Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2016-жылдын 22-декабры № 560-б
Кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү укуктук кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| С. Ш. Жээнбеков |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыздоо чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Макулдашуучу Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү төмөндөгүлөрдү:
- эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди;
- коопсуздук жаатындагы эки тараптуу жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн;
- эки тараптын ортосундагы келишимдерди, анын ичинде 1995-жылдын 27-апрелинде кол коюлган (Иран календары боюнча 07.02.1374-жылга барабар) Кызматташтык тууралуу меморандумду;
- эки өлкөнүн улуттук коопсуздугун, бейпил жашоосун жана өнүгүп-өсүшүн камсыз кылууга багытталган өз ара кызыкчылыктарын андан ары илгерилетүүнү;
- уюшкан кылмыштуулукка жана терроризмге, экстремизмге, адам сатууга, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын, атап айтканда БУУнун Баңги каражаттары тууралуу бирдей конвенциясынын (1961-жылдын 30-марты) жана ага киргизилген оңдоолордун Протоколунун (1972-жылдын 25-марты); БУУнун Психотроптук заттар тууралуу конвенциясынын (1971-жылдын 21-февралы); БУУнун Баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү тууралуу конвенциясынын (1988-жылдын 20-декабры) алкагында өз ара кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын эске алуу менен;
жана эки өлкөнүн улуттук суверенитетин, аймактык бүтүндүгүн, ички мыйзамдарын жана эрежелерин сыйлоонун, бири-биринин ички иштерине кийлигишпөөнүн, ошондой эле эки тараптын жарандарынын укуктарын коргоонун негизинде,
ушул Макулдашуунун алкагында төмөндөгүлөр тууралуу келишим түзүштү:
1-берене. Кызматташуу чөйрөсү
Макулдашуучу Тараптар өздөрүнүн юрисдикциясынын, улуттук мыйзамдарынын жана эрежелеринин чегинде төмөндөгү чөйрөлөрдө кызматташат:
1) улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукту, терроризмди, экстремизмди, сепаратизмди жана бул Макулдашууда көрсөтүлгөн башка кылмыштарды алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү;
2) Макулдашуучу Тараптардын ар биринин мамлекеттеринин аймагында Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин улуттук коопсуздугуна, жарандарына же калкына коркунуч жараткан ар кандай кылмыштуу иштерге каршы күрөшүү;
3) адам сатууга, айрыкча айымдарга жана балдарга карата ырайымсыз мамиле кылуу менен байланышкан учурларда адам сатууга жол бербөө жана ага каршы күрөшүү;
4) дайынсыз жоголгон адамдарды издөө, өлүктөрдүн жана Макулдашуучу Тараптардын биринин мамлекетинин жарандары Макулдашуучу экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында жасаган кылмыштардын курмандыктарынын ким экендигин аныктоо, аларга тиешелүү жеке маалыматтарды алмашуу;
5) баңги каражаттарын, ошондой эле баңги каражаттарын жасоодо пайдаланылуучу прекурсорлорду жана химиялык заттарды берүүгө, өндүрүүгө, сактоого, жайылтууга, ташууга, алмашууга жана пайдаланууга каршы күрөшүү;
6) баңги каражаттарына суроо-талапты азайтуу боюнча программалардын, анын ичинде баңги каражаттарды колдонуунун алдын алуу жана анын зыянын дарылоонун алкагында кызматташуу жана өз ара байланышта аракеттенүү;
7) баңги каражаттарынын жана психотроптук заттардын өндүрүлүшүн жана булактарын жоюу максатында региондук жана эл аралык деңгээлдердеги биргелешкен позицияларды жана макулдашылган чараларды колдонуу;
8) товарлардын, маданий-тарыхый мүлктүн жана экспонаттардын контрабандасын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү, ошондой эле автоунааны жана башка ташуу каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алууга каршы күрөшүү;
9) мамлекеттик баалуу кагаздардын, жолдо жүрүү документтеринин, адамдын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин, акчалардын, кредиттик карталардын жана башка баалуу документтердин жасалмаланышын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү;
10) кылмыштуу жол жана башка мыйзамсыз ыкмалар менен алынган акчалардын жана кирешелердин изин жашырууга каршы күрөшүү;
11) куралдардын, ок-дарылардын, жардыруучу заттардын, уулуу заттардын жана радиоактивдүү материалдардын контрабандасына каршы күрөшүү;
12) киберкылмыштардын, телекоммуникациялык жана коммуникациялык каражаттарды пайдаланып жасалган башка кылмыштардын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү;
13) чек араларды жана жабдууларды башкаруу жагында кызматташуу;
14) эки өлкөнүн Интерпол улуттук бюролорун чыңдоо боюнча кызматташуу;
15) полициялык иштин сапатынын деңгээлин жогорулатууда кызматташуу;
16) Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин жарандарына Макулдашуучу экинчи Тараптын мамлекетинин аймагында коопсуздукту жана тынч жашоону камсыз кылуу;
17) Макулдашуучу Тараптардын биринин мамлекетинин аймагында өлкөлөрдүн биринин жарандарынын жана юридикалык жактарынын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын жана мүлктөрүн коргоо;
18) Макулдашуучу Тараптардын мамлекеттеринин аймагында коопсуздукту камсыздоо жагында өз ара кызыкчылык жараткан башка багыттарда кызматташуу.
