Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 1-сентябры № 389-б
Принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Беларусь Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Беларус Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Беларусь Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги,
өз ара пайда көрүү жана өз ара жардам көрсөтүү принциптерине таянып,
саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатында эки тараптуу мамилелерге көмөк көрсөтүүнү каалап,
бул кызматташтык калктын ден соолугун жакшыртууга өбөлгө болоруна ишенип,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар саламаттык сактоо жана медициналык илимдер жаатында кызматташууну Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык өнүктүрүшөт жана ишке ашырышат.
2-берене.
Тараптар, төмөнкү багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенишет:
- саламаттык сактоо чөйрөсүндө модернизациялоо;
- саламаттык сактоо жаатындагы инвестициялык долбоорлорго көмөк көрсөтүү;
- медициналык билим берүү жана медициналык кадрларды даярдоо;
- эки тарапты тең кызыктырган чөйрөлөрдө окутуу жана консультация берүү максатында адистерди жиберишүү;
- саламаттык сактоо системасын башкаруунун маалыматтык системаларын өнүктүрүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу;
- эненин жана баланын саламаттыгын сактоо;
- саламаттык сактоо жаатында, анын ичинде эмдөө программалары, пандемияга каршы күрөшүү жөнүндө маалымат алмашуу;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатында кызматташуу;
- жарандардын ден соолугун сактоо системасынын керектөөлөрүнө ылайык клиникалык жана алдын алуучу медицина жаатында фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү;
- медициналык статистика;
- кызматташуунун башка өз ара макулдашылган багыттары.
3-берене.
Тараптар мындан ары "кызматташуучу уюмдар" деп аталуучу медициналык, фармацевтикалык илимий уюмдардын ортосундагы түздөн-түз байланыштарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Кызматташуучу уюмдардын ортосундагы байланыштар Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык түзүлгөн келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
4-берене.
Тараптар медициналык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, профессордук окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу жаатында билим берүүчү медициналык мекемелер менен кызматташуучу уюмдардын ортосунда түздөн-түз билим берүү жана илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
5-берене.
Тараптар ушул Макулдашуунун 2-беренесин аткарууну өз ара консультацияларды берүү, адистерди жиберүү жана медициналык-техникалык маалыматтарды алмашуу, симпозиум жана конференцияларды уюштуруу, монографияларды жана макалаларды басып чыгаруу, ошондой эле келишимде жетишилген кызматташтыктын башка түрлөрүн ишке ашыруу жолу менен жүзөгө ашырышат.
6-берене.
Тараптардын бири тарабынан купуя деп аныкталган маалымат бул маалыматты берген Тараптан кат жүзүндөгү алдын ала макулдугусуз үчүнчү тарапка берилбейт.
7-берене.
Тараптар конференцияларды, көргөзмөлөрдү, окутуучу семинарларды жана башка ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүнүн планы жөнүндө бири-бирине кабарлашат жана ушул иш-чараларга катышуучу адистерди кабыл алууга көмөктөшөт.
Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, анда командировкалык бардык чыгымдарды командировкага жиберүүчү Тарап төлөйт.
8-берене.
Ушул Макулдашууну чечмелөөдө жана колдонууда келип чыгышы мүмкүн болгон ар кандай талаш-тартыштар Тараптардын ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
9-берене.
Ушул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча анын ажырагыс бөлүгү болгон өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар өзүнчө Протоколдор менен таризделип, ушул Макулдашуунун 10-беренесинде каралган тартипте күчүнө кирет.
10-берене.
Ушул Макулдашуу кол коюлган датадан тартып күчүнө кирет жана 3 жыл бою колдонулат.
Эгерде Тараптардын бири кезектеги мөөнөт аяктаганга 6 ай калганга чейин анын колдонулушун токтотуу тууралуу өзүнүн ниетин жазуу жүзүндө экинчи Тарапка билдирбесе, ушул Макулдашуунун күчү кийинки 3 жылдык мөөнөттөргө өзүнөн-өзү узартылат.
_____________ шаарында 201__- жылдын __-____________ эки түп нускада ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, ал эми бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн |
| Беларусь Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн |