын ордуна алына турган ар кандай ушул сыяктуу же маңызы боюнча окшош болгон салыктарга карата колдонулат. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары өздөрүнүн колдонулуп жаткан салык мыйзамдарындагы ар кандай олуттуу өзгөрүүлөр жөнүндө бири-бирине кабарлап турушат.
3-берене. Жалпы аныктамалар
1. Эгер контексттен башкача келип чыкпаса ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
а) "Кыргызстан" деген термин Кыргыз Республикасын билдирет. Географиялык мааниде пайдаланганда "Кыргызстан" деген термин анда Кыргыз Республикасы эл аралык укукка ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырып жаткан жана анда Кыргыз Республикасынын салыктык мыйзамдары колдонулуучу аймакты билдирет;
б) "Түркмөнстан" деген терминди географиялык мааниде пайдаланганда Түркмөнстан эгемендүү укуктарга ээ болгон аймакты эл аралык укуктардын жана мыйзамдардын ченемдерине ылайык эгемендүү укуктарын жана юрисдикциясын жүзөгө ашырган аймакты түшүндүрөт;
в) "жак" деген термин жеке адамды, компанияны жана ар кандай башка жактардын бирикмесин түшүндүрөт;
г) "компания" деген термин корпоративдик бирикмени же салык алуу максаты үчүн корпоративдик бирикме катары каралган ар кандай ишкананы түшүндүрөт;
д) "Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" жана "Экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы" деген терминдер тиешелүүлүгүнө жараша Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы жана экинчи Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти башкарган ишкананы түшүндүрөт;
е) "эл аралык ташуу" деген термин деңиз же аба кемелери, же жер бетиндеги транспорт каражаттары экинчи Макулдашуучу Мамлекеттеги пункттардын ортосунда гана пайдаланылган учурларды копшогондо, Макулдашуучу Мамлекеттин ишканалары пайдалануучу деңиз, аба кемелери же жер бетиндеги транспорт каражаттары менен ар кандай ташууларды түшүндүрөт.
ж) "компетенттүү орган" деген термин төмөнкүнү түшүндүрөт:
(1) Кыргыз Республикасында - Экономика министрлигин же анын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
(2) Түркмөнстанда - Финансы министрлигин жана Башкы мамлекеттик салык кызматын жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлүн;
з) "улуттук жак" термини төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:
(1) Макулдашуучу Мамлекеттин жарандыгына ээ бардык жеке жактар;
(2) Макулдашуучу Мамлекеттин колдонуудагы мыйзамдарына ылайык өз статусун алган бардык юридикалык жактар, шериктештик же ассоциация.
2. Макулдашуучу Мамлекет ушул Макулдашууну колдонууда анда аныкталбаган ар кандай термин, ушул Мамлекеттин башка мыйзамдарында аныкталган маанисинен өтүп Макулдашуу жайылтылган салыктарга карата ушул Мамлекеттин мыйзамдары боюнча мааниге ээ болот.
4-берене. Резидент
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "Макулдашуучу Мамлекеттин резиденти" деген термин ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык анда туруктуу жашаган, туруктуу жайгашкан, башкарган жеринин же ушул мүнөздөгү ар кандай башка критерийдин негизинде, анда салык салына турган каалагандай жакты билдирет. Бирок бул термин ушул Мамлекеттеги булактан алынган кирешеге карата гана ушул Мамлекетте салык салынууга тийиш болгон каалагандай жакты камтыбайт.
2. Ушул статьянын 1-пунктунун жоболоруна ылайык жеке жак эки Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болгон учурда, анын статусу төмөндөгүдөй аныкталышы керек:
а) ал туруктуу турак жайга ээ болгон мамлекеттин гана резиденти болуп эсептелсе; эгерде анын эки Мамлекетте туруктуу турак жайы болсо, ал алда канча тыгыз жеке жана экономикалык байланышы бар (турмуштук таламдарынын борбору) Мамлекеттин резиденти болуп эсептелет;
б) эгерде анын турмуштук таламдарынын борбору болгон Мамлекетти аныктоо мүмкүн болбосо же анын бир дагы Мамлекетте туруктуу турак жайы болбосо, ал өзү адатта жашаган мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет;
в) эгерде жаран адатта эки Мамлекетте жашаса же алардын биринде да жашабаса, ал өзү жараны болуп эсептелген Мамлекеттин гана резиденти деп эсептелет.
г) эгерде ал эки Мамлекеттин жараны болуп эсептелсе же бир дагы Мамлекеттин жараны болуп эсептелбесе, анда Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органдары ушул маселени өз ара макулдашуу боюнча чечишет.
3) Эгерде ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна ылайык жеке жак болуп эсептелбеген жак эки Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болсо, анын башкаруусу иш жүзүндө кайсы жерде жайгашса, ошол Мамлекеттин резиденти болуп эсептелет.
5-берене. Туруктуу мекеме (өкүлчүлүк)
1. Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн "туруктуу мекеме (өкүлчүлүк)" деген термин ишкананын ишкердигин толугу менен же жарым-жартылай ишке ашырылып жаткан туруктуу иштеген жерин билдирет.
2. "Туруктуу мекеме (өкүлчүлүк)" деген термин маанилүү түрдө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) башкаруу орду;
б) бөлүмдү;
в) канторду;
г) фабриканы;
д) чеберкананы, жана
е) шахтаны, мунай же газ скважинасын, карьерди же жаратылыш ресурстарын чалгындоо, казып алуучу жана иштетүү менен байланышкан башка ар кандай жер.