2-берене. Кызматташуунун ыкмалары
Макулдашуучу Тараптардын ар бири 1-берененин жоболорун ишке ашыруу максатында төмөндөгү чараларды көрүшү керек:
1) улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка катышкан топторду жана адамдарды аныктоо, Макулдашуучу экинчи Тарап менен бул топтор жана кылмышкерлер тууралуу зарыл болгон маалыматтарды алмашуу;
2) улуттар аралык уюшкан кылмыштуулуктун ар түрдүү формалары, аларды болтурбоо методдору тууралуу; ошондой эле иши Макулдашуучу Тараптардын экөөнүн тең же бирөөнүн кызыкчылыктарына каршы келген террористтик топтордун шаймандары жана методдору тууралуу маалыматтарды алмашуу;
3) уюшкан кылмыштуулукту, террористтик актыларды, баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоо жана аныктоо боюнча, жана бул Макулдашууда көрсөтүлгөн башка чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында эксперттерди жана адистерди алмашуу;
4) ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн кылмыштарды болтурбоо жана аларга каршы күрөшүү боюнча эки өлкөнүн ички мыйзамдары тууралуу маалыматтарды алмашуу;
5) чек араларды башкарууну жакшыртуу жана чек арадан өтүүнү контролдоо чөйрөсүндө маалымат жана тажрыйба алмашуу;
6) баңги каражаттарынын, прекурсорлордун ар кандай түрлөрү жана баңги каражаттарын транзиттөө үчүн пайдаланылган маршруттар тууралуу маалыматтарды алмашуу;
7) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды табуу, кароо жана алып коюу үчүн жаңы методдорду пайдалануу чөйрөсүндөгү тажрыйбаны, ошондой эле техникалык каражаттарды да жана кызматтык иттерди да пайдалануу менен баңгиге каршы күрөшүү боюнча операцияларга үйрөтүүнүн методдору тууралуу тажрыйбаларды алмашуу;
8) Макулдашуучу Тараптардын биринин мамлекетинин аймагында кылмыш жасаган жана тиешелүү түрдө кармалган Макулдашуучу экинчи Тараптын жарандары тууралуу маалыматтарды алмашуу; мындай маалымат өзүнө айыпталуучу жөнүндө жеке маалыматтарды, айыптоонун же жасалган кылмыштын түрүн, айыпталып жаткан адамдын сүрөтүн, манжаларынын тагын жана каралып жаткан иштин акыркы статусун камтышы керек;
9) ушул Макулдашууда көрсөтүлгөн кылмыштарды табуу жагындагы басылмаларды, илимий-техникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын жана аларга каршы күрөшүү методдорун алмашуу;
10) эки өлкөнүн тийиштүү органдары аркылуу кылмышкерлерди, ошондой эле дайынсыз жоголгон адамдарды жана соттун чечимдерин аткаруудан баш тарткан адамдарды издөөдө кызматташууну белгилөө;
11) кылмышкерлерди идентификациялоонун ылдамдыгын жана сапатын жогорулатуу максатында маалыматтарды жыйноонун жаңы методдору жана технологиялары, маалыматтар базасын жүргүзүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу;
12) криминалистика, өрт коопсуздугу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана табуу, тийиштүү программалык камсыздоо чөйрөсүндөгү жабдууларды берүү боюнча өз ара кызматташууну белгилөө;
13) мамлекеттик күзөткө жана коргоого алынуучу мамлекеттик кызматтарды ээлеген адамдардын, ошондой эле мамлекеттик күзөттүн объектилери убактылуу же туруктуу жайгашкан имараттардын, курулмалардын жана алардын жанындагы аймактардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча маалымат алмашуу;
14) Макулдашуучу Тараптардын биринин мамлекетинин чек арасынан өтүп жана ошол жерде мыйзамсыз жашап жаткан чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды контролдоо боюнча маалымат жана тажрыйба алмашуу;
