Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2018-жылдын 30-августу № 309-б
1. Анкара шаарында 1994-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрине жогоруда аталган Протоколдун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
| М.Д.Абылгазиев |
Долбоор
Анкара шаарында 1994-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтү (мындан ары Макулдашуучу тараптар деп аталышат),
аба каттамдары жаатындагы мындан ары кызматташууга умтулуу менен,
Анкара шаарында 1994-жылдын 14-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамын түзүү жөнүндө макулдашуунун (мындан ары "Макулдашуу" деп аталуучу) жоболорун ишке ашырууну камсыз кылуу максатында төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Макулдашуунун 10-беренесинин 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниялары келишимдик линияларды пайдаланууда шартталган жалпы сыйымдуулук жана пайдалануучу жыштыктар алгач келишимдик линияларды пайдаланууга чейин Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтери тарабынан өз ара аныкталышы керек. Мындай баштапкы шартталган сыйымдуулукту жана пайдалануучу жыштыктарды Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтери мезгил-мезгили менен кайра карап, өзгөртүп турушу мүмкүн.
2-берене.
Макулдашуунун 13-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
''13-берене. Тарифтер
1. Ар бир Макулдашуучу тарап дайындалган авиакомпанияларга пайдалануу чыгымдарын, алгылыктуу кирешени жана башка авиакомпаниялардын тарифтерин кошкондо, бардык тиешелүү факторлорду эске алуу менен алгылыктуу шарттарда алардын аймагы/на/нан/аркылуу эл аралык аба линияларын пайдалануу тарифтерин орнотууга мүмкүндүк берет. Ар бир Макулдашуучу тарап төмөнкүлөргө кийлигишүүгө укуктуу:
а) негизсиз басмырлоочу бааларды же практиканы колдонууну алдын алууга;
б) керектөөчүлөрдү үстөмдүк кылуучу абалдан кыянаттык менен пайдаланууга байланыштуу негизсиз жогору же төмөн баалардан коргоого;
в) бир Макулдашуучу тараптын авиакомпанияларын тике же кыйыр мамлекеттик субсидиялоого же экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпанияларынын колдоосуна байланыштуу билеттердин негизсиз төмөндөтүлгөн бааларынан коргоого.
2. Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларынын 1-пунктуна ылайык белгиленген тарифтерин экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтеринин колдонушу талап кылынбайт.
3. Макулдашкан тараптар өздөрүнүн дайындалган авиа ташуучусуна же авиа ташуучуларга тарифтерди белгилөөгө же экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиа ташуучусу болгон атаандашын бир кыйла алсыздатуудан же маршруттан алып салуудан пайда табууну каалап же ниеттенип, рыноктук күчтү кыянаттык менен пайдалануу максатында башка авиа ташуучу же авиа ташуучулар менен биригип кетүүсүнө жол бербөөгө тийиш.
4. Макулдашуучу тараптар авиакомпаниялардын тарифтерди белгилөөгө байланышкан төмөнкү иштери атаандаштыкты чектөө белгилери катары каралып, тыкыр изилдөөнү талап кылышы мүмкүн экендигине макул болушту:
а) кызмат көрсөтүүгө кирген жүргүнчү тарифтерин жана маршрут жыйымдарын кызмат көрсөтүү чыгымдарын жабууга жетишсиз деңгээлде чогултуу;
б) каралуучу иш экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларына олуттуу экономикалык таасирин тийгизет же бир кыйла зыян келтирет, ошондой эле
с) маршрут боюнча үстөмдүк кылуучу абалдан кыянаттык менен пайдаланууну көрсөтүүчү аракеттер.
5. Авиациялык бийлик Макулдашуучу тараптардын кимисинин болбосун авиакомпанияларына сунуш кылынган тариф же колдонуудагы тариф менен макул болбогон учурда авиациялык бийликтер, эгер тараптардын кайсынысы болбосун бул жөнүндө суранса, маселени кеңеш берүү аркылуу жөнгө салууга аракеттенишет. Кандай учурда болбосун бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпаниясынын тарифтеринин күчүнө киришин же уланышын алдын алуу үчүн бир тараптуу чараларды көрбөйт.
6. Жогоруда айтылгандарга карабастан, бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниялары тарифтерди экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлигинин суроо талабы боюнча ошол бийлик көрсөткөн форматта жана тартипте белгилөөгө байланышкан маалыматты беришет.
7. Макулдашуучу тараптын бири да башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларына биринчи тандоо укугун, жүктөө деңгээлин, каршы болуудан баш тарткандыгы үчүн төлөмдү же ушул Макулдашуунун максаттарына каршы келе турган сыйымдуулук, жыштык же трафикке карата кандай болбосун башка талаптарды жүктөбөйт.".
3-берене.
Ушул Протокол Макулдашуучу тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркы кат жүзүндө билдирген күндөн баштап күчүнө кирет.
_____________ шаарында 20___-жылдын "___" ___________ эки түп нускада, ар бири кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Ушул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер пайда болгон учурда Протоколдун англис тилиндеги тексти артыкчылыкка ээ болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркия Республикасынын Өкмөтү үчүн |