Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 23-августу № 295-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Түркия Республикасынын Өкмөтү,
эки элдин ортосундагы салттуу достук мамилени бекемдөөгө умтулуп, 1997-жылдын 24-октябрындагы Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жана кызматташтык жөнүндө келишимдин максаттарын жана принциптерин жетекчиликке алып,
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтык эки мамлекеттин бакубат турмушуна жана улуттук коопсуздугуна көмөк көрсөтөрүн таануу менен, өзгөчө кырдаалдар жаратуучу коркунучту түшүнүп,
Тараптардын биринин күчү жана каражаттары менен кесепеттерин жоюуга мүмкүн болбогон өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуу мүмкүндүгүн жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатындагы эки мамлекеттин координацияланган аракеттеринин зарылдыгын көңүлгө алып,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктоолор
Ушул Макулдашууда пайдаланылган терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ:
суроочу Тарап - экинчи Тарапка жардам көрсөтүү топторун, жабдууларды жана камсыздоочу материалдарды жиберүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылган Тарап;
берүүчү Тарап - экинчи Тараптын жардам көрсөтүү топторун, жабдууларды жана камсыздоочу материалдарды жиберүү жөнүндө өтүнүчүн канааттандыруучу Тарап;
компетенттүү орган - ушул Макулдашууну ишке ашыруу менен байланышкан иштерди жетектөө жана координациялоо үчүн Тараптардын ар бири жактан дайындалуучу орган;
жардам көрсөтүү тобу - жардам берүү үчүн арналган жана зарыл болгон жабдуулар менен камсыздалган берүүчү Тараптын уюмдашкан адистер тобу;
өзгөчө кырдаал - белгилүү аймактарда болуп өткөн коркунучтуу табигый же техногендик кубулуштун, авариянын, кыйроонун, табигый же башка кырсыктын, заманбап кыйраткыч каражаттардын тийгизген таасирлеринин натыйжасында адамдардын курман болушуна алып келген же алып келүүчү, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келтирген же келтирүүчү, чоң материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо шарттарынын бузулушуна алып келген же алып келүүчү абал;
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу - өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучун мүмкүн болушунча азайтууга, өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда адамдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоого, келтирилген зыяндын өлчөмүн азайтууга багытталган иш-чаралардын комплекси;
өзгөчө кырдаалдарды жоюу - өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда өзгөчө кырдаалдарга алып келген факторлордун таасирин локализациялоого жана токтотууга, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, чыгымдардын өлчөмдөрүн азайтууга багытталган авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштер;
өзгөчө кырдаал зонасы - өзгөчө кырдаал түзүлгөн аймак;
авариялык-куткаруу иштери - өзгөчө кырдаал зонасында адамдарды, материалдык жана маданий байлыктарды куткаруу, айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдарды локализациялоо жана кесепеттерин жоюу же ага мүнөздүү болгон коркунучтуу факторлордун таасирин эң төмөнкү деңгээлге жеткирүү боюнча аракеттер;
жабдуу - жардам көрсөтүү тобунун материалдары, транспорт каражаттары, техникалык жабдуулары жана шаймандары, ошондой эле топтун мүчөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн зарыл болгон өздүк шаймандары;
камсыздоочу материалдар - өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыр тарткан калкка бөлүштүрүлүүчү материалдык каражаттар.
2-берене. Компетенттүү органдар
Төмөнкүлөр Тараптардын компетенттүү органдары болуп саналат:
Кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;
Түркия тараптан - Түркия Республикасынын Премьер-министрине караштуу Табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкармалык.
Жаңы компетенттүү органдар дайындалган учурда Тараптар жазуу жүзүндө дипломатиялык каналдар аркылуу бири-бирине кабарлайт.
