Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 14-июну № 261-б
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкектеги борборунун ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкектеги борборунун ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр |
| С.Ш.Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкектеги борборунун ортосундагы Кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "КР МУКК" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен мындан ары "ЕККУнун борбору" деп аталуучу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Бишкектеги борбору, биргеликте "Тараптар" деп аталып,
Кыргыз Республикасынын терроризмге каршы аракеттенүүчү органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатуу, КР МУККнын материалдык-техникалык абалын жакшыртуу, ошондой эле анын кызматкерлеринин квалификациясын жана кесиптик көндүмдөрүн жогорулатуу жолу менен Кыргыз Республикасынын потенциалын андан ары чыңдоо зарылдыгын таанып,
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун коопсуздук секторуна ар тараптуу реформаларды жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жоболорун, ошондой эле коопсуздукту камсыз кылуу жана терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин аткарууга багытталган күч аракеттерин колдоп,
2015-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарын жана башка мамлекеттик органдарын өнүктүрүү жана реформалоо жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык боюнча уюмдун ортосундагы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумда каралган кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө болгон каалоону өзгөчө белгилөө менен,
төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:
1-берене.
Ушул Макулдашуунун предмети КР МУККнын терроризмге каршы аракеттенүүчү, коопсуздукту камсыздоочу бөлүнүштөрүнүн ишин өркүндөтүүгө жана жакшыртууга, ошондой эле ишенимди бекемдөөгө багытталган, мындан ары "долбоордук иш" деп аталуучу ЕККУнун борборунун долбоордук ишин ишке ашыруу болуп саналат.
Долбоордук ишти ишке ашыруу максатында ЕККУнун борбору төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу жолу менен көмөк көрсөтөт:
- КР МУККнын бөлүнүштөрүн жабдууга материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жана каржылоо;
- КР МУККнын ишине тиешелүү чөйрөлөрдөгү потенциалды чыңдоо, КР МУККнын атайын бөлүнүштөрүнүн мүмкүн болуучу террордук коркунучтарга чара көрүү боюнча ыкчам даярдыгын жогорулатуу;
- КР МУККнын жана макулдашуу боюнча КР МУККнын кайрылуусуна ылайык, зарылдыкка жараша башка компетенттүү түзүмдөрдүн эксперттерин тартуу менен кызматкерлерди окутуу, илимий изилдөө жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу жолу менен КР МУККнын потенциалын жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын башка күч түзүмдөрүнүн катышуусу менен, макулдашуу боюнча, же кагышуусуз командалык-штабдык жана ыкчам-тактикалык терроризмге каршы окууларды даярдоо жана өткөрүү;
- коопсуздукту камсыздоо жана терроризмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык институттар жана башка чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтык түзүү жана өнүктүрүү;
- региондо ишенимди жана коопсуздукту чыңдоо чараларына көмөк көрсөтүү;
- КР МУККнын компетенциясына жана ушул Макулдашуунун предметине тиешелүү болгон маселелер боюнча ЕККУ жана/же башка эл аралык уюмдар тарабынан өткөрүлүүчү башка программаларга, окуп-машыгууларга жана иш-чараларга катышуу;
- долбоордук ишти, жүргүзүлүүчү иш-чараларды координациялоо жана мониторинг жүргүзүү, ушул Макулдашуунун Тараптарынын кызматташтыгын өркүндөтүү.
Долбоордук ишти ишке ашыруунун алкагында Тараптар бөлүнгөн каражаттардын чегинде ар бир календардык жылга Иш-чаралардын планын иштеп чыгышат жана кол коюшат.
2-берене.
КР МУКК долбоордук ишти ишке ашыруу максатында төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу жолу менен көмөк көрсөтөт:
- долбоордук иштин алкагында жана аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ЕККУнун борборунун кызматкерлери менен натыйжалуу кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;
- долбоордук ишти ишке ашыруу маселелери боюнча мүмкүн болгон бардык маалыматтарды ЕККУнун борборуна берүү, ишке ашырылуучу долбоордук иштин алкагында жүргүзүлүүчү иш-чараларды баалоого катышууну, ошондой эле долбоордук ишти ишке ашырууда Тараптардын кызматташтыгын андан ары өркүндөтүү боюнча чараларды бирге иштеп чыгууну камсыз кылуу;
- ЕККУнун борбору менен долбоордук ишти ишке ашыруунун алкагындагы бардык маселелерди, анын ичинде биргелешкен мониторинг жүргүзүүнү активдүү координациялоо жана макулдашуу;
- КР МУККнын өкүлдөрүн жана макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын башка күч түзүмдөрүнүн квалификацияланган адистерин ишке ашырылуучу долбоордук иштин алкагында алардын тематикасына ылайык биргелешкен окууларга катышуусун камсыз кылуу.
3-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөргө милдеттенишет:
- долбоордук иштин ишке ашырылышын камсыздоого;
- долбоордук ишти ишке ашыруунун натыйжасында алынган купуя жана ачыкка чыгарылбоочу маалыматты Тараптардын ар биринин алдын-ала макулдугусуз ачыкка чыгарбоого жана үчүнчү тарапка бербөөгө.
Долбоордук ишти ишке ашыруу максатында Тараптар долбоордук ишти жүргүзүүдө Тараптардын атынан чыгууга ыйгарым укук берилүүчү өздөрүнүн өкүлдөрүн кат алышуу жолу менен дайындашат.
4-берене.
Долбоордук ишти каржылоо ЕККУнун борборунун жалпы жылдык бюджетинен, ошондой эле КР МУКК үчүн учурдагы жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде КР МУККнын жарым-жартылай техникалык колдоосу менен ишке ашырылат.
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча долбоордук ишти каржылоо борборунда белгиленген тартипке ылайык мүмкүнчүлүк болгон учурда ЕККУнун донор-өлкөлөрүнүн эсебинен ишке ашырылышы мүмкүн.
5-берене.
Мындан ары "долбоордук мүлк" деп аталуучу ЕККУнун борборунун каражатына сатып алынган мүлк ЕККУнун менчиги болуп эсептелет жана ушул Макулдашуунун 1-беренесине ылайык долбоордук ишти ишке ашыруу үчүн колдонулат. Долбоордук мүлк ЕККУнун борборунун чечими боюнча КР МУККнын баланстык эсебине белгиленген тартипте өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Өткөрүлүп берилүүчү мүлктүн тизмегин ЕККУнун эрежелери менен жол-жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Тараптар аныкташат. Долбоордук мүлк Тараптардын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан кол коюлуучу тийиштүү акт аркылуу өткөрүлүп берилет.
Долбоордук иштин алкагында, ушул беренеде каралган тартипте КР МУККга өткөрүлүп берилүүчү долбоордук мүлк ЕККУнун борбору көрсөтүүчү гуманитардык жардам болуп эсептелет.
КР МУКК долбоордук мүлктүн тийиштүү түрдө эсепке алынышына, катталышына, максаттуу пайдаланылышына жана талаптагыдай абалда кармалышына толук жоопкерчилик тартат. Мындай эсепке алуу маалыматтары КР МУКК тарабынан ЕККУнун борборуна ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына жана токтотулгандыгына карабастан тиешелүү суроо-талап боюнча берилет.
Долбоордук мүлк максатсыз пайдаланылган же ушул Макулдашуунун шарттары аткарылбаган учурда, КР МУКК ЕККУнун борборунун талабы боюнча долбоордук мүлктү 30 (отуз) календардык күндүн ичинде ЕККУнун борборуна кайтарып берүүгө милдеттенет.
6-берене.
Тараптар ушул Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында үчүнчү тараптардын талаптары, анын ичинен ушул Макулдашууда каралган жардам көрсөтүүнүн жүрүшүндө пайда болгон талаптар боюнча жоопкерчилик тартышпайт.
7-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашуунун айрым жоболору алып салынышы, өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн. Киргизилген оңдоолор өзүнчө протоколдор менен таризделет.
8-берене.
Ушул Макулдашуунун жоболорун аткарууга, колдонууга жана чечмелөөгө карата талаш-тартыштар келип чыккан учурда Тараптар аларды сүйлөшүүлөрдү жана/же консультацияларды жүргүзүү жолу менен чечишет.
Эгерде кайсы бир Тарап ушул Макулдашууну андан ары натыйжалуу, тийиштүү түрдө аткаруу мүмкүн эмес же анын аны аткаруу максатка ылайыксыз деп санаса, ошондой эле ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) түзүлгөн учурда, ушул Макулдашуу Тараптардын биринин демилгеси боюнча экинчи Тарапка ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтүн токтотууну ниеттенген датага чейин эки ай мурун өз ниети жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоо жолу менен токтотулушу мүмкүн.
Ал жеткис күчтүн жагдайлары тийиштүү түрдө ырасталышы керек.
Ушул Макулдашууну негизсиз токтотууга жол берилбей тургандыгын Тараптар өз ара макулдашышат.
9-берене.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө иштелип чыккан, алынган бардык материалдарга жана ойлоп табууларга, анын ичинде автордук укуктар жана патенттер менен чектелбестен берилген бардык укуктар Тараптардын менчигинде гана болот.
Ушул Макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптар ээ болгон интеллектуалдык менчикке укуктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Тараптардын өз ара макулдугу боюнча үчүнчү тарапка берилиши жана/же үчүнчү тарап пайдаланышы мүмкүн.
10-берене.
ЕККУнун борбору ушул Макулдашуунун 5-беренесинде каралган тартипте КР МУККга өткөрүлүп берилүүчү каражаттарга жана мүлккө карата салыктарды, бажы алымдарын же башка финансылык милдеттенмелерди төлөө боюнча жоопкерчилик тартпайт.
Ушул Макулдашуунун 5-беренесинде каралган тартипте КР МУККга өткөрүлүп берилүүчү каражаттарды жана мүлктү кабыл алуу тартиби, ошондой эле аларга карата салыктарды, бажы алымдарын жана башка финансылык милдеттенмелерди төлөө Кыргыз Республикасынын салык жана бажы мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү маселелерин жөнгө салган мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
11-берене.
Ушул Макулдашуу ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү кол коюлган учурдан тартып 5 жыл.
Эгерде Тараптардын кимисинен болбосун ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин эки ай мурун ушул Макулдашуунун колдонулушун бир тараптуу токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоо келип түшпөсө, ушул Макулдашуунун колдонулушу автоматтык түрдө 5 жылдык мөөнөткө узарылат.
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында 2016-жылдын __ _________ эки нускада, ар бир Тарап үчүн бирден кыргыз, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети үчүн |
| ЕККУнун Бишкектеги борбору үчүн |