3. "Туруктуу мекеме" деген термин ошондой эле курулуш аятчасын, курулуш, монтаждоо же жыйноо объектисин же алар менен байланышкан көзөмөлдөө ишин камтыйт, бирок эгерде мындай аянтча же объект же ушундай иш 6 айдан ашык улантылса.
4. Ушул берененин мурдагы жоболоруна карабастан, "туруктуу мекеме (өкүлчүлүк)" деген термин төмөнкүлөрдү камтыбайт:
а) курулмаларды жана жабдууларды ишканага гана таандык болгон товарларды же буюмдарды сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максаттары үчүн гана пайдаланууну;
б) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарын сактоо, көрсөтүү же жеткирүү максаттары үчүн гана кармоону;
в) ишканага таандык болгон товарлардын же буюмдардын запастарын башка ишканалардын кайра иштетүү максаттары үчүн гана кармоону;
г) туруктуу иштеген жерин ишкана үчүн товарларды же буюмдарды сатып алуу же болбосо маалымат жыйноо максаттары үчүн гана күтүүнү;
д) туруктуу иштеген жерин ишкана үчүн реклама же илимий изилдөөлөр сыяктуу, даярдоо жана көмөкчү мүнөздөгү башка ишти жүргүзүү максаттары үчүн гана күтүүнү.
5. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабастан, эгерде 6-пункт колдонула турган көз карандысыз статусу бар агенттен башка жак өзүнүн ишин экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасынын атынан Макулдашкан Мамлекетте жүргүзсө, анда бул ишкана ушул жак ишкана үчүн жүзөгө ашырган ар кандай ишке карата ошол Мамлекетте туруктуу мекемеси (өкүлчүлүгү) бар катары каралат, эгерде ушул жактын иши ушул берененин 4-пунктунда эскертилген иш менен чектелсе, эгерде ал туруктуу иштеген жери аркылуу жүргүзүлсө, ушул туруктуу иштеген жерин бул пункттун жоболоруна ылайык туруктуу мекемеге (өкүлчүлүккө) айландырбайт.
6. Ишкана ишкердикти ошол Мамлекетте брокер, комиссионер же ар кандай башка көз карандысыз статуска ээ болгон агент аркылуу жүргүзсө, ушул жактар өзүнүн адаттагы ишинин алкагында иштеген шартта Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеси (өкүлчүлүгү) бар катары саналбайт.
7. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп саналган компания экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компанияны контролдогон же ал тарабынан контролдонгон же ошол экинчи Макулдашкан Мамлекетте ишкердикти жүргүзгөн (же болбосо туруктуу мекеме (өкүлчүлүк), же болбосо кандайдыр бир башка жол менен) факты, өзүнөн-өзү ушул компаниялардын бирин экинчи туруктуу мекемесине (өкүлчүлүгүнө) айланта албайт.
6-берене. Кыймылсыз мүлктөн алынуучу киреше
1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн (айыл жана токой чарбасынан алынган кирешени кошкондо) алынган кирешеге ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. "Кыймылсыз мүлк" деген термин каралып жаткан мүлк жайгашкан Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамы боюнча мааниге ээ болот. Бул термин ар кандай учурда кыймылсыз мүлккө, айыл жана токой чарбасында пайдаланылуучу малга жана жабдууларга карата алганда көмөкчү мүлктү, жер менчигине карата жалпы укуктун жоболору колдонула турган укуктарды, кыймылсыз мүлктүн узурфруктусу жана минералдык ресурстарды, булактарды жана башка жер казыналарын иштеп чыгуу жана иштетүү укугу үчүн компенсация катары өзгөрмөлүү же белгиленген төлөмдөргө укуктарды камтыйт. Деңиз жана аба кемелери, ошондой эле жер үстүндөгү транспорт кыймылсыз мүлк катары каралбайт.
3. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору кыймылсыз мүлктү ар кандай башка формада тикелей пайдалануудан, ижарага берүүдөн же пайдалануудан алынуучу кирешелерге карата да колдонулат.
4. Ушул берененин 1 жана 3-пункттарынын жоболору ишкананын кыймылсыз мүлкүнөн алынган кирешелерге карата да тиешелүү.
7-берене. Ишкердиктен түшкөн пайда
1. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасынын пайдасына, эгерде мындай ишкана экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме (өкүлчүлүк) аркылуу ишкердикти жүргүзбөгөндө гана, ошол мамлекетте салык салынат. Эгерде ишкана өз ишин жогоруда айтылгандай ишке ашырса, ишкананын пайдасына экинчи Мамлекетте, бирок анын ушундай мекемеге (өкүлчүлүккө) таандык болгон бөлүгүнө гана салык салынышы мүмкүн.
2. Ушул берененин 3-пунктунун жоболорун эске алуу менен эгер Макулдашуучу Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашуучу Мамлекетте анда жайгашкан туруктуу мекеме (өкүлчүлүк) аркылуу ишкердикти жүргүзсө, анда ар бир Макулдашуучу Мамлекетте бул туруктуу мекемеге (өкүлчүлүккө), эгер ал өз алдынча жана өзүнчө ишкана болгондо, ушундай же ушуга окшогон шартта ушундай же ушуга окшогон ишти жүргүзгөн жана анын туруктуу мекемеси болуп саналган ишканадан толук көз карандысыз аракеттенгенде алышы мүмкүн болгон пайда кирет.