3-берене. Кызматташтыктын түрлөрү
Ушул Макулдашуунун алкагындагы кызматташтык өз ара пайдалуу негизде ишке ашырылат жана төмөнкүлөрдү караштырат:
1) коркунучтуу техногендик жана экологиялык процесстердин, ошондой эле табигый кубулуштардын мониторингин жана болжолун жүргүзүүнү уюштурууда өз ара аракеттенүү жана үзгүлтүксүз маалымат алмашуу;
2) потенциалдуу коркунучтуу объекттердин жана айлана-чөйрөнүн абалы, өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу жана пайда болуусу, алардын өнүгүүсү жана мүмкүн болуучу кесепеттери, алардын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өз ара кабарландыруу;
3) өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу жана пайда болуусу жөнүндө калкка маалымат берүү жаатындагы тажрыйба алмашуу;
4) кабарландыруу системасын реконструкциялоо жана модернизациялоо;
5) өзгөчө кырдаалдарды башкарууда колдонулуучу маалыматтык технологиялар, ошондой эле спутниктик жана космостук технологиялар маселелеринде кызматташуу;
6) Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорунун ортосундагы өз ара кызматташуу;
7) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча кызыкдар мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
8) өнөр жай аварияларынын, кыйроолордун жана табигый кырсыктардын натыйжасында мүмкүн болуучу булганууларга байланыштуу айлана-чөйрө жана калк үчүн коркунучтарды баалоо;
9) табигый кырсыктардын алдын алуу жана жоюу;
10) илимий-изилдөө долбоорлорун биргелешип пландоо, иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, илимий-техникалык адабияттарды жана илимий изилдөө иштеринин жыйынтыктары менен алмашуу;
11) маалыматтар, мезгилдүү басылмалар, методикалык жана башка адабияттар, видео жана фотоматериалдар, ошондой эле технологиялар менен алмашуу;
12) ири масштабдуу өзгөчө кырдаалдар жана анын кесепеттери жөнүндө маалыматтык-статистикалык маалыматтар менен алмашуу;
13) биргелешкен конференцияларды, семинарларды, жумушчу кеңешмелерди, окутууларды жана машыгууларды уюштуруу;
14) биргелешкен басылмаларды жана баяндамаларды даярдоо;
15) экинчи Тараптын мамлекетинин окуу жайларында адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, стажерлор, окутуучулар, окумуштуулар жана адистер менен алмашуу;
16) компетенттүү органдардын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыздоо;
17) жардам көрсөтүү тобун жабдууда өз ара жардамдашуу;
18) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардамдашуу.
4-берене. Уюмдар менен мекемелердин ортосундагы кызматташтык
Тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында иш жүргүзгөн Тараптардын мамлекетиндеги мамлекеттик органдардын, башка уюмдардын, жеке жактардын ортосундагы кызматташтыкка көмөк көрсөтүшөт.
5-берене. Биргелешкен комиссия
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Тараптардын компетенттүү органдары өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кызматташуу максатында биргелешкен комиссия уюштурушат. Комиссиянын курамын, функцияларын жана ишинин тартибин Тараптардын компетенттүү органдары аныктайт.
6-берене. Жардам көрсөтүү
Тараптар өзгөчө кырдаалдарда жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талап жиберүүчү органдар болуп саналат.
Жардам суроо-талаптын негизинде көрсөтүлөт, анда суроочу Тарап өзгөчө кырдаалдын түрү жана масштабы, анын келип чыккан орду жана убактысы, куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн көрүлгөн жана белгиленген иш-чаралар, алынган же болжолдонуп жаткан эл аралык жардам жөнүндө маалымат берет жана зарыл болгон жардамдын түрүн жана көлөмүн көрсөтөт.
Берүүчү Тарап кыска мөөнөттө суроочу Тараптын кайрылуусун карап чыгат жана жардам көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, көлөмү жана шарттары жөнүндө өз убагында маалымдайт. Эгерде берүүчү Тарап кийин чыгымдардын ордун толтуруу менен жардам көрсөтүүнү сунуштаса, суроочу Тарап бул жардамды кабыл алуудан баш тартууга укуктуу. Жардам көрсөтүүгө мүмкүн болбогон учурда бул тууралуу маалымат суроочу Тарапка токтоосуз жиберилет.
