Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 25-ноябры № 512-б
2017-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясын иштеп чыгуу максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Ведомстволор аралык комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия:
- 2016-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө салык мыйзамдарына пакеттик өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун толуктап иштеп чыксын;
- үч айлык мөөнөттө 2017-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясынын долбоорун толуктап иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык комиссия өз ишин камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу экендиги белгиленсин:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-ассоциациялардын жана эксперттик коомдун өкүлдөрүн тартууга;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, бизнес-ассоциациялардан жана эксперттик коомдон зарыл болгон маалыматтарды сурап алууга.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аныкталсын.
5. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ведомстволор аралык комиссиянын ишине көмөк көрсөтүшсүн.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
Ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кожошев Арзыбек Орозбекович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министри, ведомстволор аралык комиссиянын тең төрагасы; |
Макеев Нурланбек Кадыкеевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, ведомстволор аралык комиссиянын тең төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Арапбаев Азамат Абдуллажанович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Жапаров Акылбек Усенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Азимов Алмазбек Курбаналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары; |
Тюменбаев Баккельди Рахимович | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Абжалиев Алиярбек Токобекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Айдаров Салайдин Абдираевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Асылбаева Гюльшат Кадыровна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Бекешев Дастан Далабайевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Мамашова Айсулуу Турусбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Тулендыбаев Пархат Розымович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Чолпонбаев Улан Сапарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Юсуров Абдумажит Лелезович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Аалиев Азиз Кубанычбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; |
Чуйков Николай Алексеевич | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; |
Торутаев Алтынбек Элимович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары; |
Асадов Айбек Кадырович | - | Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин статс-катчысы; |
Абдыкаимов Октябрь | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Айдралиева Расым Шаршекеевна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Дикамбаев Азамат Шамильевич | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Усубалиев Мурат Алишерович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын финансы-экономикалык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Абдыкалыков Эмиль | - | Борбордук Азиядагы салык салуу маселелери боюнча IFC долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Абдуманапова Юлия Эмильевна | - | Эл аралык ишкерлер кеңешинин башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Боронбаева Эльвира | - | Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын катчылыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Исмаилов Мурат Аманович | - | "Салык консультанттары палатасы" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Ишалина Диляра Ясыровна | - | көз карандысыз эксперт (макулдашуу боюнча); |
Ким Татьяна Михайловна | - | "Салык консультанттары палатасы" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Красников Андрей Алексеевич | - | аудитор, салык консультанты (макулдашуу боюнча); |
Сатыбекова Айжан Эркиновна | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Ташибеков Артур Ашимбекович | - | Кыргыз Республикасынын Рыноктор, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Ускенбаева Гульнара Тураровна | - | Жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); |
Шамканов Нурлан | - | "Жөнгө салуунун тутумдук талдоосу" долбоорунун жөнгө салуучулук реформа боюнча бөлүмүнүн эксперти (макулдашуу боюнча); |
Шекенов Адисбек Абдыкулович | - | ЖИА бизнес ассоциациясынын юристи (макулдашуу боюнча). |