3. Туруктуу мекеменин (өкүлчүлүктүн) пайдасын аныктоодо башкаруу жана жалпы административдик чыгымдарды кошкондо, туруктуу мекеменин (өкүлчүлүктүн) максаттары үчүн келтирилген чыгымдарды, бул чыгымдар туруктуу мекеме (өкүлчүлүк) жайгашкан Мамлекетте же анын чегинен тышкары жасалганына карабастан, эсептен чыгарууга жол берилет.
4. Эгерде Макулдашуучу Мамлекет тарабынан туруктуу мекемеге (өкүлчүлүккө) тийиштүү пайда ишкананын жалпы пайдасын анын ар түрдүү бөлүнүштөрү боюнча пропорциялуу бөлүштүрүүнүн негизинде аныкталса, ушул берененин 2-пункту ушул Макулдашуучу Мамлекетке адатта кабыл алынгандай мындай бөлүштүрүү аркылуу салык салынуучу пайданы аныктоого тыюу салбайт; бөлүштүрүүнүн кабыл алынган методу ушул беренеде камтылган принциптерге ылайык келген натыйжаларды бериши керек.
5. Эгерде Макулдашкан Мамлекеттин биринин компетенттүү органы ээ болгон маалымат же алар тарабынан ушул берененин 3 жана 4-пункттарына ылайык жеңил эле алынышы мүмкүн болгон маалымат, ал туруктуу мекеменин (өкүлчүлүктүн) пайдасын аныктоо үчүн жетиштүү болуп саналбайт, пайда ушул Мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык эсептелиши мүмкүн.
6. Эч кандай пайда ушул туруктуу мекеме (өкүлчүлүк) тарабынан ишкана үчүн товарларды же буюмдарды сатып алуунун негизинде гана туруктуу мекемеге таандык кылынбайт.
7. Эгерде белгиленген тартипти өзгөртүү үчүн олуттуу жана жетиштүү себептер болбосо, мурдагы пункттардын максаттары үчүн туруктуу мекемеге (өкүлчүлүккө) таандык болгон пайда жыл сайын бир эле ыкма менен аныкталат.
8. Эгерде пайда ушул Макулдашуунун башка беренелеринде өзүнчө каралган кирешенин элементтерин же кирешени камтыса, анда бул беренелердин жоболору ушул берененин жоболоруна тиешелүү болбойт.
8-берене. Эл аралык ташуулар
1. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан деңиз же аба кемелерин, жер үстүндөгү транспорту эл аралык ташууларда пайдалануудан алынган пайдага ошол Мамлекетте гана салык салынат.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболору пулга, биргелешкен ишканага же тиешелүү транспорт каражаттарын пайдалануучу эл аралык уюмга катышуудан алынган пайдага карата да колдонулат.
9-берене. Ассоциацияланган ишканалар
1. Эгерде:
а) Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же анын капиталына тикелей же кыйыр түрдө катышса, же
б) бир эле жактар, ошондой эле экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы Макулдашкан Мамлекеттин ишканасын башкарууга, контролдоого же анын капиталына тикелей же кыйыр түрдө катышса жана ар бир учурда эки ишкананын ортосунда алардын коммерциялык жана финансылык өз ара мамилелеринде эки көз карандысыз ишкананын ортосундагы боло турган мамилелерден айырмаланган шарттар түзүлсө же белгиленсе, анда алардын биринин эсебине чегериле турган, бирок бул шарттардын бар экендигинен ага чегерилбеген ар кандай пайда, бул ишкананын пайдасына киргизилиши жана тийиштүү түрдө салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде Макулдашкан Мамлекет ушул Мамлекеттин ишканасынын пайдасына салык салууну киргизсе жана тиешелүү түрдө экинчи Макулдашкан Мамлекеттин ишканасынын ушул экинчи Мамлекетте салык салынган пайдасына салык салса жана ушундай жол менен киргизилген пайда биринчи эскертилген Мамлекеттин ишканасына чегерилсе, эгерде эки ишкананын ортосундагы мамилелер көз карандысыз ишканалардын ортосундагы мамилелер сыяктуу эле болсо, анда бул экинчи Мамлекет өзүндө ушул пайдага эсептелген салыктын суммасына тиешелүү оңдоп-түзөтүү киргизет. Ушундай оңдоп-түзөтүү аныкталган учурда ушул Макулдашуунун башка жоболору каралууга тийиш, ал эми Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органдары зарыл учурда бири-бирине консультация өткөрүшөт.
10-берене. Дивиденддер
1. Макулдашкан Мамлекеттин биринин резиденти болуп эсептелген компания тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү дивиденддерге мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай дивиденддерге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекетте да салык салынышы мүмкүн; бирок эгерде дивиденддерди алуучу экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, анда мындай жол менен алынуучу салык дивиденддердин жалпы суммасынын 10%инен ашпоого тийиш.
Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча ушул чектөөлөрдү колдонуунун ыкмасын белгилешет.
Бул пункт компаниянын дивиденддер төлөнө турган пайдасынан салык алууга тиешелүү болбойт.
3. Ушул беренеде пайдаланганда "дивиденддер" деген термин акциялардан, кен иштетүүчү ишканалардын акцияларынан, уюштуруучулук акциялардын жана карыздык талап болуп эсептелбеген, бирок пайдага катышууга укук берүүчү башка укуктардан алынуучу кирешени жана башка корпоративдик укуктардан кирешени билдирет, буга пайданы бөлүштүрүүчү компания резиденти болуп эсептелген Мамлекеттин салык мыйзамдарына ылайык акциялардан алынуучу киреше сыяктуу эле салык салынат.