7-берене. Жардамдын түрлөрү жана жардам көрсөтүү тобунун ишин башкаруу
1. Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү топторун, жабдууларды, камсыздоочу материалдарды багыттоо же суроочу башка түрдөгү жардамдарды берүү аркылуу жардам көрсөтүлөт. Жардам көрсөтүү топтору өзгөчө кырдаал зонасында авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө катышышат.
2. Берүүчү Тараптын жардам көрсөтүү топторун бул топтордун жетекчилери аркылуу суроочу Тараптын компетенттүү органы жетектейт.
3. Суроочу Тарап берүүчү Тараптын жардам көрсөтүү топторунун жетекчилерине өзгөчө кырдаал зонасында түзүлгөн абал жана боло турган конкреттүү иштер жөнүндө маалымдайт, зарыл болгон учурда бул топторду котормочулар, транспорт жана байланыш каражаттары, күзөт кызматкерлери, медициналык тейлөө менен камсыздайт, ошондой эле алардын аракеттерин координациялайт.
4. Жардам көрсөтүү тобунун жабдуусу өзгөчө кырдаал зонасында 72 сааттын ичинде автономдуу авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн жетиштүү болууга тийиш. Запас аяктаган соң берүүчү Тараптын авариялык-куткаруу иштерин улантуусу зарыл болгон учурда суроочу Тарап аталган топтордун андан аркы иштери үчүн аларды тиешелүү каражаттар менен өз эсебинен камсыздайт.
5. Түзүлгөн кырдаалдан улам Тараптардын макулдашуусу боюнча авариялык-куткаруу иштерин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.
8-берене. Жардам көрсөтүү топторунун мамлекеттик чек арадан өтүү шарттары жана алардын суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында жүрүү режими
1. Жардам көрсөтүү топторунун мүчөлөрү суроочу Тараптын мамлекеттик чек арасын Тараптардын макулдашылган өткөрүү пункттары аркылуу суроочу Тараптын мамлекетинде таанылган жарактуу жол жүрүү документтери, жарандын инсандыгын ырастаган документтери боюнча өтөт.
Суроочу Тарап жардам көрсөтүү тобунун мүчөлөрүнө өз убагында виза даярдайт. Топтун жетекчисинде жардам көрсөтүү тобунун мүчөлөрүнүн тизмеси жана берүүчү Тараптын компетенттүү органы тарабынан берилген анын ыйгарым укуктарын ырастоочу документи болушу керек.
2. Чек арадан кызматтык иттер менен өтүү жана алардын суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында жүрүүсү суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында колдонулган карантиндик эрежелерге ылайык камсыз кылынат.
3. Жардам көрсөтүү топторунун мүчөлөрү суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында жүргөндө бул мамлекеттин мыйзамдарын сактоого милдеттүү, бирок алар эмгек мыйзамдары жана аны менен байланышкан башка маселелер боюнча берүүчү Тараптын мамлекетинин юрисдикциясында болушат. Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарындагы айырмачылыктар менен шартталган кайчы пикирлер биргелешкен комиссиянын ишинин алкагындагы макулдашууларга жетишүү жолу менен же Тараптардын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
4. Жардам көрсөтүү топторун которуштуруу, алардын жабдууларын жана камсыздоочу материалдарын ташуу автомобиль, темир жол, суу жана аба транспорту менен жүргүзүлөт.
5. Аталган транспорттордун түрлөрүн пайдалануу тартибин Тараптардын компетенттүү органдары тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча аныктайт.
9-берене. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн жабдууларды жана камсыздоочу материалдарды ташып киргизүү жана ташып чыгаруу
1. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн суроочу Тараптын мамлекетинин аймагына ташып кирүүчү жана берүүчү Тараптын мамлекетинин аймагынан ташып чыгуучу жабдуулар жана камсыздоочу материалдар бажы салыгынан, жыйымдардан жана салыктардан бошотулат. Аталган жабдууларды жана камсыздоочу материалдарды коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салынат.