15) документтерди жана баалуу кагаздарды жасалма жасоого каршы күрөштүн жана алдын алуунун технологиялары тууралуу маалыматтарды жана тажрыйбаларды алмашуу;
16) ушул Макулдашууга тиешеси бар башка тармактардагы күчтүк түзүмдөр үчүн кадрларды даярдоону уюштуруудагы, башкаруудагы жана даярдоодогу маалыматтарды жана тажрыйбаны алмашуу;
17) эки өлкөдөгү кылмыштуулукту илимий изилдөөнүн жаңы технологиялары жана методдору жагында курсанттарды жиберүү жана мугалимдерди алмашуу;
18) эки тараптын тийиштүү ведомстволорунун эксперттери жана кызматкерлери үчүн керектүү окуу курстарын уюштуруу;
19) түрмөгө камоо мөөнөтүнө өкүм чыгарылган кылмышкерлерди Макулдашууга ылайык экстрадициялоо жана берүү жагында кызматташуу;
20) зарылдыгына жараша, өз ара макулдашуунун негизинде кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешкен программаларды даярдоодо жана аткарууда кызматташуу;
21) ушул Макулдашууга ылайык муктаждыктарды жабуу, техникалык каражаттар, транспорт менен камсыздоо жана берки өлкөгө жиберилген эксперттерди жайгаштыруу боюнча кызматташуу;
22) табигый кырсыктардын, өрттүн жана эпидемиялардын кесепеттерин жоюу үчүн Макулдашуучу Тараптардын жооптуу органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу үчүн негизди даярдоо;
23) эл аралык укуктук байланыштар чөйрөсүндөгү компетенттүү органдар менен макулдашууда, Макулдашуучу экинчи Тараптын аймагында кылмыш кылгандыгы үчүн кармалган өз жарандарын биргелешкен сурамжылоодо биринчи Тараптын байланыш офицерлеринин катышуусу.
3-берене. Кызматташуудан баш тарткан учурлар
Макулдашуучу Тараптардын ар бири экинчи Макулдашуучу Тараптын суроо-талаптарынын баарын же бир бөлүгүн ишке ашыруудан төмөнкүдөй себептер боюнча баш тартууга укуктуу:
1) экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин көз карандысыздыгына жана улуттук коопсуздугуна коркунуч алып келген учурда;
2) экинчи Макулдашуучу Тараптын коомдук тартиби, коопсуздугу жана улуттук кызыкчылыгы коркунучка туш болгон учурда;
3) суроо-талаптарды ишке ашыруу экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин жергиликтүү жана улуттук мыйзамдарына жооп бербеген учурда;
4) эгерде суроо-талапты ишке ашыруу суроо жиберилген Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин аймагындагы уланып жаткан иликтөөлөргө жана соттук териштирүүлөргө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон же экинчи Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин соттук чечимине компроматтуу башка кесепеттерди алып келсе.
Ушул Макулдашуунун 7-беренесине ылайык суроо жиберилген Макулдашуучу Тарап дипломатиялык каналдар же байланыш офицери аркылуу өзүнүн баш тартуусунун себептери тууралуу экинчи Макулдашуучу тарапка билдирет.
4-берене. Маалыматтарды жана документтерди классификациялоо жана пайдалануу
Ушул Макулдашуунун алкагында Макулдашуучу Тараптардын ортосунда берилген маалыматтар жана документтер жашыруун болуп эсептелет жана суроо жиберилген Макулдашуучу Тараптын шарттарын эске алуу менен жана эки тараптуу макулдашуу максатында гана пайдаланылууга тийиш. Мындай маалымат жана документтер экинчи Макулдашуучу Тараптын расмий макулдук катын алгандан кийин гана үчүнчү тарапка берилиши мүмкүн. Кандай гана болбосун, үчүнчү тарап алган маалымат жана документтер бул ишке тиешеси бар колдонуудагы эрежелерге жана ченемдерге ылайык корголууга тийиш.