4. Эгерде дивиденддерди алуучу Макулдашкан Мамлекеттердин биринин резиденти болуу менен, дивиденддерди төлөгөн компания резиденти болуп эсептелген экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекеме (өкүлчүлүк) аркылуу ишкердик жүргүзсө жана ага карата дивиденддердин төлөнүшүнө катышса, ушундай туруктуу мекемеге чындыгында байланышы бар болсо, анда 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда 7-берененин жоболору колдонулат.
5. Эгерде Макулдашкан Мамлекеттердин биринин резиденти болуп эсептелген компания экинчи Макулдашкан Мамлекеттен пайда же киреше алса, анда ушул экинчи Мамлекет эгерде ушундай дивиденддер мына ушул экинчи Мамлекеттин резидентине төлөнгөндөн же өзүнө карата дивиденддер иш жүзүндө ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу мекемеге же туруктуу базага таандык кылынгандан башка учурларда, ошондой эле компаниянын бөлүштүрүлбөгөн пайдасына салык салынбагандан башка учурларда, эгерде төлөнгөн дивиденддер же бөлүштүрүлбөгөн пайда толугу менен же жарым-жартылай мына ушул экинчи Мамлекетте келип чыккан пайдадан же кирешеден турса дагы ал компания төлөөчү дивиденддерден эч кандай салык ала албайт.
11-берене. Пайыздар
1. Бир Макулдашкан Мамлекетте пайда болгон жана экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнүүчү пайыздарга мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, мындай пайыздарга ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык алар келип чыккан Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн, бирок ушундай жол менен алынуучу салык пайыздардын жалпы суммасынын 10 пайызынан жогору болбоого тийиш. Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча ушул чектөөнү колдонуунун ыкмасын белгилешет.
3. 2-берененин 2-пунктунун жоболоруна карабастан, эгерде ушул пайыздар Кыргызстандын Өкмөтүнө же Улуттук банкына, же Түркмөнстандын Борбордук банкына төлөнсө, пайыздар Макулдашкан Мамлекетте салык салуудан бошотулат.
4. Ушул беренеде пайдаланганда "пайыздар" деген термин күрөө менен камсыз кылынган же камсыз кылынбаган ар кандай түрдөгү карыздык талаптардан алынуучу, карызкорлордун пайдага катышуусуна укук берген же укук бербеген, атап айтканда өкмөттүк баалуу кагаздардан киреше алууга жана облигациялардан же карыздык милдеттенмелерден киреше алууга, анын ичинде ушул баалуу кагаздар, облигациялар же карыздык милдеттенмелер боюнча сый акылардан жана утуштардан алынуучу кирешеге укук берген карыздык ар кандай түрдөгү талаптардан алынган кирешени билдирет. Ушул берененин максаты үчүн, өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айып акылар пайыздар катары каралбайт.
5. Эгерде пайыздардын иш жүзүндөгү ээси бир Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуу менен экинчи Макулдашкан Мамлекетте ишкердик жүргүзсө жана ал жерде жайгашкан туруктуу мекеме аркылуу пайыздар келип чыкса, же болбосо мына ушул экинчи Мамлекетке, ал жерде жайгашкан туруктуу базадан көз карандысыз жеке кызматтарды же карыздык талаптарды көрсөтсө, анын негизинде пайыздар төлөнсө, ал иш жүзүндө ушундай туруктуу мекеме (өкүлчүлүк) менен байланышта болсо, ушул берененин 1 жана 2-пункттарынын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайга жараша 7-берененин жоболору колдонулат.
6. Эгерде ушул Мамлекеттин өзү, анын аймактык администрациялык бөлүмү, бийликтин жергиликтүү органы же ушул Мамлекеттин резиденти төлөөчү болуп эсептелсе, пайыздар Макулдашкан Мамлекетте келип чыгат деп эсептелет. Бирок эгерде пайыздарды төлөгөн жак өзүнүн Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелгендигине же андай болбогондугуна карабастан Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекемеге (өкүлчүлүккө) же туруктуу базага ээ болсо, ошого байланыштуу пайыздар боюнча карыз келип чыкса жана ушул пайыздарды төлөө боюнча чыгашаларды ушундай туруктуу мекеме (өкүлчүлүк) тартса, анда ушундай пайыздар туруктуу мекеме (өкүлчүлүк) же туруктуу база жайгашкан Мамлекетте пайда болду деп эсептелет.
7. Эгерде пайыздарды төлөөчүнүн жана анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же алардын экөөнүн жана кандайдыр бир үчүнчү жактын ортосундагы өзгөчө мамилелердин себеби боюнча карыздык милдеттенмеге таандык кылынган пайыздардын суммасы ал төлөнө турган негиздеги пайыздарды төлөөчү жана анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосунда макулдашылган суммадан ашып кетсе, ушундай мамилелер жок болгондо ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата гана колдонулат. Мындай учурда төлөмдүн ашык бөлүгүнө мурдагыдай эле ар бир Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эсепке алуу менен салык салынат.
12-берене. Роялти
1. Бир Макулдашкан Мамлекетте келип чыккан жана экинчи Макулдашкан Мамлекетке төлөнүүчү роялтиге мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Бирок мындай роялтиге ушул Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык келип чыга турган Макулдашкан Мамлекетке салык салынышы мүмкүн, бирок эгерде аны алуучу роялтинин иш жүзүндөгү ээси болуу менен, экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, мына ушундай жол менен алынуучу салык роялтинин жалпы суммасынын 10 пайызынан жогору болбоого тийиш. Макулдашкан Мамлекеттердин компетенттүү органдары өз ара макулдашуу боюнча ушундай чектөөлөрдү колдонуунун ыкмасын белгилешет.