2. Жабдууларды жана камсыздоочу материалдарды бажылык тариздөө тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жана Тараптардын компетенттүү органдары тарабынан берилген билдирмелердин негизинде жүргүзүлөт, анда жардам көрсөтүү тобунун курамы, ташып кирүүчү же ташып чыгуучу жабдуулардын жана камсыздоочу материалдардын тизмеси көрсөтүлөт.
3. Жардам көрсөтүү топторуна жабдуулардан жана камсыздоочу материалдардан сырткары башка буюмдарды ташууга тыюу салынат.
4. Жардам көрсөтүү иштери аяктаган соң ташып кирилген жабдуулар суроочу Тараптын мамлекетинин аймагынан чыгарылат. Эгерде өзгөчө шарттарга байланыштуу жабдууларды ташып кетүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, ал макулдашылган шарттарда суроочу Тараптын компетенттүү органына акысыз берилиши мүмкүн. Бул учурда суроочу Тараптын компетенттүү жана бажы органдарын берилүүчү жабдуулардын түрү, саны жана турган жери жөнүндө кабарлоо керек.
5. Зарыл учурда жабыркагандарга медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн суроочу Тараптын мамлекетинин аймагына баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган медициналык препараттар керектүү санда алып келиниши мүмкүн. Бул учурда жардам көрсөтүү тобунун жетекчиси берүүчү жана суроочу Тараптардын бажы органдарына баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган медициналык препараттардын номенклатурасын жана санын көрсөтүү менен, аларды ташып киргизүү жөнүндө декларацияны көрсөтөт.
Суроочу Тарап өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарына ылайык баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган медициналык препараттарды киргизүүгө тиешелүү уруксат берүүчү документтерди андан ары бажы органдарына берүү менен, зарыл болгон учурда аларды алууну камсыздайт.
Аталган медициналык препараттар суроочу Тарапка берилбейт жана ошол Тараптын өкүлдөрүнүн контролунда квалификациялуу медициналык персоналдар тарабынан гана пайдаланылат.
6. Пайдаланылбаган баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган медициналык препараттар суроочу Тараптын бажы контролдоосунда ушул препараттардын номенклатурасын жана санын ырастаган документтердин негизинде кайра чыгарылышы керек. Суроочу Тараптын бажы органдарына баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду камтыган медициналык препараттардын пайдаланылгандыгы жөнүндө жетекчинин жана жардам көрсөтүү тобунун дарыгеринин колу коюлган, суроочу Тараптын компетенттүү органдарынын өкүлдөрү күбөлөндүргөн акт берилет.
10-берене. Аба кемелерин пайдалануу
1. Берүүчү Тараптын компетенттүү органы суроочу Тараптын компетенттүү органына жардам көрсөтүү үчүн аба кемесин пайдалануу жөнүндө чечимди күн мурунтан билдирет, анда аба кемесинин мамлекеттик таандыктыгы, ташуучулары, түрлөрү, моделдери, номерлери, таануу белгилери, чакыруусу жана учуу тиби, каттамы, жардам көрсөтүү тобунун мүчөлөрүнүн саны, жетекчисинин аты-жөнү жана кызматы, экипаж мүчөлөрүнүн саны жана кызматы, жүктүн мүнөзү, учуучу жана конуучу аэропорттор, запастагы аэропорттор, учуунун акыркы пункту, аба коридорлору, учуунун бийиктиги, учуунун жана конуунун убактысы, жер үстүндөгү кызматтар менен каналдардын жыштыгы, каттамды ишке ашырууга жол берилген аба-ырайынын эң начар шарттары көрсөтүлөт.
2. Жардам көрсөтүү үчүн колдонулган аба кемелери суроочу Тараптын уруксаты менен анын мамлекетинин аймагында бекитилген каттам боюнча учууну ишке ашырат. Суроочу Тарап аталган аба кемелерин өзүнүн мамлекетинин аймагы аркылуу учуп өтүүсүн, конуусун жана учуусун камсыздайт.