5-берене. Чыгым
Окутуу иш-чараларын өткөрүү же коопсуздук жабдууларын сатып алуу жөнүндө же материалдык чыгымдарды талап кылган башка суроо-талаптар тууралуу Макулдашуучу эки Тараптан суралган учурда мындай чыгымдар жана төлөө методу Макулдашуучу Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча аныкталат.
6-берене. Суроо-талапта пайдаланылуучу тил
Ушул Макулдашуунун алкагында кызматташуу тууралуу суроо-талап суроо жиберилген Макулдашуучу Тараптын мамлекетинин мамлекеттик (расмий) тилинде англис тилине которуу менен таризделет.
7-берене. Биргелешкен жумушчу топ
Макулдашуучу Тараптар эки Макулдашуучу Тараптын ички иштер министринин орун басарларынын жетекчилиги менен жумушчу топту түзүү тууралуу макулдашышты. Бул жумушчу топ жылына бир жолу жолугушуу өткөрөт. Эгерде зарылчылык болсо, эки Макулдашуучу Тараптын макулдугу менен жолугушууларды каалаган убакта, ошондой эле Макулдашуучу Тараптардын биринин өтүнүчү менен мамлекеттердин биринин аймагында уюштурса болот. Бул жумушчу топтун функциясына төмөнкүлөр кирет:
1) ушул Макулдашууну талаптагыдай ишке ашырууну камсыздоо жана көзөмөлдөө;
2) ушул Макулдашууну ишке ашырууда келип чыккан бардык проблемалар боюнча чечимдерди иштеп чыгуу;
3) ушул Макулдашууга карата өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго экспертиза ушул Макулдашуунун 11-беренесине ылайык күчүнө кирет.
Бул биргелешкен жумушчу топ ушул Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу максатында жеке чакан комитеттерди түзө алат.
8-берене. Компетенттүү органдар жана байланыш методдору
1. Кыргыз Республикасынын атынан: Ички иштер министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат.
2. Иран Ислам Республикасынын атынан: Ички иштер министрлиги.
Макулдашуучу эки Тарап ушул Макулдашуунун өз убагында ишке ашуусун камсыз кылуу үчүн экинчи Макулдашуучу Тарап менен байланышып туруу максатында экинчи Макулдашуучу Тарапка өзүнүн байланыш офицерлерине дипломаттык каналдар боюнча жазуу жүзүндө сунуштама жиберишет.
9-берене. Талаштарды чечүү
Макулдашуучу Тараптар ушул макулдашууну чечмелөөдө жана/же колдонууда келип чыккан талаштарды кеңеш берүү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен, дипломаттык каналдар боюнча же ушул Макулдашуунун 7-беренесинде белгиленген биргелешкен жумушчу топтун жардамы менен чечишет.
10-берене. Башка макулдашуулар менен шайкеш келүү
Ушул Макулдашуунун жоболору Макулдашуучу Тараптардын ар биринин мамлекетинде кол коюлган жана ратификацияланган эки тараптуу, көп тараптуу же эл аралык башка макулдашуулардан келип чыккан Макулдашуучу Тараптардын милдеттенмелерине таасирин тийгизбейт.
11-берене. Макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Ушул Макулдашууга биргелешкен жумушчу топ тарабынан каралгандан кийин башка Макулдашуучу Тарапка расмий билдирүү жөнөтүү жолу менен өз ара макулдашуу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Мындай өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Макулдашуунун 12-беренесинин жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
12-берене. Макулдашуунун колдонулушу
Ушул Макулдашуу Макулдашуучу Тараптын ар бири зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аяктагандыгы тууралуу дипломаттык каналдар боюнча акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алгандан кийин күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө чейин колдонулат.
Ар бир Макулдашуучу Тарап экинчи Макулдашуучу Тарапка дипломаттык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө билдирүү жолу менен ушул Макулдашууну бузууга укуктуу. Макулдашуу экинчи Макулдашуучу Тараптан мындай билдирүүнү алгандан тартып 6 айдан кийин колдонулушун токтотот. Макулдашуучу Тараптардын бири бул мөөнөттүн ичинде жөнөткөн башка суроо-талаптар ушул Макулдашуунун алкагында аткарылат.
Ушул Макулдашуу 12 беренеден турат. ____________ шаарында 20__-жылдын "__" _________ (____________ иран календарына ылайык) кыргыз, перс, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Эгерде чечмелөөдө пикир келишпестиктер болсо, англис тилиндеги текст артыкчылыкка ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Иран Ислам Республикасынын Өкмөтү үчүн |