3. "Роялти" деген термин ушул беренеде пайдаланылганда адабияттын, искусствонун ар кандай чыгармаларын же илимий эмгектерди, анын ичинде программалык камсыз кылууну, кинофильмдерди, ар кандай патенттерди, соода маркаларын, дизайнды же моделди, планга, жашыруун формуланы же процессти же аларга болгон автордук укуктарды пайдалануу укугун берүү үчүн же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий жабдууну же өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбага тиешелүү маалыматты тиешелүү пайдалануу укугу үчүн алынуучу акыны билдирет.
4. Эгерде роялтинин иш жүзүндөгү ээси Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуу менен, ал жерде жайгашкан туруктуу мекеме (өкүлчүлүк) аркылуу роялти келип чыккан экинчи Макулдашкан Мамлекетте туруктуу мекеме (өкүлчүлүк) аркылуу ишкердик жүргүзсө, же болбосо мына ушул экинчи Мамлекетте жайгашкан туруктуу база аркылуу көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтсө жана роялти төлөнө турган укук же мүлк чындыгында эле мына ушундай туруктуу мекеме (өкүлчүлүк) же туруктуу база менен байланыштуу болсо, анда 1 жана 2-пункттардын жоболору колдонулбайт. Мындай учурда жагдайга жараша 7-берененин жоболору колдонулат.
5. Эгерде роялтини төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы же алардын экөөнүн ортосундагы же кандайдыр бир башка жак менен өз ара өзгөчө мамилелердин себеби боюнча роялтинин негиздүү төлөнө турган суммасы, ага болгон укукка же маалыматка таандык болгон роялтинин суммасынан аны төлөөчү менен анын иш жүзүндөгү ээсинин ортосундагы Макулдашылган суммадан ашып кетсе, анда ушул берененин жоболору акыркы эскертилген суммага карата колдонулат. Ушундай учурда төлөмдүн ашып кеткен бөлүгүнө ар бир Макулдашкан Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуунун башка жоболорун тиешелүү түрдө эсепке алуу менен салык салынууга тийиш.
13-берене. Мүлктөн алынчу кирешелер
1. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан 6-беренеде эскертилген кыймылсыз мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган жана экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан кирешесине мына ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Макулдашкан Мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашкан Мамлекетте болгон туруктуу мекемесинин ишкердик мүлкүнүн бир бөлүгүн түзгөн кыймылдуу мүлктү же экинчи Макулдашкан Мамлекеттеги Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин карамагында болгон туруктуу базага таандык кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге көз карандысыз жеке кызматтарды көрсөтүү максатында, анын ичинде ушундай туруктуу мекемени же ушундай туруктуу базаны ээликтен ажыратуудан алынуучу (өзүнчө же бүткүл ишкана менен чогуу), кирешелерге ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
3. Эл аралык ташууларда пайдаланылуучу деңиз же аба кемелерин, же жердеги транспортту, же ушундай аба же деңиз кемелерин, жердеги транспортту пайдаланууга байланыштуу кыймылдуу мүлктү ээликтен ажыратуудан Макулдашкан Мамлекеттин резиденти алган кирешелерге ошол ишкананы иш жүзүндө башкарган жери жайгашкан Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
4. Активдери тикелей же кыйыр түрдө, толугу менен же негизинен экинчи Макулдашкан Мамлекетте жайгашкан кыймылсыз мүлктөн турган компаниянын акцияларын жана башка корпоративдүү укуктарын ээликтен ажыратуудан алган Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин кирешелерине ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
5. Ушул берененин 1, 2, 3 жана 4-пункттарында аталбаган ар кандай башка мүлктү ээликтен ажыратуудан алынган кирешелерге мүлктү ээликтен ажыраткан жак резиденти болуп эсептелген Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
14-берене. Көз каранды жеке кызмат көрсөтүүлөр
1. Ушул Макулдашуунун 15, 17 жана 18-беренелеринин жоболорун эске алганда, эгерде жалданма жумуш экинчи Макулдашкан Мамлекетте аткарылбаса, Макулдашкан Мамлекеттин резиденти жалданма жумушка байланыштуу алган эмгек акысына, маянасына жана башка ушул сыяктуу акы төлөөгө ушул Мамлекетте гана салык салынууга тийиш. Эгерде жалданма жумуш ушундай жол менен аткарылса, анда ушуга байланыштуу алынган акы төлөөгө ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна карабай, Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашырылган жалдоо боюнча жумушка байланыштуу алынган акы төлөөгө төмөнкү учурларда биринчи аталган Мамлекетте гана салык салынат, эгерде:
а) алуучу экинчи Мамлекетте тиешелүү салыктык жылда башталган же аякталган ар 12 айлык мезгилде чогуу алганда 183 күндүн ичинде же андан ашпаган мезгилде болсо, жана
б) акы төлөө экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелбеген жалдоочу тарабынан же жалдоочунун атынан төлөнсө; жана
в) жалдоочу экинчи Мамлекетте ээлик кылган туруктуу мекеме (өкүлчүлүк) акы төлөө боюнча чыгымдарды көтөрбөйт.
3. Ушул берененин жогорудагы жоболоруна карабай, эл аралык ташууларда жүргүзүлгөн жалданма жумушка байланыштуу акы төлөө ишкананы иш жүзүндө башкарган жери жайгашкан Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
15-берене. Директорлордун гонорарлары
Макулдашкан Мамлекеттин резиденти экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген компаниянын Директорлор кеңешинин мүчөсү катарында алган директорлордун гонорарларына жана башка ушуга окшогон төлөмдөргө ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
16-берене. Артисттер жана спортсмендер
1. Бул Макулдашуунун 7 жана 14-беренелеринин жоболоруна карабай, Макулдашкан Мамлекеттин резиденти искусствонун кызматкери, атап айтканда театрдын, кинонун, радионун же телекөрсөтүүнүн артисти же музыканты, же спортчу катары экинчи Макулдашкан Мамлекетте жүзөгө ашырган жеке ишинен алган кирешесине ошол экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн.
2. Эгерде искусство кызматкери же спортчу ушул жаатында жүргүзгөн жеке ишинен түшкөн кирешеси искусство кызматкеринин же спортчунун жеке өзүнө чегерилбей, башка жакка чегерилсе, 7 жана 14-беренелердин жоболоруна карабай, бул кирешеге артист же спортчу иштеген Макулдашкан Мамлекетте салык салынат.
3. Бул беренин 1 жана 2-пункттарынын жоболоруна карабай, ушул беренеде аталган киреше, эгер мындай иш Макулдашкан Мамлекеттер жактырган маданий же спорттук алмашуу программасынын алкагында ушул Мамлекетте жүргүзүлсө, искусство кызматкери же спортчу аталган ишин жүргүзгөн Макулдашкан Мамлекетте салыктан бошотулат.
17-берене. Пенсиялар жана аннуитеттер
1. 18-берененин 2-пунктунун жоболорун эске алуу менен пенсияларга жана Макулдашкан Мамлекеттин резидентине мурда жалдап жүргүзүлгөн ишине төлөнүүчү башка акы төлөөлөргө жана аннуитетке ошол Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
2. "Аннуитет" термини жеке адамга өмүр бою белгиленген убакытта мезгил-мезгили менен төлөнүүчү же акчалай же наркын шайкеш жана толук акы төлөөнүн ордуна төлөө милдеттенмесине ылайык аныкталган же конкреттүү белгиленген мезгилде төлөнүүгө тийиш белгиленген сумманы билдирет.
18-берене. Мамлекеттик кызматтан түшкөн киреше
1. а) Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык бөлүмү, же бийликтин жергиликтүү органы тарабынан жеке жакка ушул Мамлекет же анын администрациялык бөлүмү, же жергиликтүү бийлик органы үчүн көрсөткөн кызматы үчүн, пенсиялардан жана ошого окшогон төлөмдөрдөн башка акы төлөөгө ушул Мамлекетте гана салык салынат.
б) бирок, ушундай акы төлөөгө, эгерде кызмат экинчи Мамлекетте көрсөтүлсө жана жеке жак ушул экинчи Мамлекеттин резиденти болуп эсептелсе, салык Экинчи Макулдашкан Мамлекетте гана салынат, эгерде аталган жак:
(1) ушул Мамлекеттин жараны болуп эсептелсе;
(2) кызматты жүзөгө ашыруу максатында гана ушул Мамлекеттин резиденти болбосо.
2. (а) Макулдашкан Мамлекет же анын администрациялык бөлүмү, же жергиликтүү бийлик органы, же алар тарабынан түзүлгөн фонддор тарабынан жеке жакка ушул Мамлекет, анын администрациялык бөлүмү, же бийликтин жергиликтүү органы үчүн кызмат кылгандыгына төлөнүүчү ар кыл пенсияга ушул Мамлекетте гана салык салынат.
б) бирок ушундай пенсияга, эгерде жеке жак ушул Мамлекеттин резиденти жана жараны болуп саналса, ошол Макулдашкан Мамлекетте гана салык салынат.
3. 14, 15, 16, жана 17-беренелердин жоболору Макулдашкан Мамлекетте же анын администрациялык бөлүмүндө, же жергиликтүү бийлик органында ишкердикти аткарууга байланыштуу жүргүзгөн кызматына карата акыга жана пенсияларга колдонулат.
19-берене. Студенттер
Бир Макулдашкан Мамлекетке келгенге чейин экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген жана биринчи Мамлекетте жалаң гана окуу же билим алуу максатында болгон жана жашоо, окуу, билим алуу максатында гана жүргөн студент же стажер алган төлөмдөргө, ушундай төлөмдөр ушул Мамлекеттин сыртында жайгашкан булактардан келген шартта ушул Мамлекетте салык салынбайт.
20-берене. Башка кирешелер
1. Ушул Макулдашуунун мурдагы беренелеринде аталбаган, Макулдашкан Мамлекеттин резидентинин кирешесинин түрлөрүнө, алардын пайда болгон булактарына карабай, ошол Мамлекетте гана салык салынууга тийиш.
2. 6-берененин 2-пунктунда аныкталган кыймылсыз мүлктөн түшкөн кирешелерди кошпогондо, эгерде ушул кирешелерди алуучу Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болбосо, ишкердикти башка Макулдашкан Мамлекетте андагы жайгашкан мекеме (өкүлчүлүк аркылуу жүргүзсө же көз карандысыз жеке кызматтарды ошол башка Мамлекетте андагы жайгашкан туруктуу база аркылуу көрсөтсө жана кирешени тапкан укугу же мүлкү ошол туруктуу мекеме (өкүлчүлүк) менен байланыштуу болсо, ушул берененин 1-пунктунун жоболору кирешелерге колдонулбайт. Мындай учурда кырдаалга жараша бул 7-берененин жоболору колдонулат.
21-берене. Кош салык салууну жоюу
1. Эгерде бир Макулдашкан Мамлекеттин резидентине ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык экинчи Макулдашкан Мамлекетте салык салынышы мүмкүн болгон кирешени алса, биринчи Мамлекет ушул резидентин кирешесинен алынуучу салыктан ушул экинчи Мамлекетте кирешеден алынган салыкка барабар болгон сумманы чыгарып салууга уруксат берет.
Ушул чыгарып салуу ар кандай учурда кырдаалга жараша ушул экинчи Мамлекетте салык салынышы мүмкүн болгон кирешелерге кирген, эсептен чыгарып салуу берилгенге чейин эсептелип чыккан кирешеге ушундай салыктын бөлүгүнөн ашпоого тийиш.
2. Эгерде ушул Макулдашуунун ар жобосуна ылайык Макулдашкан Мамлекеттин резиденти тарабынан алынган киреше ушул Мамлекетте салык салуудан бошотулса, ушул Мамлекет ошондой болсо да ушул резиденттин кирешесинин калган бөлүгүнө салыктын суммасын эсептөөдө салык салуудан бошотулган кирешени эсепке алышы мүмкүн.
22-берене. Басмырлоого жол бербөө
1. Бир Макулдашкан Мамлекеттин улуттук жактары экинчи Макулдашкан Мамлекетте мына ушул Мамлекеттин улуттук жактары ошол эле шарттарда тартыла турган салык салуудан же ага байланыштуу милдеттенмелерден башка же алда канча оор салык салууга же ага байланыштуу салык салууга караганда башка милдеттенмеге, атап айтканда резиденттик жагындагы милдеттенмелерге тартылбайт. 1-берененин жоболоруна карабастан мындай жобо бир же эки Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген жактарга карата колдонулбайт.
2. Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп эсептелген жарандыгы жок адамдар аталган Мамлекеттин улуттук жактары ошол эле жагдайларда, атап айтканда резиденттикке карата алганда салык салуу жана ага байланыштуу милдеттенмелерге караганда башка же алда канча оор салык салууга тартылбайт.
3. Бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашкан Мамлекетте болгон туруктуу мекемесине салык салуу мына ушул экинчи Мамлекетте ушул сыяктуу ишти жүргүзгөн ишканага салык салууга караганда жагымсыз болбоого тийиш. Бул Жобо бир Макулдашкан Мамлекетти экинчи Макулдашкан Мамлекетке ал өзүнүн жеке резиденттерине бере турган жарандык статусунун же үй-бүлөлүк милдеттенмелеринин негизинде салык салуу максаттары үчүн кандайдыр бир жеңилдиктерди, эсептен чыгарууларды жана чыгарып салуулар милдеттендирилген чара катары түшүндүрүлбөөгө тийиш.
4. 9-берененин 1-пунктунун, 11-берененин 7-пунктунун же 12-берененин 6-пунктунун жоболору колдонулгандан башка учурларда, бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасы тарабынан экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине төлөнгөн роялтинин проценттери жана башка төлөмдөрү ушундай ишкананын салык салынуучу пайдасын аныктоо максаттарында, ошондой эле шарттарда эсептен чыгарылууга тийиш, мында алар биринчи эскертилген Мамлекеттин резидентине төлөнгөндөй болот. Бир Макулдашкан Мамлекеттин ишканасынын экинчи Макулдашкан Мамлекеттин резидентине мына ушул ишкананын салык салынуучу капиталын аныктоо максаттарындагы ар кандай карызы биринчи эскертилген Мамлекеттин резидентине болгон карызы сыяктуу шарттарга ылайык эсептен чыгарылууга жатат.
5. Капиталы толугу менен же жарым-жартылай бир же бир нече резидентке таандык болгон же тикелей же кыйыр түрдө экинчи Макулдашкан Мамлекеттин бир нече резиденти тарабынан контролдонгон ишкана биринчи эскертилген Мамлекетте ушул биринчи эскертилген Мамлекеттеги башка ушул сыяктуу ишканалар тартылган же тартылышы мүмкүн болгон салык салуудан же ага байланыштуу милдеттенмелерден башка же ага байланыштуу милдеттенме боюнча алда канча оор салык салууга тартылышы мүмкүн эмес.
23-берене. Өз ара макулдашуу жол-жобосу
1. Эгерде Макулдашкан Мамлекеттин резиденти болуп саналган жак бир же эки Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келет же алып келди деп эсептесе, ал бул Келишим түзүүчү Мамлекеттердин улуттук мыйзамдарында каралган коргоо каражаттарына карабастан, ал резиденти болуп саналган Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органдарынын кароосуна өзүнүн ишин бере алат. Арыз ушул Макулдашуунун жоболоруна ылайык келбеген салык салууга алып келүүчү аракеттер жөнүндө кабарланган учурдан тартып үч жылдын ичинде берилүүгө тийиш.
2. Компетенттүү орган дооматты негиздүү деп тапса, ал өзү канааттандыраарлык чечимге келе албаса, ушул Макулдашууга ылайык келбеген салык салуудан баш тартуу маселесин экинчи Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органы менен өз ара макулдашуу боюнча чечүүгө умтулат. Жетишилген ар кандай макулдашуу, экинчи Макулдашкан Мамлекеттин улуттук мыйзамдарында каралган кандайдыр бир убактылуу чектөөлөрсүз аткарылууга тийиш.
3. Келишим түзүүчү Мамлекеттердин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун колдонууга байланыштуу келип чыгуучу ар кандай кыйынчылыктарды же шектенүүлөрдү өз ара макулдашуу аркылуу чечүүгө умтулат. Алар өз ара ушул Макулдашууда каралган учурларда кош салык салууну жоюу максатында кеңешиши мүмкүн.
4. Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органдары ушул Макулдашуу боюнча макулдашууга жана өз ара түшүнүүгө жетишүү максатында бири-бири менен түз байланышка чыга алышат.
24-берене. Маалыматтарды алмашуу
1. Макулдашкан Мамлекеттин компетенттүү органдары ушул Макулдашуунун жоболорун же Макулдашкан Мамлекеттин улуттук мыйзамдарын аткаруу үчүн зарыл болгон, бул Мыйзамга каршы келбеген салык алуу боюнча мыйзамдарга тиешелүү маалыматтарды алышат, маалымат алышуу Макулдашуунун 1 жана 2-беренеси менен чектелбейт.
2. Келишим түзүүчү Мамлекет 1-пунктта ылайык, алган кандай маалымат болбосун ушул Макулдашкан Мамлекеттин улуттук мыйзамдарынын алкагында алынган башка маалымат сыяктуу эле купуя маалымат болуп саналат жана салыктарды эсептеп чыгуу же жыйноо, мажбурлап өндүрүп алуу же куугунтукка алуу, ошондой эле ушул Макулдашууда аталган салыктарга карата аппеляцияларды карап чыгуу менен иштеген органдарга (сотторду же администрациялык органдарды кошкондо) жана адамдарга гана маалымат берилет. Мындай адамдар же органдар ошол маалыматты ушул максаттар үчүн гана колдонушат.
3. Бул берененин 1-2-пунктунун жоболору кандай учур болбосун Макулдашкан Мамлекетти төмөнкүлөргө милдеттендирүүчү катары чечмеленүүгө тийиш эмес:
а) тигил же бул Макулдашкан Мамлекеттин улуттук мыйзамдарына жана администрациялык практикасына каршы келген администрациялык чараларды көрүүгө;
б) тигил же бул Макулдашкан Мамлекеттин улуттук мыйзамдары боюнча же демейдеги администрациялык практиканын жүрүшүндө алууга мүмкүн болбогон маалыматты берүүгө;
в) кандайдыр бир соода, ишкердик, өнөр-жайлык, коммерциялык же кесиптик жашыруун сырды же болбосо соода процессин ачыкка чыгаруучу же мамлекеттик саясатка каршы келүүчү маалыматты берүүгө.
4. Эгерде маалымат Макулдашкан бир Мамлекет тарабынан ушул беренеге ылайык суралган болсо, экинчи Макулдашкан Мамлекет суралган маалыматты экинчи Мамлекетке берүү үчүн, экинчи Макулдашуучу Мамлекет ошол маалыматка өзүнүн салыктык максатында муктаж болсо, маалымат чогултуу боюнча өз чараларын пайдалануусу керек. Бул милдеттер 3-пункт менен чектелсе да мындай чектөөлөр Макулдашкан Мамлекет үчүн маалымат берүүдөн баш тартуу катары кабыл алынбайт, жана мындай маалыматты ички кызыкчылыктарга карабай коюу дегендикке жатпайт.
5. Жогорудагы 3-пункттун жоболору Макулдашкан Мамлекетке маалымат берүүдөн баш тартуу, маалымат банктын карамагында тургандыгына байланыштуу, башка финансылык ишканалардын карамагында тургандыгына байланыштуу, же ишенимдүү адам катары агенттикте аракеттенген жактарда болгондугуна байланыштуу же болбосо маалымат жеке адамдардын укугуна тиешелүү болгону үчүн деп чечмеленбеши керек.
25-берене. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлери
Ушул Макулдашуунун бир дагы жобосу эл аралык укуктун жалпы ченемдери же атайын макулдашуулардын негизинде белгиленген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин салыктык артыкчылыктарына тиешелүү болбойт.
26-берене. Күчүнө кириши
1. Макулдашкан Мамлекет ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн алардын мыйзамдары талап кылуучу зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кат жүзүндө билдирүү аркылуу бири-бирине кабарлаган күндөн баштап күчүнө кирет.
2. Ушул Макулдашуу төмөнкүлөргө тиешелүү:
а) салык булагынан кармалган салыктарга карата ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан же биринчи январынан кийин төлөнгөн же эсепке алынган суммага карата;
б) башка салыктарга карата - бул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январында же андан кийин башталуучу салык салынуучу мезгилдерге карата күчүнө кирет.
27-берене. Колдонулушун токтотуу
Ушул Макулдашуу Макулдашкан Мамлекеттин бири анын колдонулушун токтотконго чейин күчүндө кала берет. Келишим түзүүчү Мамлекеттердин ар бири ушул Макулдашуу күчүнө кирген жылдан баштап ар кайсыл календардык жылдын аягына чейин кеминде алты ай мурда Макулдашуунун күчүн токтотуу жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча жазуу жүзүндө кабарлап, Макулдашуунун колдонулушун токтотушу мүмкүн.
Мындай учурда Макулдашуу төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:
а) мындай кабарлоо берилген календардык жылдын биринчи январынан тартып же биринчи январдан кийин төлөнгөн же чегерилген суммаларга карата салык булагынан алынуучу салыктарга карата;
б) мындай кабарлоо берилген календардык жылдан кийинки календардык жылдын биринчи январынан кийинки же биринчи январынан кийин башталган ар кандай салыктык мезгилдерде салынуучу салыктарга карата.
Буга ыйгарым укук берилгендер ушуларды ырастап, ушул Макулдашууга кол коюшту.
_____-жылдын "___"_________________ 2 нускада, кыргыз, түркмөн жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Пикир келишпестиктер пайда болгон учурда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркмөнстан Өкмөтү үчүн |