3. Аба кемелерин жардам көрсөтүү үчүн пайдалануу Жарандык авиациянын эл аралык уюму жана Тараптар тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.
11-берене. Жардам көрсөтүү менен байланышкан чыгымдар
1. Берүүчү Тараптын чечими боюнча жардам акысыз көрсөтүлүшү мүмкүн. Андай болбогон учурда суроочу Тарап берүүчү Тарапка жардам көрсөтүү менен байланышкан чыгымдардын ордун толтурат.
2. Суроочу Тарап өзгөчө кырдаал зонасындагы жардам көрсөтүү тобунун авариялык-куткаруу иштери башталганга чейин өзүнүн жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талабын кайра чакыртып ала алат. Эгерде Тараптар башка тууралуу макулдашпаса, бул учурда берүүчү Тарап жардам көрсөтүүгө байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун толтуртуп алууга укуктуу.
3. Эгерде Тараптар башка тууралуу макулдашпаса, чыгымдардын орду берүүчү Тараптан талап келип түшкөндөн кийин дароо толтурулат.
4. Берүүчү Тарап жардам көрсөтүү тобунун мүчөлөрүн камсыздандырууга алат.
5. Берүүчү Тарап аба кемелеринин учуп өтүүсү, конуусу, аэродромдо токтоп туруусу жана андан учуусу, ошондой эле аэронавигациялык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн бошотулат.
6. Берүүчү Тараптын аба кемелеринин күйүүчү май жана техникалык тейлөө чыгымдарынын ордун толтуруу тууралуу маселе ар бир конкреттүү учурда өз алдынча чечилет.
12-берене. Зыяндын ордун толтуруу
1. Эгерде ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча милдеттерди аткаруу учурунда жардам көрсөтүү тобунун мүчөлөрү каза болсо же жаракат алса, суроочу Тарап ага байланышкан чыгымдарды өзүнө алат.
2. Эгерде жардам көрсөтүү тобунун мүчөлөрү суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча милдеттерди аткаруу учурунда юридикалык же жеке жакка зыян келтирсе, анда суроочу Тарап зыяндын ордун өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарына ылайык толтурат.
13-берене. Маалыматты колдонуу
Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык жарыялоого мүмкүн болбогон маалыматтан тышкары, ушул Макулдашуунун алкагында жүргүзүлгөн иштин натыйжасында алынган маалымат, эгерде компетенттүү органдар менен жазуу жүзүндө башкасы макулдашылбаса, Тараптардын ар биринин адаттагы тажрыйбасынын жана жазма эскертүүсүнүн негизинде жарыяланат жана пайдаланылат.
14-берене. Талаштарды чечүү
Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө жана/же колдонууда келип чыгуучу талаштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын компетенттүү органдарынын ортосунда достук чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жана кеңешмелерди өткөрүү жолу менен чечилет.
15-берене. Корутунду жоболор
Ушул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт. Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун колдонуусун токтотуунун болжолдуу күнүнө чейин 3 айдан кем эмес мөөнөттө башка Тарапка жазуу жүзүндөгү билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу жиберип, анын колдонуусун токтото алат.
Тараптар өз ара макулдашуу боюнча ушул Макулдашууга зарыл болгон толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизе алышат, ал ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген тиешелүү протоколдор менен таризделет. Толуктоолор жана өзгөртүүлөр ушул берененин 1-пунктунун жоболоруна ылайык күчүнө кирет.
Эгерде Тараптар башка тууралуу сүйлөшпөсө, ушул Макулдашуунун колдонуусун токтотуу буга чейин башталган, бирок анын колдонуусу токтотулганга чейин аягына чыкпаган иштерге тиешелүү эмес.
Ушуларды ырастоо менен, өздөрүнүн өкмөттөрү тарабынан кол коюуга ыйгарым укук берилген төмөндө кол койгон өкүлдөр ушул Макулдашууга кол коюшту.
201___-жылдын "___" _____________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |